Пятница, Апрель 19

Ө. Текебаев менен С. Жапаров бириктиби?

Whatsapp Odnoklassniki LinkedIn VKontakte +

Бишкек мэриясы 23-апрелде Жогорку соттун имаратынын алдында (эски Ала-Тоо аянты) «Ата Мекен» партиясына  6 миң кишинин катышуусунда митинг өткөрүүгө уруксат берди. Ошондой эле бул акцияга «Мекенчил» партиясынын лидери Садыр Жапаровдун да тарапкерлери катышары айтылууда.

Бул эки партиянын бир күндө, бир жерде тынчтык митингин өткөрүүсүнүн башкы себеби  – алардын камактагы лидерлеринин иши Жогорку сотто бир күндө, 23-апрелде каралары болууда.

Бул маалыматты парламенттеги «Ата Мекен» фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов ырастап: – Биринчи май райондук администрациясы уруксат берди. 23-апрелге белгиленген тынч митинг Жогорку соттун имаратынын алдында өтөт,- деди. 23-апрелде митингге учурда абакта отурган саясатчылар Өмүрбек Текебаев менен Садыр Жапаровдун тарапкерлери чогуу чыгышары мурда кабарланган. Алар бул үчүн «Ата Мекен» жана «Мекенчил» партиялары бир штабга бириккенин да маалымдашкан.

Биздеги ар кандай митинг, пикет сыяктуу көп эл чогулган саясый акциялар үчүнчү күчтөрдүн, болгондо да жаз алдында табият менен кошо эл да жаңыланып, толкунданып турган мезгилде үчүнчү күчтөрдүн “нотасына” ойноп кетери менен да коркунучтуу болуп саналат. Дал ушул жагдайдан улам өткөн жумада “Республика” партиясынын азыр Москвада жүргөн лидери Өмүрбек Бабанов алдын ала билет алып, колдоочулары чыдамсыздык менен күтүп жаткандыгына карабай акыркы минуталарда «Үчүнчү күчтөр чагым уюштуруп жатыптыр, тополоң болушун каалабаймын, башка учурда барам…”,- деп, аэропорттон артка кайтпады беле. Чындыгында ошол учурда Ө. Бабановду колдоочулары менен кошо УКМК, ИИМ да “чыдамсыздык” менен күтүп, суроолорун камдап турушкан. Андыктан ал А. Атамбаевдин учурунда чет жактан “баатыр” болуп келем деп, абакка отуруп калган С. Жапаровдун кейпин кийип калбайын деп да корксо керек.

Бирок  «Атамекенчилер» алардын иш чарасына үчүнчү күчтөр жана провокаторлордун кийлигишүүсүнөн коркпой тургандыгын билдиришүүдө. Себеби аты бар,заты жок үчүнчү күчтөр Өмүрбек Текебаев менен Садыр Жапаровду колдоо акциясына  кийлигишпейт.

– Мен бул нерседен үчүнчү күчтөр пайдаланып, башаламандык болуп кетет деп ойлобойм, – деди ал. – Мен биздин кадимкидей тынч иш чара өткөрүшүбүзгө ишенем. Антип дайыма эле кайдагы бир күчтөр тууралуу айта бергенден көрө, келгиле Башмыйзамдан митинг өткөрүү укугун алып салалы. Бирок андай болбойт да.

– Жарандар өздөрүнүн конституциялык укугун колдонушу керек. Эгерде биз митингдин кереги жок дей турган болсок, анда бийликке кыянаттык кылган болобуз. Анткени митингдин аркасы менен өлкөнүн жетекчиси эл менен байланышат. Ушул аянтчада элдер өздөрүнүн конституциялык укуктарын пайдаланып көйгөйлөрүн айтышат.
Бизде жарандардын чогулушун эмнегедир жол тосуу жана башаламандык деп түшүнө беришет. Чындыгында биз нааразычылык акциясын маданияттуу түрдө өткөрүүгө өтүшүбүз зарыл. Башкача айтканда 10-15 миң киши топтоонун зарылчылыгы жок. Керек болсо төрт адам чыгып да өз көз караштарын билдире берсе болот, анткени митинг деген – бул демократиянын бирден бир аспабы, ал сөз эркиндигинен турат.

Ө. Бабановдун тарапкерлерине ишемби, дем алыш күн экендигине карабай эски да, жаңы да аянттарда ден соолук акциясын өткөрүп, кечке спорт менен машыккан мэрия М. Горькийдин эстелигинин жанындагы 500 адам араң бата турган аянтчаны сунуш кылган болчу. Бул ирет Ө. Текебаев жана С. Жапаровдун тарапкерлерине 6 миң адамдын катышуусунда эски аянттан он метр аралыкта митинг өткөрүүгө уруксат берилиши таң каларлык. Балким, бул айла кеткендикпи же дагы бир билгендери барбы?

Дегеле, өз лидерлерин коргоо, актоо үчүн жогорудагы эки партиянын саясый-шоу өткөрүүсүнүн канчалык зарылчылыгы бар эле? Андан көрө сот ишин укуктук алкакта, мыйзамдын жолу менен чечүү туурадыр? Улам улам эле митинг, пикет өткөрө берип, соттордун ишине кысым көрсөтө берүү бир чети алсыздыктын, мыйзамдан оолактап өтүү аракети эмеспи? Баарынан да жаз жарышы башталган күндөрү алты миң адамды Бишкекке чогултуп, убара кылуу элди, өлкөнү ойлогон саясатчынын иши эмес. Бир чети абактагы эки саясатчынын тарапкерлеринин биригүүсү, эң оболу алардын биригүүсү эмеспи.

Балким, булардын артында чындап эле быйыл күзүндө чоң эл аралык иш чараларды өткөрүүгө даярдык көрүп жаткан Кыргызстанда кайрадан ызы-чуу уюштурууну көздөгөн күчтөр турган жокпу?

А. Белеков.

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз