Среда, Октябрь 23

Сириядагы террористтер Түркиянын жай турмуштагы шаарларын аткылашууда

Whatsapp Odnoklassniki LinkedIn VKontakte +

Сириялык террористтер 11-октябрда Түркиянын Шанлыурфа провинциясындагы чек арага жакын жайгашкан Суруч шаарына минометтен ок чыгарышты. Минометтик снаряддардын жарылуусунун кесепетинен калк жашаган конуштардын эки жай тургуну каза тапты, дагы эки жаран жараат алды.

Кечээ ракеталык-минометтик ок чыгаруулардын жыйынтыгында Түркиянын түштүк-чыгышындагы Шанлыурфа жана Мардин провинциясынын калк жашаган конуштарынын жети жай тургуну каза тапты, анын бешөөсү жаш балдар жана өспүрүмдөр, бири тогуз айлык бөбөк.

Жейланпынар районундагы жардыруудан 11 жаштагы Элиф Терим менен Мазлум Гюшен көз жумду.
Нусайбин районуна YPG/PKK террористеринин аткан огунан 48 жаштагы Фатма Йылдыз менен анын кыздары: 12 жаштагы Эмине менен 15 жаштагы Лейла каза тапты.

Акчакале шаарында 9 айлык бөбөк Мухаммед Омар менен 58 жаштагы Жихан Гюнеш да террористтердин огунан шейит кетти.

Сириянын түндүгүндө жума күнү үч түрк аскер кызматкери көз жумду.
“Тынчтык булагы” терроризмге каршы масштабдуу операциясын Түркия Сириянын Евфрат дарыясынан чыгышты карай кеткен аймагында 9-октябрда баштаган. Мындай аталышты алган операциянын максаты Түркиянын чек арасындагы террористтик коркунучту жок кылуу жана сириялык качкындардын мекенине кайтышына шарт түзгөн коопсуздук аймагын түзүү болуп саналат.

Операцияга Түркиянын Куралдуу күчтөрүнүн жарымы жана Сирия улуттук армиясынын оппозициялык бөлүмдөрү тартылган. Операция өткөрүү чечими БУУнун Уставынын мамлекеттердин өзүн коргоо укугун тааныган 51-беренесине негизделген.

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз