Пятница, Ноябрь 22

Сайдулла Нышанов акчасы жоктугунан Ата-Түрк паркынан алган жерине үй кура албай жүрөт

Whatsapp Odnoklassniki LinkedIn VKontakte +

Бир нече жыл мурда Бишкектин чок ортосундагы Ата-Түрк паркынын аймагы кыскарып, ал эми кыргыз “каймактары” жер тилкелүү болушканы коомчулукта чоң чыр жараткан. Парктын четиндеги бак-дарактар кыркылып, анын ордуна ошол учурдагы аткаминерлердин жоон тобу үй курушканы да маалым болгон. Жакында маалымат каражаттарынын бири ошол темага кайрылып парктан уурдалган жер тилкелеринин биринин ээси депутат Сайдулла Нышанов экенин белгилеген.

Сайдулла Нышанов чын эле парктын аймагындагы жер тилкеге ээлик кылаарын жашырбайт. Бирок ал бул атайын жасалган иш эместигин, Кыргызстандын жараны катары гана жер тилкесине ээлик кылуу укугунан пайдаланганын белгиледи.

“Мен ал жер тилкесин 2017-жылы алгам. Ар бир жаран жашоосунда бир жолу жер тилкесин алууга укуктуу. Мен дагы ушул укугумдан пайдаландым. Мен тастыктама үчүн миң сомго эле эсеп кылгам. Мен ал турмак жер тилкеси кайсы жерден кантип берилээрин да билбегем. Бизге жер тилкесин алууну каалагандар жазгыла дешти, жаздык, анан кызыл китеп беришти”, – деди депутат.

Айтымында ага дейре да депутаттар тобу ушундай жол менен жер тилкелүү болуп келишкен. Мурдагылар эски абамайдан тараптагы аймактан жерлүү болушкан. Болгондо да акысыз.

“Парктын жанынан мен гана эмес башка бир катар депутаттар да жер алышкан. Ондогон депутаттар. Бирок азыр алардын фамилиясы көрүнбөйт. Кыязы башка бирөөгө каттатышты же сатып жиберишти. Ал жактан жалпысынан 50-60 чакты адам жер алган. Анын тең жарымынан көбү сатып жиберишти. Мен бекер алдым, а көбү акчага сатып алышкан. Ошондуктан атайын бул жерди өзүмө калтырдым, 13 жылдан бери сындап келатышат, дагы да сындай беришсин”, – деген депутат жер темасын көтөргөндөр кайсы бир тараптын заказын аткарып жаткандар деген көз карашын ортого салды.

Ошондой эле айтымында ар бир келген мэр ал жерге жаңыча көңүл бурат. Бирок Нышанов парктын жанынан жер тилке берүү ылайыксыз болсо, анда аны алгандардан эмес бергендерден жообун сураш керек деген пикирде.

Нышанов Ата-Түрк паркынан кемирилген 7 сотых жерге ээ болгон. Анткен менен үй курганга чама-чаркы жетпегендиктен жер дагы деле бош турат. Бирок канча ызы-чуу, талаш болбосун ал жерден баш тартпайт, мыйзам карапайым жарандарды гана эмес, депутаттарды коргой алаарын көргүсү келет

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз