Среда, Октябрь 23

Матраимовду туулган күнү менен кайсыл жетекчи куттуктады?

Whatsapp Odnoklassniki LinkedIn VKontakte +

Искендер Матраимовдун бүгүн, 9-октябрь туулган күнү. Ал 57 жашка толду. Жакында анын иниси Исламбек Матраимовдун кызы Назик Матраимова Бишкектеги Хаят ресторанында абдан чоң шаан-шөкөт менен 18 жашын белгилеген болчу. Ал эми Искендер Матраимов туулган күнүндө айылдагы авариялык мектептин акыбалы менен таанышып жүргөнүн айтты.

“Кесиптештерим WhatsApp аркылуу куттукташты. Иним Райымбек Матраимов телефон чалды”, – деп тизмектеди ал куттуктоо айткан жакындарын. Айтымында эч кандай белек албаптыр, ал үчүн чоң белек – жылуу сөз, каалоо-тилектер экен. Ошондой эле кечинде да эч кандай шаан-шөкөт болбойт, анткени “жөнөкөй адам болгондуктан туулган күндү белгилөөнү туура көрбөйт”.

Бул күнү ал кичи мекени Кара-Суу районундагы Калинин айылындагы жаңы мектептин ачылышына катышып жүрөт. Ал туулган күнүнө бул 320 орундуу мектеп өзгөчө белек болгонун белгиледи:
“Мектеп курулушуна каражатты өкмөт бөлгөн. Мурда бул мектептин ордунда авариялык акыбалдагы мектеп бар болчу”.

Акыркы учурда коомчулукта Матраимов фамилиясы негатив маалыматтар менен байма бай айтылууда. Райымбек Матраимовду коррупцияга байланыштырган божомолдор чын-төгүнүнө чыга элек. Ага кошумча карындашынын уу-дуу менен туулган күн өткөргөнү, андан кийин Инстраграм баракчасына элге терс кайрылуу жасаганы коомчулуктун нааразычылыгын жараткан.

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз