Суббота, Май 25

Коррупцияга каршы күрөшпү же өч алуубу?

Whatsapp Odnoklassniki LinkedIn VKontakte +

Коррупцияга каршы күрөшпү же өч алуубу?

“Досум, дос элек, коон үзгөндө, дос болбой калдык, бозо сүзгөндө”,- дегендей, учурдагы Президент С. Жээнбеков менен экс-президент А. Атамбаев жыйырма жылга жакын чыныгы достордон болуп жүрүшүп, 2017-жылы бири экинчисине бийликти “мураска” калтыргандан кийин мамилелери таптакыр өзгөрүп, бет карашпай да калышты. Ал тургай экс-президент шайлоо өнөктүгү учурунда мыйзамды уруп-ойнобой, Кыргызстанды түрө кыдырып, С. Жээнбеков үчүн үгүт өнөктүгүн жүргүзүп жүрбөдүбү. Инаугурация учурунда да бийлигин расмий түрдө тапшырып жатып сүйлөгөн сөзүндө “Соке досум…”,- деп достугун баса белгилеген. Өз кезегинде С. Жээнбеков “Алмазбек Шаршеновичтин жолун улантам…”,- деп убада берип, шайлоочулардын жарымына жакса, жарымынын кыжырын келтирип койгон жайы бар.

Бирок С. Жээнбеков эки тизгин, бир чылбырды колго алган соң таптакыр башка жолго түштү жана Алмазбек Атамбаевдин өзүнө, кадрларына каршы иш жүргүзө баштады. Алгач алардын ортосун кара мышык аралагандыгы адаттагыдай эле көчөдө, базарда, социалдык тармактарда имиш деңгээлинде айтыла баштаган. Анткен менен бул теманын башын А. Атамбаев өзү өткөн жылы КСДПнын “тарыхый” курултайынан кийин журналисттер үчүн өткөргөн маалымат жыйынында ачыкка чыгарып, “Сокеге мен каттуу айттым, мен айтпасам ким айтмак эле…? Бир тууган иниси А. Жээнбеков депутаттык мандатын тапшырышы керек. Мунун арты жакшы болбойт…”,- деген өзүнө мүнөздүү балп этме сөзүн айткан менен жыландын башын кылтыйткандай ишаара жасаган. Эски досунун бул сөзү жаңы президент үчүн  “бомба” жарылгандай эле эсин оодаргандай болду окшойт.

Ошентип эми С. Жээнбеков экс-президентке кандай жооп кайтарар экен деп баарыбыз Ак үй тарапты акмалап калганбыз. Бирок табиятынан сырдуу, ички пикирин эмоцияга алдырбаган учурда ачык айта бербеген жаңы Президент эми “эски досуна” ачык каяша айтпаса да, кадр саясаты, коррупцияга каршы күрөшү менен жооп кайтара баштагандай болгон. Алгач А. Атамбаевдин тушунда Президенттик аппараттын башчысы болуп, баардык хансарай оюндарынын “автору, режиссеру” аталган айтылуу Фарид Ниязов оболу эс алууга, андан соң отставкага кетирилди. Андан соң Президенттик аппараттын башчылык кызматын аркалаган Алмаз Үсөнов, айтор эски бийликтин жогорку тепкичин ээлегендер жомоктогудай эле биринин артынан экинчиси креслосунан ажыратылса, С. Исаков, К. Кулматов, А. Ибраимов, О. Артыкбаев өңдүү лөктөрү коррупциялык иштери үчүн кылмыш иши козголуп, азыр баардыгы темир тордун артында отурушат.

Эл журтту, коомчулукту кызыктырган же таң калтырган дагы бир жагдай, С. Жээнбеков чындап эле коррупцияга каршы күрөшүп жатабы же эски досунан өч алуу үчүн анын кадрларын алдын кызматтан кетирип, артын камадыбы? Мындай суроо берүүгө ал тургай Конституциядагы “экс-президент” статусту алып салуу демилгеси көтөрүлүп, ЖК депутаттары аны колдогондугу негиз түзүүдө. Эгер ушул мыйзам кабыл алынып калса, анда ал эң оболу А. Атамбаевге тиешелүү болору, ал заматта сот жообуна тартылып, Ө. Текебаевдин жанында отуруп калары  бештен белгилүү. Бирок бул маселе алгач депутат Исхак Масалиев тарабынан жигердүү көтөрүлүп, кийин басаңдап калды. Сыягы, аталган мыйзамды кабыл алууга кайсы бир А. Атамбаевди колдогон же мындан аркы Кыргызстандын саясый турмушунда колдонгусу келген сырткы күчтөр аралашып, бийликке сес көрсөткөндөй…

Ооба, эл С. Жээнбековдун коррупцияга каршы күрөшүп жаткандыгын колдоого алууда. Мындан бир жыл мурда, февраль айында Коопсуздук кеңешинин жыйынында “Коррупцияга каршы күрөшүүдө досума да карабаймын…”,- деген сөзү түз эле А. Атамбаевге карата айтылгандыгын баарыбыз эле баамдаганбыз. Канткен менен орустар “Лежачего не бьют”,- демекчи, азыр тегерегинде эки аялдан – жеңебиз Раиса Атамбаева жана КСДПнын депутаты Ирина Карамушкинадан башка эч ким калбаган, экс-президент катары эч бир жыйынга чакырылбаган, элден эбак эле бөлүнүп, бийлик колдо кезинде таманына чейин жалап жибергенге даяр кошоматчылары кемени таштай качкан келемиштей көздөн кайым болуп, Кой-Таштагы хансарайында ансыз деле түрмөдөгүдөй өмүр сүрүп аткан А. Атамбаевдин абалына адам катары бооруң ооруйт.

Анткен менен азыркы жана экс-президенттин ортосундагы чырдын негизги себебин  2010-жылдагы төңкөрүштө Беларуска качып кеткен дагы бир экс-президент К. Бакиевдин айрым кадрларын бийликке алып келгендигине байланыштыргандар да жок эмес. Мисалы, УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматына Сагынбек Исмаилов дайындалганда А. Атамбаев жылан чаккандай туйлап, жүрөгү алдыда болуучу жамандыктарды алдын ала сезип, Ала-Арча резиденциясында С. Жээнбековго аябай ачуу сөздөрдү айткан дешет. Чындыгында С. Исмаилов К. Бакиевдин бийлиги учурунда “серый кардинал” аталган бир тууган иниси Жаныш менен Карагандыдагы милициянын жогорку мектебинде бирге окуган группалашы, досу. Ооба, бул адам түбү Алайдан, Курманжан датканын урпагы экендиги тууралуу жана кесипкөй чекисттиги, анын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматына жетекчи болуп дайындалышын укканда бир эле А. Атамбаев эмес, бүтүндөй атамбаевчилердин ичкени ирим, жегени желим болсо керек. Себеби ал кесипкөй чекисттиктен тышкары өзү жана бакиевдер үчүн А. Атамбаев жана анын кадрларынан өч албайт деп ким кепилдик берет? Бир чети А. Атамбаевдин өзүн жана кадрларын чукулаганда четтен эле коррупциялык иштери былгып чыгаары белгилүү.

Мурдагы ички иштер министри Ө. Кутуев “Азаттык” радиосуна бул жигит тууралуу мындай пикирин билдирген: Кызмат менен жүргөн, иш менен эле жүргөн жигит. Жаныш Бакиев менде иштеген, аны менен мен деле жакын болчумун. Ал да Карагандадагы милиция мектебин бүтүргөн. Исмаилов Жаныштын орун басары катары болгону беш айдай гана чогуу иштеп калган. Жаныш которулуп чоңоюп кеткен, бул болсо ошол жерде калган. Жаныш менен баары эле иштеген да, ал да бул тармакта 20-30 жыл иштеген”.

Мындан тышкары С. Жээнбековдун К. Бакиевдин тушунда кесипкөй милиционер катары такшалып, А. Атамбаевдин тушунда болгону алты ай ИИМ министри болуп туруп, кандайдыр бир жагдайлардан улам кызматтан кетирилген Кашкар Жунушалиевди кайрадан министрлик кызматка дайындоосу да “эски досунан” өч алган сыяктуудай кадам болууда. Президенттик аппараттын башчысы Досалы Эсеналиев деле бакиевдик “шинелден” чыккан, бир кезде басма сөз кызматында иштеп такшалган кадр эмеспи.

Ушул жана башка анча-мынча кадрдык дайындоолору менен С. Жээнбеков бир чети мурдагы президент К. Бакиевге жана анын кайрадан кызматка илинген кадрларына “реванш” алып бергендей туюлууда. Балким, бул жөн гана азыркы бийликтин жогорку эшалонундагы кадр дефицитинен улам С. Жээнбеков аргасыздан К. Бакиевдин учурунда иштеген кесипкөй кадрларга басым жасоого аргасыз болуп жаткандыр…

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз