Среда, Сентябрь 18

Россияда 29 жаштагы кыргыз жигит өлтүрүлдү

Whatsapp Odnoklassniki LinkedIn VKontakte +

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча Санкт-Петербургда 29 жаштагы Ысык-Көл областынын тургуну токмоктолуп өлтүрүлгөн.

Маалыматка караганда, Санкт-Петербургда 3-май күнү түнкү саат 2де полицияга көп кабаттуу үйлөрдүн биринен 25 жаштар чамасындагы кишинин денеси жатканын кабарлашкан. Өлгөн киши Кыргызстандын жараны Ысык-Көл областында 1989-жылы туулган С.Б болуп чыккан. Бул факты боюнча кылмыш иши козголгон.

Иликтөөнүн алдын ала жыйынтыгы боюнча касташкан мамилелердин негизинде пайда болгон мушташууда С.Б. каттуу токмоктолуп, алган жаракатынан улам өлгөн. Ал эми шектүү катары 1992-жылы туулган, мурда да кылмыш ишине тартылган М.М. аттуу жаран кармалган.

Соттук медициналык экспертизалар бүткөндөн кийин сөөктү өз мекенине жөнөтүү иштери жүргүзүлөт.

Эскерте кетсек жыл сайын 300дөй кыргызстандык ар түрдүү себептерден улам чет өлкөдө өлүп денеси Кыргызстанга алынып келинет. Алардын 91 пайызы Россияда эмгектенген мигранттар болуп эсептелинет.

Бөлүшүү

1 комментарий

  1. Аватар
    Аноним Датасы:

    Аллахым боодо кырсыктан сактасын. Арты кайырлуу болсун.

Комментарий жазыңыз