Среда, Октябрь 23

Ошто бир аял кутурмага кабылды (видео)

Whatsapp Odnoklassniki LinkedIn VKontakte +

Оштун жака белиндеги Сталин айылында бир аял кутурма менен ооруп элге тынчтык бербей жатат. Мындай кабарды жергиликтүү жарандар тастыкташып, далили катары видео да жөнөтүшкөн. Жергиликтүү тургундун айтымында айылда түнү уйку жок болуп калган, бакырган үндөн элдин тынчы кетти. Аялдын абдан тез чуркап, эч кимге карматпай жатканы да айтылган. Мындай көрүнүштүн пайда болгонуна 3-4 күн болуп калды. Тургундардар түнү кезектешип уктабай кайтарууга да аргасыз болушууда.

“Мен өз көзүм менен көрбөдүм, бирок бакырыкты кулагым менен уктум. Абамайданга кетип баратканбыз, жолдон аябай катуу бакырык угулду. Бирөөдөн жардам сураганда да киши анчалык бакыра албайт. Бул үн кайдан чыкты, ким бакырып жатат деп чоочуладык”, – дейт аталган айыл аймагы менен жол жүргөн жүргүнчүлөрдүн бири.

Айрым маалыматтарга караганда, аял кутурмага кабылбай эле айылда белгисиз жандык пайда болгон. Боюу кыска, шамалдай ылдам жүгүргөн, бир секиргенде 4-5 метр аралыкка секирген жандыктан кайдан келгени белгисиз жана айыл тургундары кармай албай коюшкан. Бакырык үндү дагы ошол жандык чыгарып жатат.

Азырынча бул маалымат тастыктала элек.

Кутурма — вирус пайда кылып, борбордук нерв системасын жабыркатуучу катуу кармаган жугуштуу оору. Кутурма айыкпас дарт, дүйнө жүзүндөгү белгилүү жугуштуу оорулардын өтө коркунучтуусу. Жаратылышта кутурма менен айрыкча жырткыч айбанаттар (карышкыр, түлкү, чөө, жолборс, илбирс, кашкулак, жапайы ит, мышык жана башка) жана үй жаныбарлары (ит, мышык, кой, жылкы жана бодо мал) ылаңдайт. Кишиге, айбандарга бул ооруну аны менен ооруган жаныбарлар жугузат. Кутурган жаныбарлардын шилекейиндеги вирус жараланган тери аркылуу организмге кирип, нерв талчалары менен мээге, жүлүнгө барып көбөйүп топтоло баштайт. Алгачкы белгилери 14 күндөн 90 күнгө чейинки убакытта башталат. Кээ бир учурда инкубациялык мезгили бир жылга чейин созулушу мүмкүн. Бул адамдын жашына, жаракаттын оор же жеңилдигине байланыштуу болот. Оорунун экинчи этабында оорукчан адам ээлиге баштайт. Жулунуп – катуу кыйкырып, колуна тийгенди талкалайт. Кийимдерин айрып өзүнүн эмне кылып жатканын көзөмөлгө ала албай калат. Үчүнчү этабында шалга кабылуу белгилери башталат. Бул этап өлүм менен аякташы ыктымал. Дүйнө жүзүндө жыл сайын кутурма оорусунан 55 миң адам каза болот деген маалыматтар бар.


Бөлүшүү

7 комментариев

  1. Аватар
    Гульнара Датасы:

    Же болбосо бироолор жеткирген болушу мумкун
    Кордой берсе мээсине доо кетип мээси айланып калган болушу да мумкун

  2. Аватар
    Зияш Датасы:

    бул жалган деб такталдыго.
    Редактор алыб койунуз сураныч
    тактаб анан чыгарын
    монтаж экен баары!!

  3. Аватар
    Аноним Датасы:

    Жок нерсени озубуз чакырбай, чындыгында жок болсо очурунуздор.Элдин журогун тушурбой.Ал 3метр секирген болсо ал азыр Оштон башка жактарга жылышы да мумкунда.Жайында турбайтда эгер чын болсо.Андыктан озубузду озубуз алдабайлы .

  4. Аватар
    Минура Датасы:

    Елгон нарса экан мен сталинда яшовчи Бир танишимдан сурасам,аввало астагфуруллох,тугрукхонада тураетган аелнинг овозини езиб олиб таркатишибди,одамдака,вахший нарса булмаса керак деди,шу яхшикин канча еш болалар ухламай куйибди куркишиб,Миш Миш йук нарса,буни бекор интернетга езибсизлар,курмаган нарсани кургандай тасвирлаш,гунох деб езилган Куръони Каримда…

  5. Аватар
    Элина Датасы:

    Дин аалымдары менен кеңешкиле автор ичине жин кирип алган болушу мүмкүн чаңырыка келсек эки мышык урушуп өз ара ыркышатып тирелип аткандагы үн кудум ушундай чыгат үрөйдү учурган жок нерсени бар кылсаңар АЛЛАХ чындап өзүңөргө берип коюшу мүмкүн паника чыгарарда аныктап тактап анан чыгаргыла кацсыл айыл кайсыл үй ушакчыларга окшоп ар кимдин сөзүнө таянып элди дүрбөткөн өтө чоң күнөө.

Комментарий жазыңыз