Пятница, Ноябрь 22

Мигранттар которгон акча 10 пайызга азайды

Whatsapp Odnoklassniki LinkedIn VKontakte +

Депутат Аалы Карашев өкмөттүн экономикалык көрсөткүчтөр боюнча коомчулука таратып жаткан маалыматтарын сынга алды. Айтымында стат комитет ИДПнын көрсөткүчү 6,2 пайызга жетип, өлкө экономикасы өстү деп билдиргени менен киреше бөлүк кескин азайып кеткен. Маселен 4,8 миллиард сом өлчөмүндөгү пландар аткарылган эмес. Бул экономикалык өсүштөр Кумтөрдүн эсебинен гана болуп жатканын түшүндүрөт. Кумтөрдүн алтын өндүрүмү 63 пайызга көбөйгөнү айтылганы менен салык түшпөй жатат.
«Быйыл мигранттардын Кыргызстанга которгон каражаты былтыркыга салыштырмалуу 10 пайызга азайган. Мындан өлкө казынасына 160 миллион доллар, биздин сом менен 11 миллиард сом экономикага кирбей калды. ЕАЭБдин алкагында экспорттун көлөмү 20% га төмөндөсө, Орусияга кеткен товарлар 2 эсеге азайган. Салык түрлөрү боюнча дагы төмөндөөлөр орун алган. 8 айдын жыйынтыгы менен план 51 пайызга аткарылган эмес”-деди Карашев.
Депутат мырза мындай абал республиканын өнүгүү программаларын аткарууга тоскоолдук жаратышы ыктымалдыгын айтып, өкмөттү ойлонуп иш кылууга чакырды.
Белгилей кетсек, буга чейин улуттук статистикалык комитет соода тармагы 4, 9 %га, курулуш тармагы 7,8 пайызга өскөнүн жарялаган болчу.

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз