Пятница, Ноябрь 22

КТРКнын жетекчисине каршы митинг өттү

Whatsapp Odnoklassniki LinkedIn VKontakte +

Ак үйдүн алдында Коомдук биринчи каналдын жетекчиси Жайнак Үсөнгө каршы акция өттү. Бул тууралуу “kyrgyz.news” басылмасына белгилүү манасчы Дөөлөт Сыдыков билдирди.
Анын пикиринде КТРдин директору Манаска каршы чыгып жатат ушундан улам алар, манасчылар анын иштен кетишин талап кылышууда.

“Биз атайын басма сөз күнүнө карата чыктык. Анткени Жайнак Үсөн уулу Манаска, президенттин жүргүзгөн саясатына каршы чыгып жатат.Биз буга чейин бардык тиешелүү жерге кайрылдык. Бирок эч ким укпай жатат. Улуттук идеологияга каршы чыккан адам КТРКны жетектегенге моралдык укугу жок”,-дейт Сыдыков.

Ошондой эле манасчы эгерде алардын талаптары аткарылбаса нааразычылык акциялары токтобой турганын кошумчалады.

Митингчилерге президенттик аппараттын коомдук кабылдамасынын өкүлдөрү чыгып нааразы тараптын пикирин укту.

Айта кетсек, өткөн айда манасчы Дөөлөт Сыдыков, режиссер Ырыс Океновалар КТРКнын жетекчиси аталган каналда көрсөтүлүп жаткан Манаска болгон мамиле аттуу программасынын эфирге чыгышына бут тосконун айтып чыгышкан.

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз