Среда, Октябрь 23

Лукашенко Донбасстагы кырдаалды Россия менен Украинанын каршылашуусу катары баалады

Whatsapp Odnoklassniki LinkedIn VKontakte +

Белорусиянын президенти Александр Лукашенко 2014-жылдан бери Донбасста Россия менен Украинанын ортосунда каршылашуу болуп келатканын белгиледи. Ал бул тууралуу Минскте өткөн форумда билдирген.

«Менден кийин бул Россия менен Украинанын каршылыгы эмес айтуунун кажети жок. Башкысы бул эки тарап каршылашуунун маңызын талдап көрүп чечим кабыл алуусу зарыл», – деген Лукашенко.

Ошондой эле президент Донбасстагы согушту токтотуу аракеттеринде сүйлөшүүгө АКШны кошпой туруп жакшы жыйынтыкка жетүү мүмкүн эместигин кошумчалаган. Айтымында Вашингтон Украинада болуп жаткан саясий жана экономикалык процесстердин баарынан кабардар.

«АКШ бир гана Крымдын эмес, Донбасстын, жалпы эле Украинанын маселелерине канчалык деңгээлде баш-оту менен берилгенин билесиздер. Америкалыктар өздөрү деле муну жокко чыгарышпайт», – деген Белорусиянын мамлекет башчысы.

Андан ары мамлекет башчы Чыгыш менен Батыштын каршылашуусунан жаралчу коркунучка басым жасаган, ал мындай мамилелер чегине келип жеткенин да белгилеген. Айтымында куралдуу де-фактону көзөмөлдөө процессинин бузулушу жакында АКШ менен Россиянын орто жана жакын аралыктагы ракеталарды жок кылуу Келишиминен кийин финалдык чегине чыга келген. Лукашенко эгер Москва менен Вашингтон аны узартуу боюнча макулдашууга барбаса анда 2021-жылга карата дүйнөдөгү ядорлук куралдар такыр эле такталбай калат.

«Адамзаты арыштуу кадамдары менен артында туңгуюк турган жарга жакындап баратат», – деп жыйынтыктаган сөзүн Лукашенко.

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз