Пятница, Апрель 3

Президенттер Жээнбеков менен Рахмон чек ара маселесин талкуулашты

0

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков  27-ноябрда  Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон менен жолугушту.

 Жолугушуу  28-ноябрда Бишкек шаарында өтө турган Жамааттык Коопсуздук келишими жөнүндө уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясынын алкагында болду.

 Мамлекеттер башчылары Кыргызстан менен Тажикстан ортосундагы кызматташтыктын олуттуу маселелеринин кеңири спектрин талкуулашты, эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн келечегин аныкташты.

 Сооронбай Жээнбеков жана Эмомали Рахмон эки өлкө ортосундагы кызматташтыктын кеңири маселелери боюнча, анын ичинде кыргыз-тажик мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча кызматташтыкты мындан ары карай бекемдөө зарылчылыгына көңүл бурушту.

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз