Кыргызстанда Кытайдын жаңы элчиси ишке киришти

Whatsapp Odnoklassniki LinkedIn VKontakte +

Жаңыдан кызматына киришкен Кытайдын Кыргызстандагы толук ыйгарым-укуктуу элчиси Ду Дэвэнь айымды 20-майда өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев кабыл алды. Өкмөт башчы кыргыз-кытай кызматташуусу динамикалуу түрдө өнүгүп жатканын белгилеп, Кытай лидери Си Цзинпиндин Кыргызстанга расмий сапары ал кызматташууларга дагы дем берерин кошумчалаган.

Кыргыз-кытай мамилеси бирок ойдогудай эмес. Эки тараптуу мамилеге көлөкө түшүргөн жагдайлар эки өлкөдө тең орун алганы белгилүу.

Биринчиден, Кыргызстанда Бишкек ЖЭБин Кытай насыясына модернизациялоодогу коррупциялык жаңжал, антикытайлык маанай күчөп, митингдердин чыгышы Кытай тараптын көңүлүн бузса, кыргыз коомчулугун Кытайдагы мусулмандарга, анын ичинде кыргыздарга жасалган диний кысымдар чоң нааразычылык жаратты. Кытай өкмөтү кыргыз жарандарынын Кытайга визасыз каттоосуна чек койгон. Бул кыргыз ишкер, коммерсанттарынын иштерин татаалданткан жагдай.

Кыргызстан менен Кытай аткарууну болжогон эң чоң долбоорлордун бири Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу. Бул долбоор көп жылдардан бери сүрсүп турат.  Долбоорду аткарууга анын багыттары, жолдун эни, каржылоо боюнча кайчы пикирлер себеп болуп келаткан маалым. Андан сырткары Россия геосаясий себептерден, тагыраак айтканда, Борбор Азиянын транспорттук инфраструктурасына Кытайдын кирүүсүн жактырбоосу да терс таасирин тийгизген олуттуу факторлордон.

Бул маселелер Бишкекте боло турган ШКУнун саммитинин алдындагы Си Цзинпиндин сапары учурунда талкууланууга тийиш…

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз