Среда, Октябрь 23

Россияда эмгектенген мекендеш памирлик кыргыздарга үй белек кылды (видео)

Whatsapp Odnoklassniki LinkedIn VKontakte +

Орусияда иштеген Кылыч аттуу кыргызстандык өкмөт тарабынан Памирден көчүрүлүп келген памирлик кыргыз Рамазандын үй- бүлөсүнө өзүнүн үйүн белек кылды. Бул тууралуу Илгиз Шаменов аттуу жаран өзүнүн Фейсбук баракчасына жазды.

Илгиз: “Ассаламу алейкум туугандар, эске сала кетсем памирлик кыргыздарга жардам керек, көңүл буруп койгула деп өкмөткө кайрылдым эле. Кудай буйуруп кыргыз элибиз ар тараптан колдоо көрсөтүп, Рамазандын үй- бүлөсүнө акчалай жардам берилди. Андан сырткары Россияда иштеп – жашаган Кылыч деген бир тууганыбыз Рамазанга Кара -Балта шаарынан баасы 20 миң доллардын тегерегинде турган үйдү белек кылды. Аллах ыраазы болсун!»-деп жазган.

Эскерте кетсек, ушул эле Фейсбук колдонуучу 5-октябрь күнү памирлик кыргыздарга жардам керек экенин айтып премьер-министрге кайрылуу жолдогон болчу.

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз