Среда, Октябрь 23

“Республика-Ата-Журт” партиясы барбы же жокпу?

Whatsapp Odnoklassniki LinkedIn VKontakte +

“Республика-Ата-Журт” партиясы эми жок деген билдирүү чындыкка дал келбейт. Партия юридикалык жактан жок кылына элек”, – дейт “Республика-Ата -Журт” фракциясынын депутаты Мирлан Жээнчороев.

Ал 2017-жылы “Ата-Журт” партиясы 2020-жылдагы парламенттик шайлоого өз алдынча баруу ниетин жарыялаганын жокко чыгарбайт. Бирок РАЖдын ишмердүүлүгүн токтотуу съезд аркылуу гана чечилиши керек деп эсептейт.

“Азырынча съезд чакырыла элек. Мындай чечим бир гана съезд аркылуу кабыл алынат. Өмүрбек Бабанов дагы “Республика” шайлоого өзүнчө бараарын жарыялаган, бирок мындай маселелерде курултай өтө электе эле чечим чыгара берүү болбойт”, – деп белгиледи Мирлан Жээнчороев.

Эске салсак “Ата-Журт” партиясынын теңтөрагасы Ахматбек Келдибеков бүгүн партия өз алдынча 2020-жылдагы парламенттик шайлоого даярданып баштаганын билдирген. Ал “Республика-Ата-Журт” деген партия 2017-жылы эле жок болгонун, бир гана парламенттеги фракциясы калганын, ал 6-чакырылыштын мөөнөтү соңуна чыкканга чейин иштей турганын айткан.

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз