Суббота, Март 23

Казакстан Кыргызстандын жашылча-жемиштерине эмнеге тыюу салгандыгы белгилүү болду

Whatsapp Odnoklassniki LinkedIn VKontakte +

Казакстан Кыргызстандын жашылча-жемиштерине эмнеге тыюу салгандыгы белгилүү болду

Казакстан Кыргызстандагы эки суу сактагычка видео көзөмөл орнотууну сунуш кылган. Бул тууралуу   айыл чарба министри Нурбек Мурашев билдирди.

Анын айтымында, казак делегациясы менен болгон февраль айындагы жолугушуу учурунда эки тарап жазгы сугат иштери тууралуу кеп курган. Анда казак тарап агызылып жаткан суунун көлөмүн түз эфирде көрүп туруу максатында Орто-Токой жана Киров суу сактагычтарына видеокамера орнотууну сунуш кылган. Кыргыз тарап мындай сунушка макул болбой турганын айткан. Делегациясы кеткенден эки күндөн кийин Казакстан Кыргызстандагы айрым айыл чарба өндүрүмдөрүн киргизүүгө тыюу салган.

20-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында айыл чарба министри Кыргызстан Казакстандын гидропостторго эсептегич коюу тууралуу талабын аткарбай турганын айтып, Кыргызстан эгемен мамлекет болгондуктан бул анын купуя иши экенин билдирген.

19-февралда Казакстан Кыргызстандан жана Өзбекстандан азык-түлүк алып кирүүгө убактылуу тыюу салган. Фитосанитардык чектөө Кыргызстандын картөшкөсүнө, алмасына, курмасына, Өзбекстандын анарына коюлду.

Казак тарап мындай чечимди эки өлкөдөн келип жаткан азыктардан карантинге алынган курттар чыгып жатканы менен негиздеген.

Бөлүшүү

Автор тууралуу

KYRGYZ NEWS

КыргызНьюс маалымат порталы Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү жаңылыктарды окурмандарына туура, толук, айкын жана объективдүү жеткирип берүүнү максат кылат. Адистер тарабынан даярдалган аналитикалык макалаларыбыз болуп жаткан окуяларга терең көз караш менен карашыңызга жардам кылат.

Комментарий жазыңыз