Суббота, Май 25

Кыргызстандык футболчу айымдар Өзбекстанда күч сынашат

Whatsapp Odnoklassniki LinkedIn VKontakte +

Футбол боюнча КРнын айымдардан түзүлгөн курама командасы Өзбекстандагы Эл аралык турнирге катышат. Бул тууралуу КРнын Футбол федерациясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, биздин команда 17-марттан 22-мартка чейин өтүүчү Өзбекстандын Жизак шаарынын акиминин Эл аралык Кубогу үчүн оюн өткөрүшөт. Улуттук кураманын башкы машыктыруучу Наталья Гайворонская. Бул Кубок үчүн – Борбор Азиядагы Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын айымдардан түзүлгөн 5 Улуттук курамасы күч сынашат.

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз