Москва жана  Пекин: Батыштын коркунучу астында “эсептешкен союздаштар”

Whatsapp Odnoklassniki LinkedIn VKontakte +

Петербургдагы эл аралык экономикалык форум Пекин жана Москванын өз ара жакындашуу курсун тастыктады.

Россия жана  Кытай АКШнын экономикалык агрессиясы астында саясат жана экономика чөйрөсүндө кызматташтыгын чыңдоодо.

6-8-июнда Санкт-Петербургда  “россиялык Давос” деген атка конгон Петербург эл аралык экономикалык форуму Пекин жана Москванын өз ара жакындашуу курсун бекемдеди.   

Форумдун ишине 145 өлкөнүн 19 миңге жакын ишкерлери катышты.  

Россия жана Кытайдын башчылары –  Владимир Путин жана Си Цзиньпинден тышкары ПЭЭФке башка мамлекеттердин президенттери менен премьер-министрлери, ошондой эле БУУнун башкатчысы  Антониу Гутерриш катышты. Форумдун ишин 4,8 миң журналисттер чагылдырышты.

Форумдун уюштуруучуларынын бири болгон Roscongress компаниясынын өкүлдөрү билдиргендей, ПЭЭФке көбүрөөк кызыкчылыкты Кытай көрсөтүп, 1720 делегатты жөнөткөн. Россияга каршы катуу санкцияга карабастан, АКШдан форумга 520 адам катышты.

Мындан тышкары Санкт-Петербургка мурда ПЭЭФке чектелген сандагы делегаттар менен катышкан Сауд Аравиянын ири компанияларынын өкүлдөрү келишти.  

Москва жана Пекиндин соода согушунун арты менен жана Россия жана Батыштын мамилесинин начарлоосунан улам жакындашуусу ПЭЭФтин глобалдуу саясый күн тартиби сыяктуу күн тартибиндеги негизги маселе болду.

Путин жана Си Цзиньпиндин Россия жана Кытайдын мамилеси өнүгүүнүн жаңы деңгээлине чыккандыгы тууралуу сөздөрү жана форумдун соңунда кол коюлган 20 миллиард долларлык суммага кол коюшу Евразиядагы бул эки ири державалардын кызматташтыгынын өнүгүп жаткандыгынын маанилүүлүгүн далилдеп турат.  

Ошол эле учурда Россия менен Кытайдын ортосундагы товар жүгүртүү тездик менен өнүгүүдө. Өткөн жылы бул көрсөткүч 2017-жылга салыштырганда 24%га жогорулап, 108 миллиард долларды түзгөн. Быйылкы жылдын башынан бери эки өлкөнүн товар жүгүртүүсү 4%га жогорулады – 42,6 миллиард доллар.

Эки өлкө ошондой эле телекоммуникация чөйрөсүндө да биргелешкен кадамдарды жасоого толук даяр. Батыш өлкөлөрүнүн аракетинин таасири астында, эң негизигиси АКШнын Huaweiди эл аралык кысымга алуусунан кийин бул компания менен россиялык МТСтин ортосунда Россияда 5G технологиясын өнүктүрүү тууралуу макулдашууга кол коюлган.

Телекоммуникация тармагындагы кызматташтык Москва жана Пекиндин кызматташтыгында биринчи планга чыгууда. ПЭЭФте сүйлөгөн сөзүндө Россия мамлекетинин башчысы Huaweiге болгон кысымды «экономикалык  мародерлук» деп атады. «Бул аягы жок каршылашуунун жолу. АКШнын саясаты пародияга айланды», – деди Путин.

Кытайдын Соода министрлигинин өкүлү Гао Фенг Пекин Россия менен баардык тармактарда, айрыкча энергетика, электрондук соода, 5Gны колдонуу, жогорку технологияларды колдонууда кызматташтыкты кеңейтүүгө дилгир экендигин жана эки тараптуу товар айлантууну жылына 200 миллиард долларга жеткирүүгө кызыкдар экендигин белгиледи.

Россия жана Кытайдын ортосунда 2014-жылы табигый газды жеткирүү тууралуу келишимге кол коюлгандан кийин энергетика чөйрөсүндөгү кызматташтык да өнүгүүдө. Жыл соңунда ишке киргизиле турган “Сибир күчү” газ кууру аркылуу Россия Кытайга 30 жыл боюу жыл сайын 38 миллиард кубометр газ жеткире тургандыгы күтүлүүдө. Ошондой эле 14 миллиард инвестиция жумшалган Алтай газ кууру аркылуу жыл сайын батышка 30 миллиард кубометр газ сатуу пландаштырылууда.

Кытай россиялык энергетика тармагына инвестицияны көбөйтүүдө. 2017-жылы декабрда Россияда эң ири көз карандысыз «Новатэк» газ компаниясынын көзөмөлү астында ишке берилген «Ямал СПГ» заводу акыркы жылдардагы Россиянын эң ири долбоорлорунун бири болуп саналат. Аталган заводко жумшалган инвестиция 27 миллиард долларды түзгөн. «Ямал СПГнын» акционерлери ошондой эле кытайлык CNPC (20%) жана  «Жибек жолу» (9,9%) кытайлык фонду болуп саналат.

ПЭЭФтин алкагында «Новатэк»  кытайлык Sinopec жана россиялык «Газпромбанк» менен макулдашууга кол койду, анын негизинде Кытайга табигый газды биргелешкен ишкананын алкагында сатууга милдеттенди. Мындан тышкары, Москва жана Пекин атомдук энергетикада байланышты чыңдоого кызыкдар. Россиялык жана кытайлык атомдук компаниялар Кытайдагы  жалпы суммасы 1,7 миллиард долларды түзгөн “Сюйдалу” АЭСинин эки блогун биргелешип курууну макулдашышты.

Бир сөз менен айтканда, Россия жана Кытайдын ортосундагы экономикалык байланыштардын тереңдеши ШКУ багытындагы саясый мамилени жакшыртып, өзгөчө Сирия жана Ирандагы кырдаалды биргелешип чечүүгө да жол ачууда.

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз