Среда, Октябрь 23

Өкмөт кетет-кетпейт же бийлик туташ кризиске такалды

Whatsapp Odnoklassniki LinkedIn VKontakte +

Сентябрь айы башталып, күн салкындаган менен өлкөбүздүн саясат майданында жандануу күч алды. Мындай жагдай бир чети эс алуу мезгили бүткөндүгүнө байланыштуу болсо, экинчиден бийлик менен элдин ортосундагы карама-каршылык быкшыган оттой түтөптурган учуру.

Ички рынок жоголуп, жумушсуздук күч алды

Ооба, жогор жактагылар мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди эптеп УКМКнын абагына киргизип, отту өчүргөндүгүн чоң жеңиш катары баалоо керек. Эң негизгиси түрмөдө жатса да Ак үйдөгүлөрдүн түндө түшүнө кирип уйку бербеген “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин эркиндикке чыгарылышы президент жана анын командасы үчүн чоң душман менен элдешкендей эле болду. Эми Садыр Жапаров жана башка эски бийликтин тушунда саясый жагдайда камалгандар да абактан чыгарылса, анда Ак үйдүн түйшүгү бир топ эле жеңилдеп калмак. 

Бирок мындай популизмге окшогон саясый кадамдар менен эле көйгөйдөн  кутулууга мүмкүн эмес. Анткени өкмөттүн алдында экономикалык чоң кризис турат. Октябрдан баштап мугалимдердин маянасы 30 пайызга жогорулашы кулакка жагымдуу угулган менен эгер иш жүзүндө баягыдай эле саатын азайтып же башка амалдар менен мурдагы айлык менен кала берсе, анда миңдеген армиясы бар мугалимдер өткөндөгүдөй чыдап отура бербестир…

Арийне кыштын келиши эң оболу Бишкек ЖЭБи аркылуу өкмөттүн ишин сынайт эмеспи. Тилекке каршы быйыл кыштын карааны көрүнө электе эле, 6-сентябрда борбор калаадагы жылуулук борборунда чакан авария болуп, эки адам жабыркады. Бул кабарды “Электр станциялары” ишканасы өзү тастыктап, турбиналардын бири токтоп калгандыгын кошумчалады. Натыйжада электр адиси жеңил жараат алган. Ал жабырлануучулар ооруканага жаткарылып, учурда абалы канааттандырарлык. Турбина болсо кайрадан иштей баштады. Эмнеси болсо да ЖЭБдеги чакан авария ансыз деле кетет-кетпейт деп турган өкмөттү бир солк эттирип, экзамен алгандай  болду.

Элдин баасынан тышкары эгер статистикалык маалыматтарга таянсак да өкмөттүн ишиндеги кемчиликтер оркоюп көрүнүп турат. Мындай пессимисттик ойлор алгачкы кварталда бюджетке салык жана бажы төлөмдөрүнөн төрт миллиард сом аз түшүп калгандыгынан улам жаралууда. Экономикадагы мындай терс көрүнүш өлкөбүздөгү мурда анча-мынча иштеген  өндүрүш ишканалары дээрлик токтоп, чет элдик продукцияларга атаандаш боло албай жаткандыгы менен байланыштуу. Мисалы, Кыргызстандын айрыкча түштүгүндө кошуна Өзбекстандын эрте бышкан жана арзан жашылча-жемиштеринен тышкары жалданып иштеген мандикерлер ансыз деле оор жумушсуздук көйгөйүн ого бетер күчөтүп, жергиликтүү жаштардын чет өлкөгө кетүүсүнө мажбур кылууда. Азыр Ош, Баткен, Жалал-Абад облусттарынын курулуш тармагы болобу же эгин талааларыбы, бир күн үчүн 200-300 сомго отуң менен кирип, күлүң менен чыккан өзбек, тажиктерди кездештирүүгө болот. Ошол эле учурда бул кошуна мамлекеттер Кыргызстан мүчө болгон ЕАЭБге кирбегендигине карабай, тиешелүү мамлекеттик органдар чек арадан кирген товарларга бажы салыгын же иштөө үчүн келгендерге патент талап кылышпайт. Эгер алар ушул мыйзамдуу милдетин аткарышса, анда ички рынок корголгондон тышкары какшыган бюджетке да аз-маз киреше түшмөк.

Кандай болгондо да жаз алды менен Ысык-Көл районунда россиялык компаниянын уран казуусуна, Нарын облусундагы кытайлык алтын иштеткен жумушчулар менен жергиликтүү элдин ортосундагы чыр-чатак жана жаңы жыл күндөрү Бишкектеги “кытай экспанциясына” каршы митингдер чет элдик инвесторлорду чочутуп, анын кесепети айланып келип экономикабызга терс таасирин тийгизди окшойт.

“Пир во время чумы”

Үч жыл катары менен Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюнун өткөргөндөн  кийин эстафета Түркия Республикасына берилген болчу. Бирок биздин бийлик быйыл да республикалык деңгээлде бул маданий-спорттук иш чараны Таласта өткөрөбүз деп чамынып турат. Ага казынадан 30 миллион сом каралыптыр. Башкасын айтпаганда да Нарында мектеп окуучулары контйнер мектепте окууга аргасыз болуп жатканда ошол акчаны мектептин курулушуна жумшаса жакшы болмок днгнн пикир эл арасында көп айтылууда. 

Ошол кичи Көчмөндөр оюнуна улай эле таластыктар Чубактын кунундай чубалган Жерүй алтын кенин иштетүүгө каршы “ЖЕРҮЙ: БҮГҮН, ЭРТЕҢ ЭЛДИК КЕҢЕШ” аттуу жыйын өткөрүүгө камынып жатышыптыр.

Маалыматка ылайык, 1-октябрь күнү Талас районундагы Өмүралиев айыл аймагынын Үч-Кошкон жеринде Жерүй алтын кенинин айланасындагы ар кыл маселелер боюнча Жалпы республикалык Элдик жыйын болот. 

Жыйында, Жерүй алтын кенинин кечээгиси, бүгүнкүсү жана эртеңкиси тууралуу сөз жүрөт. Бул иш чара тууралуу таратылган билдирүүдө: “Кыргызстаныбыздын келечегине кайдыгер карабаган баардык тарапттар катышып, ийри олтуруп түз кеңешсек деген тилек бар.
Ар бир маселени кеңешип, ынтымакта, мыйзамды сыйлап, бири-бирибизге урмат сый кылып, туура түшүнүшүп чечүү учур талабы.
Мамлекетибиз бирөө гана-ал кыргыз Эли үчүн гана керек. Кыргыз Эли Кыргызстанда жашап жаткан баарыбыз.

Учурда, Кыргызстандагы тоо кен тармагы орчундуу маселеге айланып, аны акыл менен чечпеген жерде түрдүү окуялар менен коштолууда. Айрым  адилетсиз, өлкө келечегине кедергисин тийгизген чечимдер Эл нааразычылыгын жаратып жатканы жашыруун эмес. Анын арты нааразычылыктарды пайда кылып, бийлик да өз Элине ыксыз мыйзам бузуулар менен үстөмдүгүн көрсөтүп жатканы айдан ачык. Этеги эл да, бийлик да утуш таппай, инвестициялык климат өзгөрүүдө. 

Кумтөр алтын кенинен кийинки эле чоң кирешеси бар делген Жерүй кени деле чырдын башынан чыкпай келет. Өзгөчө, касиеттүү Таластын табияты, эл саламаттыгы, жер асылдуулугу үчүн анын пайдасынан зыяны көп болоорун айткандар арбын.

Бул келечек үчүн коркунучтуу жана опурталдуу.
Эгер, экологияга, таза сууларга, тоолорго негизгиси элдерге тийгизбеген терс таасири болбосо, өлкөгө миллиондорду эмес, миң сом берип атса да аны колдоп албаганыбыз анык акмакчылык болот эле.

Тилекке каршы, “таасиринен Таласты жоготуп албайбызбы?” деген коркунучта турганында болуп жатат.
Минтип айтуу менен дароо эле ал жерди жаап, жакалашып, жаман айтышуу эмес, Элдик жыйын кылып, кетирген кемчиликтерибизди түздөп, каталарыбызды карап, келечегибизди ойлоп, акыл толгоп, Таласыбызды татыктуу коргоп, анан бийлигибизге билдирген Эл кеңеши кылалы деген эле максат. Эмнеси болсо да, Эл чечсин деген тилек!
Жыйын, негизги үч чоң маселени коет. Жыйынтыкты жалпы Эл чыгарып, ошого жараша чечимдер кабыл алынат!”,- деп айтылган.

Таластыктардын минтип маселени кабыргасынан коюп атышы бийликти “оңго барсаң атың өлөт, солго барсаң өзүң өлөсүң…”,- дегендей эле  ойлоно турган маселе болууда. Анткени чындап эле Кумтөрдөн кийинки эле кирешелүү жана алтын кору көп бул кендин иштешине эл каршылык көрсөтүп, токтотуп койсо, анда экономикабызга чоң сокку болот. Ал эми болбой эле бийлик күчкө салып иштете баштаса, нааразычылык күчөйт. Адатта мындай кыйчалыш учурда мурдагы президенттер дайыма өкмөттү садага чаап, отставкага кетирип жиберчү эле. Бул ирээт президент Сооронбай Жээнбеков кандай жолду тандайт болду экен?

Автандил Белеков.

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз