Пятница, Апрель 3

Саясатчылар бар кезде соттор ишсиз калбайт

0

Парламенттеги “Кыргызстан” фракциясынын лидери Канатбек Исаев мурдагы депутат Ширин Айтматованы сотко берет. Бул тууралуу ал “Азаттыкка” берген маегинде билдирди.

Анда Ширин Айтматованын иликтөөсүн «курулай ушак» деп баалап, аны сотко берип, андан айткандарын далилдеп берүүсүн талап кыла тургандыгын билдирген.

“Мен Токмок шаарын башкарып турганда китепкананы саткан жокмун. Биз мурунку китепкананы саттык. 2008-жылы 13-мартта мурунку мэр Арзымат Сулайманкуловдун кайрылуусу менен Токмок шаардык кеңеши маданий имараттардын тизмесинен бул китепкананы чыгарган. Ошол эле токтом менен менчиктештирүүгө кете турган тизменин катарында аныктап жатат. Ошол тизменин ичинде «мурунку китепкана» деп турат. Шаардык кеңештин ошол токтому чыккандан кийин жарым жыл өткөн соң, мен мэр болуп барып жатам. Демек мен китепкананы эмес, мурунку китепкананы сатып жатам», — деди Исаев.

Айта кетсек Ширин Айтматова өзүнүн ютуб каналынан видео кайрылуу жасап Канат Исаев 2007-2008-жылдары 100 жылдык тарыхы бар Токмок шаарындагы архитектуралык имарат болгон китепкананы бузуп, сатып жиберген деп айтып чыккан. Ал буга чейин дагы ушундай чуулуу окуяларды жарыялап келген. Мисалы мурунку иликтөөсүндө Жогорку Кеңештеги Чыныбай Турсунбеков, Бакыт Төрөбаевдерди ун тармагында кызыкчылыгы болгон үчүн өздөрүнө ылайыкташтырып мыйзам жазгандарын мындан бюджетке ири суммадагы акчалар түшпөй калганын айтып чыккан. Буга чычалаган эл өкүлдөрү Айтматованы жалган сүйлөдү кылышкан болчу.

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз