Вторник, 4 августа

Президент: Абал жакшырды деп баа берүүгө эрте

0

Президент Сооронбай Жээнбеков “өлкөдө коронавирус боюнча абал жакшырууда” деп баа берүүгө эрте экенин айтты. Мамлекет башчы мындай пикирин 1-августта “Биринчи радиодого” курган маегинде билдирди.

“Адистер «абал турукташа баштады, ооруканаларга, стационарларга кайрылгандардын саны азаюуда» деп маалымат берип жатышат. Бул албетте, жакшы жышаан. Бирок, мындай шашылыш баа берүүгө дагы эрте. Окуп-көрүп жатабыз. Дүйнөдөгү абал да бир кылка калыпка келе элек. Пандемия токтоп калды, ооругандар азайды деп карантинди алган, өнүккөн өлкөлөрдө дагы бул илдет кайрадан башталып атат”, – деди президент.

Жээнбеков кырдаалга ар бир жаран жоопкерчиликтүү мамиле кылып, ар ким өз жакынын коргоо керек экенин белгиледи. Ал мамлекет дары-дармек менен камсыздоо, жаңы оорукана куруу, аны кышка даярдоо, оңдоо иштерин жүргүзүп жатканын кошумчалады.

Кыргызстанда 1-августка карата COVID-19 илдетинен бир күн ичинде 19 бейтап кайтыш болду. Пандемиядан көз жумгандардын жалпы саны 1397ге жетти. Пандемия башталгандан бери инфекцияны жаңы жугузуп алгандардын жалпы саны 36 299 адамды түздү. Сакайып чыккандардын жалпы саны 26 426.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз