Среда, Сентябрь 18

Назарбаев Түрк тилдүү мамлекеттер кеңешинин ардактуу төрагалыгына сунушталды

Whatsapp Odnoklassniki LinkedIn VKontakte +

Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевди түрк дүйнөсүнүн  аксакалы атап, аны Түрк тилдүү мамлекеттер кеңешинин ардактуу төрагалыгына шайлап алууну сунуштады. Түркия лидери 20-майда Анкарада Түрк тилдүү мамлекеттер кеңешинин катчылыгынын жетекчилиги менен жолугушууда  октябрь айында Бакуда боло турган түрк тилдүү мамлекеттер президенттеринин жетинчи саммитине Өзбекстан президенти  толук кандуу мүчө катары, ал эми Түркмөнстан президенти ардактуу конок катары катышары күтүлүп жатканын белгилеген.

Бакуда Түрк тилдүү мамлекеттер кеңешинин жетинчи саммити болмокчу. Бул кеңешке Түндүк Кипр түрк республикасы байкоочу өлкө катары кошулары күтүлүүдө.

Түрк тидүү мамлекеттер кеңешинин 6чы саммити 2018-жылы Бишкекте өткөн. Ага чейин кеңешке Казакстан төрагалык кылган эле. Нурсултан Назарбаев түрк тилдүү мамлекеттер ортосунда гумантардык, транспорттук, финансылык, тариф саясатында кызматташууларды тереңдетүүнү сунуштаган. Ал Астананы финансылык борбор, Каспийди транспорттук түйүн катары колдоонууну да жактаган.

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз