Президент С. Жээнбековдун Германияга сапары жемиштүү болду

Whatsapp Odnoklassniki LinkedIn VKontakte +

Президент Сооронбай Жээнбековдун 15-16-апрель күндөрү Германия Федеративдик Республикасына жасаган расмий визити бир гана айрым оппозициялык көз караштагы саясатчылардын өлкөбүздүн тышкы саясаты аксап жаткандыгы тууралуу сын-пикирлерине жооп болбостон, экономикалык жактан да жемиштүү аяктады десек болот.

Визиттин биринчи күнүндө, 15-апрелде, Мюнхен шаарында Президент Сооронбай Жээнбеков Бавариянын мамлекеттик канцеляриясынын башчысы, Бавариянын федералдык жана европалык маселелер, ММК маселелери боюнча мамлекеттик министр Флориан Херман менен, экономика, өнүгүү жана энергетика мамлекеттик министри, Бавариянын Премьер-министринин орун басары Хуберт Айвангер менен жолугушту. Андан соң кыргыз мамлекетинин башчысы Х.Зайдель атындагы Фонддо Бавариянын коомдук жана саясий ишмерлеринин алдында сөз сүйлөп, кыргыз-герман бизнес-форумунун ачылышына катышып, «Pellmeyer» айыл-чарба ишканасында болду жана Германиядагы мекендештер менен жолугушту.

Германиядагы мекендештер менен жолугушуу

Президент 15- апрелде  Мюнхен шаарында Германияда окуп жана иштеп жаткан кыргызстандыктар менен жолугушту. Анда мамлекет башчы жогорку деңгээлдеги жолугушуулардан тышкары мекендештер менен жолугушуу анын расмий визитинин негизги максаттарынын бири экенин белгиледи.

«Былтыр мекендештердин форумуна катышкан кыргызстандыктар көптөгөн сунуштарды айтышты. „Мекендештер“ Форуму жолугушуулар жана пикир алмашуулар үчүн жакшы аянтча болуп калды. Форумдун жыйынтыктары боюнча КР Президентинин алдында мекендештер Кеңеши түзүлгөн. Анын мүчөлөрү менен быйыл жолугушам. Биз сиздердин ийгиликтериңиздерге жана жетишкендигиңиздерге ар дайым кубанычтабыз”,- деди президент.

Германиядагы мекендештер Мамлекет башчысына негизинен виза, билим берүү, саламаттык сактоо, улуттук маданиятты, адабиятты, анын ичинде Ч. Айтматовдун чыгармаларын жайылтуу, инвестицияларды тартуу, Кыргызстандагы инвестициялык климатты жакшыртуу, айыл чарбасын өнүктүрүү, ‚Мекен карт‘ долбоору, Кыргызстан менен Германия ортосундагы эки тараптуу мамилелерди күчөтүү, эки өлкө ортосунда түз каттамды ачуу маселелерине байланыштуу суроолорду беришти.

Мамлекеттик башкаруу академиясы жана Ханнс Зайдель Фонду кызматташтык жөнүндө Келишимге кол коюшту

15-апрелде Мюнхен шаарында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы жана Ханнс Зайдель Фонду кызматташтык жөнүндө Келишимге кол коюшту. Документке кыргыз тараптан Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын ректору Алмазбек Акматалиев, Фонд тараптан Ханнс Зайдель атындагы Фондунун Эл аралык кызматташуу институтунун директору Сюзанна Лютер кол коюшту.Тараптар максаты Кыргыз Республикасынын мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлерин кошумча кесиптик даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу, Кыргыз Республикасында жергиликтүү деңгээлде парламентаризмди өнүктүрүү, ошондой эле Академиянын институционалдык мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу чөйрөсүндөгү окуу программаларын ишке ашыруу болгон «Борбордук Азияда натыйжалуу мамлекеттик башкарууну өнүктүрүү» долбоорунун алкагында кызматташуу боюнча макулдашышты.

Кыргызстандын экологиялык таза азыктары Германияга экспорттолот

Мюнхенде мындан тышкары 15-апрелде  «Кыргызстан жана Бавария: инвестициялык мүмкүнчүлүктөр» кыргыз-герман бизнес-форуму өттү. Аталган форумда сүйлөгөн сөзүндө С. Жээнбеков  бизнес-форумду мыкты уюштурган  германиялык досторго чын дилинен ыраазычылык билдирип. “Мен керемет шаар Мюнхенге биринчи жолу келдим. Шаардын архитектурасы жана кооз жайлары  адамды суктандырат.

Мюнхен, өзүнүн транзиттик жана өнөр-жай потенциалы менен Германиянын эң ири экономикалык борборлорунун бири болуп калды. Кыргыз-герман карым-катнашын бардык багытта мындан ары карай өнүктүрүү керектигин дагы бир ирет тастыктадык. Өзгөчө соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтык боюнча. Бүгүн биз менен бирге ар кандай тармактарда бай тажрыйбасы бар Кыргызстандык ишкерлер келди. Биздин ишкерлер германиялык ишканалар менен тыгыз кызматташууга кызыкдар. Экономиканын реалдуу кыймылдаткычы силер экениңерди биз жакшы түшүнөбүз, урматтуу бизнес өкүлдөрү. Тилекке каршы, Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы соода жүгүртүүнүн абалы жөнүндөгү маалыматтар мүмкүнчүлүктөрдүн толук пайдаланылбай жатканынан кабар берет. Акыркы үч жылда өсүү болгону менен 2018-жылы бул көрсөткүч болгону 80 млн долларды түзгөн. Алгачкы немис көчмөндөрү Кыргызстандын Талас шаарында жайгашып, чарба жүргүзүүнүн үлгүсүн көрсөтүшкөн. Немистердин жер иштетүү ыкмалары, немистердин тегирмендери жана нан бышыруучу жайлар кыргыз айылдарына гана эмес, Борбор Азиядагы бардык жашоочуларга үлгү болгон.

XX кылымдын 90-жылдарына чейин Кыргызстанда 100 миңге жакын немис жашаган». Германиянын ишкерлер чөйрөсүнүн көңүлүн төмөндөгүлөргө бургум келет: Өлкөбүздүн географиялык жактан жагымдуу жайгашуусу, бай жаратылыш ресурстары жана тажрыйбалуу, арзан жумушчу күчү — биздин табигый артыкчылыктарыбыз болуп саналат. Өлкөдөгү ийкемдүү билим берүү системасы кыска мөөнөттүн ичинде керектүү персоналды даярдай алат. Биз жагымдуу инвестициялык климатты, саясий жана макроэкономикалык туруктуулукту түзө алдык. Биз Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн 2040-жылга чейинки узак мөөнөттүү Стратегиясын кабыл алдык.

Экономиканын артыкчылыктуу тармактарын аныктадык. Алар — энергетика, тоо-кен жана жеңил өнөр-жайлары, айыл чарба жана кайра иштетүү, транспорт жана туризм. Стратегияда аймактарды өнүктүрүү, калктын жашоо деңгээлин жогорулатуу маселелерине өзгөчө орун берилген. Бизде биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу үчүн колдонулбай келген чоң мүмкүнчүлүк бар. Биздин кызматташтыктын келечектүү багыттарынын бири — өлкөдө биргелешкен кыргыз-герман ишканаларын түзүү боло алат. Регион боюнча бизде башкаларга караганда либералдуу салыктык режимдер иштейт. Пайда салыгы жана киреше салыгы болгону 10%дан болсо, ал эми кошумча нарк салыгы — 12%ды түзөт.

Арзан баадагы ресурстарга мүмкүндүк алуу, анын ичинде арзан эмгек күчү жана электр энергиясы биргелешкен ишканалар үчүн салыштырмалуу артыкчылык берет. Бизде электр энергиясынын баасы КМШ өлкөлөрүнүн ичинде эң арзан болуп саналат. Кыргыз Республикасында экономиканын бардык тармактары тышкы инвесторлор үчүн ачык”,- деди.

«Pellmeyer»  ишканасы уйдун кыгынан биогаз өндүрөт

Президент ошол эле Мюнхен шаарынын чет жакасында жайгашкан «Pellmeyer» айыл чарба ишканасында да болду. Ишкананын менеджери Томас Пеллмейер уйдун кыгынан биогаз өндүрүү боюнча иштөө принциптерин көрсөтүп берди. Анын айтымында, учурда фермада 200дөй уй багылып, алар сүттөн тышкары биогазды өндүрүү үчүн сырьё менен камсыз кылышат. Биринчи биогаз жабдыктары 1996-жылы курулган. Ошондон тарта ишкана энергиянын жаңыланма булактарын колдонууну кеңейтүү жана биогаз өндүрүшүн өнүктүрүү боюнча Баварияда жана Германияда флагман болуп калды.

Мамлекет башчысы ишкананы кызыгуу менен көрүп чыгып, Кыргызстанда энергиянын жаңыланма булактарын колдонуу мүмкүнчүлүгү толук ачылбай жатканын белгиледи. Бул жагынан алганда, ал бавариялык фермердин тажрыйбасын кыргыз экономикасына жакын деп баалап, бул алдыңкы тажрыйбаны үйрөнүүгө Кыргызстандын агрардык секторунун толук мүмкүнчүлүгү бар экенине ишенээрин билдирди.

ГФРдин Федералдык Президенти Франк-Вальтер Штайнмайер менен жолугушуу

16-апрелде С. Жээнбековдун ГФР Федералдык Президенти Франк-Вальтер Штайнмайер менен расмий жолугушуусу болуп өттү. Президент Сооронбай Жээнбековдун Германияга болгон расмий визитинин жыйынтыгы боюнча дипломатиялык алакалар, экономика жана өнөр жай, айыл чарба жана агро өнөр жай комплекси, билим берүү, туризмди өнүктүрүү жана соода-экономикалык карым-катнаш, каржы тармактарында бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду.

Ангела Меркель: Кыргызстан менен Германиянын экономикалык байланыштарын тереңдетүү зарыл

С. Жээнбеков Германиянын канцлери Ангела Меркель менен жолугушуусу да бир топ жемиштүү болду. «Кыргызстан менен Германиянын экономикалык байланыштары бар, бирок, аларды тереңдетүү зарыл», — деди Ангела Меркель. «Силер өз көйгөйлөрүңөрдү чечип жатасыңар — парламенттик демократиянын орношу, табигый жаратылыш ресурстарына болгон мамиле, геостратегиялык кыйынчылыктарды жеңүү жана көп тараптуу кызматташуу. Булардын баары бизди бириктирип турат», — деди Ангела Меркель.

Германия билим берүү жаатында жаштар менен алмашуу боюнча  эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөөгө багыт алгандыгын белгиледи. «Биздин өлкөлөр ортосунда билим берүү чөйрөсүндө 25 өнөктөшүбүз бар. Германияда 500дөн ашык студенттер окушат жана сиздердин делегацияда немис азчылыгынын өкүлдөрү бар. Алар биздин өлкөлөрдү бириктирген көпүрө болушууда. Бүгүн Кыргызстанда дагы 8 миң немистер жашашат», — деп белгиледи ал.

«Сиздер Кыргызстанды жана өлкөнүн өнүгүү чөйрөлөрүн жакшы көрсөттүңүздөр. Өлкөнү регионалдык бекемдөө боюнча милдеттерге чоң урматтоо менен караймын. Өзгөчө сууну пайдалануу жана климат чөйрөлөрүндө. Арал деңизин сактоо боюнча фонддун алкагында биз бул көйгөйлөрдү биргелешип чечебиз. Евробиримдик азыр Борбор Азия боюнча жаңы стратегияны иштеп чыгууда жана бул контекстте биз сиздер ЕБдан эмнени күтөөрүңүздөрдү уккубуз келет», — деп Германиянын Федералдык канцлери Ангела Меркель сөзүн жыйынтыктады.

1 млрд евро келишим түзүлдү

Президент Сооронбай Жээнбековдун Германияга расмий сапарынын жыйынтыгында эки өлкөнүн бизнесмендеринин ортосунда жалпысынан миллиарддан ашуун евролук келишимдерге кол коюлду. Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы кызматташтыктын келечектүү багыттарына — соода-экономикалык, өнөр-жай  тармагы, гидроэнергетика, жашыл экономиканы өнүктүрүү, айыл чарба жана туризм  кирет. Кыргызстан үчүн Германиялык инвестицияларды тартуу, чакан жана орто ишкердикти түзүү жана айыл чарбада кызматташуу актуалдуу болуп эсептелет.

«Алар эки тараптуу карым-катнаштын бардык тармактарын ичине камтып, өз-ара ишеним жана түшүнүү маанайында болуп  өттү. Кечээ Мюнхен шаарында Бавариянын жетекчилиги  жолугушууларды өткөрдүм.  Ханс Зайдел атындагы Фонддо чыгып сүйлөдүм. Кыргызстандын өнүгүүсү тууралуу кенен айтып бердим. Биз эки өлкөнүн бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү катышкан кыргыз-герман ишкерлер-форумун өткөрдүк.  Экономикалык кызматташтыкты активдештирүүгө багытталган байланыштар  түзүлдү.  Эки өлкөнүн өкмөттөрү жана мекемелеринин ортосунда 10дон ашуун маанилүү документке кол коюлду. Ишкерлердин ортосунда да бир катар келишимдерге жана меморандумдарга кол коюлду. Алардын жыйынтыгы 1 миллиарддан ашык евро түзөт», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

А. Белеков.

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз