Пятница, Ноябрь 22

Сүлүктүнүн көмүрү эмнеге кымбат?

Whatsapp Odnoklassniki LinkedIn VKontakte +

“Өтүгү жокко өзүм барам, тону жокко салам айт”,- деп, кыш да кирип келатат. Андыктан баарыбыз көмүр издеп каларыбыз белгилүү. Бактыга жараша Кыргызстанда көмүр жетиштүү. Адистердин эсептөөсү боюнча тоолуу өлкөбүздө 300 млн. тоннадан ашык көмүрдүн кору бар жана ал кеминде ички керектөөбүзгө 300 жылга жетет. Бирок бир гана маселе, ошол өзүбүздө бар байлыктын кымбаттыгында же карапайым калктын аны сатып алууга мүмүкүнчүлүгү чектелүү болууда.

Өткөн жумада КРнын Улуттук статистика комитети өлкөбүздүн көмүр рыногунда учурдагы баалардын абалын жарыялады. Анда республиканын 18 калк жашоочу пункттары боюнча кыскача обзор берилген.

Чекене баалардын күн сайын жүргүзүлүүчү мониторингинин маалыматтарынын негизинде үстүбүздөгү жылдын 17-октябрына карата көмүрдүн орточо керектөө бааларынын талдоосу жүргүзүлгөн. 

Маалымат үчүн: Керектөөчү (чекене) баа – алар соода ишканаларында, рыноктордо же кызмат көрсөтүү чөйрөлөрүндө, ошондой эле көчүп жүрүүчү соода түйүндөрүндө (киоск, чатыр ж.б.) элге чекене сатылуучу товардын же кызмат көрсөтүүнүн иш жүзүндөгү баасы. Керектөөчү баа – керектөөнүн акыркы баасы болуп саналат жана ал өзүнө кошумча нарк салыгын (КНС), акцизди, сатуудан алынган сатыкты жана башка кыйыр салыктарды, ошондой эле товарларды өткөрүүчү тордун уюмдарынын чыгымдарын камтыйт.

Өткөн жуманын ичинде көмүрдүн орточо республикалык баалары бир тонна үчүн 27,04 сомго же 0,6 пайызга жогорулады.

Аймактардын тиги же бул калк жашаган аймактарынын рынокторунда көмүрдүн чекене бааларынын олуттуу дифференцияциясы байкалды. 2019-жылдын 17-октябрына карата абалы боюнча көмүрдүн максималдуу орточо керектөөчү баалары Баткен шаарында (бир тонна – 8500 сом), Кара-Суу шаарында (бир тонна – 7745,97 сом) жана Ноокат шаарында (бир тонна – 6986,64 сом) катталды. Ушул эле учурда, минималдуу чекене баалар Чаек айылында (бир тонна – 2500 сом), Нарын шаарында (бир тонна  – 3646,92 сом) жана Балыкчы шаарында (бир тонна – 3694,59 сом) байкалды.

Муну менен бирге, көмүрдүн чекене баалары Баткен шаарында – тоннасы 1500 сомго олуттуу түрдө жогорулады. 

Таблица: Кыргыз Республикасынын айрым калк жашоочу пункттарында көмүрдүн  орточо керектөөчү баалары

                          (бир тонна, сом)

2019-жылдын 

10-октябрына

2019-жылдын

17-октябрына

                      Четтөө:

өсүүсү (+), төмөндөөсү (-)

Кыргыз Республикасы 4497,80 4524,83 27,04
Каракол ш. 5633,12 5613,40 -19,71
Балыкчы ш. 3694,59 3694,59 0,00
Кербен ш.  4200,00 4300,00 100,00
Токтогул ш. 5714,29 5714,29 0,00
Жалал- Абад ш. 4932,42 4932,42 0,00
Чаек а.  2500,00 2500,00 0,00
Нарын ш. 3646,92 3646,92 0,00
Исфана ш. 6187,08 6140,03 -47,05
Баткен ш. 7000,00 8500,00 1500,00
Кара-Суу ш. 7745,97 7745,97 0,00
Ноокат ш. 6938,79 6986,64 47,86
Өзгөн ш. 4638,88 4638,88 0,00
Покровка а. 4200,00 4200,00 0,00
Талас ш. 4749,74 4799,74 50,00
Кара-Балта ш. 3849,68 3849,68 0,00
Токмок ш. 4014,03 4014,03 0,00
Бишкек ш. 3874,68 3874,68 0,00
Ош ш. 6198,37 6198,37 0,00

 

Статистикада көрүнүп тургандай, эң кымбат көмүр Баткен ( 1 тоннасы – 7000 сом жана Кара-Суу шаарында (7745 сом) болууда. Ал эми Чаек айылында  эң арзан же – 2500 сом. 

Эмне үчүн бир эле мамлекетте көмүргө болгон баа ар башка? Ооба, адистер же тиешелүү көзөмөл органдары мындай айырмачылык аны казып алууга кеткен чыгым менен байланыштуу экендигин айтышы мүмкүн. Алардыкы деле туура. Себеби мисалы, Чаекке ошол аймактагы жердин үстүнөн эксковатор менен сузуп алынган Кара-Кече кенинин көмүрү жеткирилсе, Исфана жана Баткен шаарларында негизинен Сүлүктүнүн көмүрү сатылат. Ал эми Сүлүктүдө көмүр жер астынан бир нече метр, айрым шахталарда жүз метрге жакын тереңдиктен кол менен казылып, андан соң ошончо бийиктикке, жер үстүнө ар кандай техника, кээде кол менен тартылып чыгарылат. Сүлүктү демекчи, мындан эки жумадай мурда ал жердеги жеке менчик шахталардын биринен өз алдынча көмүр казып жаткан үч адам ( булар бир үй-бүлөнүн бир туугандары болушкан) газга ууланып каза болуп калды. Андан бир күн мурда ушундай эле кайгылуу окуя Кызыл-Кыядагы шахталардын биринде да болуп, анда да үч адам газга ууланып, көз жумду. Демек, Сүлүктү, Кызыл-Кыя жана башка өлкөбүздүн түштүгүндөгү айрым шахталардын көмүрү кымбат гана эмес, адам өмүрү үчүн да коркунучтуу болуп саналат. Себеби дайыма адам өлгөндө эле “Булар мыйзамсыз, уруксатсыз көмүр казышкан…”,- деп жоопкерчиликтен кутулуп, “өлгөндүн үстүнө көмгөн” кылган тиешелүү мамлекеттик көзөмөл органдары алдын ала жердин тереңиндеги көмүр казып жаткан шахтёрлор үчүн керектүү шарттар – таза аба кирүүчү жабдыктар орнотулгандыгын текшеришпейт. 

Дагы бир белгилей кетүүчү жагдай, өлкөбүздөгү эң кымбат болуп саналган Сүлүктүнүн көмүрү көпчүлүк учурда үйлөрдү жылытуудан тышкары набайканаларга, шашлык бышыргандар үчүн колдонулгандыктан жана бышып жетилип, табы күчтүү күрөң көмүр болгондуктан, күйгөндө Кара-Кеченикиндей кара түтүн чыгып, ышы аз болгондуктан да баалуу. Сүлүктүнүн көмүрүнүн кымбат болуусунун дагы бир себеби – дал ушул сапаттуулугунан улам кошуна Тажикстан менен Өзбекстандын керектөөчүлөрү сатып алышкандыктан суроо-талап жогору. Демек, жеке менчик шахта ээси – көмүр королу канчалык күн суутуп, кыш жакындаган сайын, көзүн май басып, каалаган баасын коюп алат. Албетте, Кыргызстандын эң алыскы аймагы болгон бул аймактын көмүрүн башка район, шаарларга жеткирүү үчүн кеткен чыгым да өздүк наркына кошулат.

Бирок ушул жагдайлар гана Сүлүктү көмүрүнүн баасы кымбат экендигине негиз болууда десек, терең жаңылышабыз. Башкача айтканда, акча суудай агылган жерде жергиликтүү бийликтен тартып, крминалдарга чейин өз “долялары” бар экендиги эл арасында айтылып келүүдө. Бизге жеткен маалыматтар боюнча, ар бир көмүр казган шахталардын ээлери мына ошол “крышаларга” бир тоннасына миң сомдон “салык” төлөп турушат. Ошол эле учурда мамлекеттин казынасына жарытылуу салык түшпөйт. Ал эми шахталардан айрыкча сезон маалы деп эсептелген күз мезгилинен тартып, көмүрдүн акыркы чогу өчкөн тээ көктөмгө чейин кайсы шахтадан канча көмүр казылып жаткандыгын эсептеген бир да мамлекеттик көзөмөл органы жок. Бул айткандырыбызга далил үчүн бир кезде бүтүндөй Борбор Азиянын кочегары аталган шаарга кире бериште да, чыга бериште да же шахталардын айланасында деле тараза жоктугу далил болот. Айтор мамлекеттин алтынга барабар байлыгы “прихватизация” башталган башаламан заманда шылуун-шумпайлар тарабынан жарыбаган акчага менчикке берилип кеткен. Алар бүтүндөй Кыргызстанды сызга отургузуп, азыр Америкада “фура” бизнеси менен шугулданып жүргөн экс-вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевге окшогон шылуундар.

Сүлүктүдөгү дагы бир көйгөй – ошол өмүрүн тобокелге салып, таза аба, суу жок жердин түпкүрүнө түшүп иштеп, ден соолугунан, керек болсо өмүрүнөн ажырап жаткан шахтёрлордун укугу корголбогондугу. Башкача айтканда, шахта ээси болгон кожоюн шахтёрлорду жумушка алганда эч кандай келишим түзбөйт жана маяна да төлөбөйт. Анда алар эмнеге иштешет? Бизге жеткен дагы бир маалыматтарга ылайык, шахтёрлор кулдай бекер иштешип, көмүрдү сатып алуучунун машинасына жүктөп берген акысы үчүн гана келишим түзүп, жарыбаган акча алышат. Мисалы, төрт жигит бир күндө 20 тонна көмүрдү кол менен жүктөсө, орточо 20 миң сом алып, ошого гана ыраазы болуп иштешет. Демек, соцфонд, салык кызматы жана башка төлөмдөр шахта ээси тарабынан да, шахтёрлор тарабынан да төлөнбөйт. Бул мамлекетке гана эмес, ал шахтёрдун келечекте пенсиясына, кокус ооруп калса, дарылануусуна да келтирилип жаткан чоң зыян. Дал ушул жагдайдан улам, жогорудагыдай адам өлүмү катталган учурда жергиликтүү жана тиешелүү бийликтер “Булар мыйзамсыз көмүр казышкан…”,- деген шылтоону бетке кармап, тоодой балээден кутулуп кетишүүдө. Дагы бир белгилей кетүүчү жагдай, айрым иштегени үчүн маяна талап кылган шахтёрлорду шахта ээлери өздөрүнө “крыша” болгон криминалдарга сабатып, коркутуп коюшат. Алар эч жерге арыздана алышпайт. Себеби милициядан тартып, сот, прокурор, сотко, керек болсо мэрге чейин акчасы көп шахтанын ээсинин сөзүн сүйлөп, таламын талашат. Мындай окуяларга биз өзүбүз бир туугандарыбыз кабылып, эч бир мамлекеттик органдарга арыздануудан майнап чыкпай койгондон улам айтып жатабыз.

Ал кезде “балык башынан сасыган” Акаев, Бакиев, Атамбаевдердин заманы эле. Азыр болсо учурдагы президентибиз Сооронбай Жээнбеков коррупцияга каршы каттуу күрөш жарыялап, жэе-ичкен чиновниктерди четинен камап, жер казынасын талап-тоногондорго каршы да аёсуз чараларды көрүүдө жана карапайым элдин үнүн угууда.

Сооронбай Жээнбеков былтыр Ош облусунун чиновниктери менен жолукканда “Коррупция Бишкекте, Ак үйдө эле эмес, аймактарда да бар, шашпай тургула, силерге да жетебиз…”,- деп айткан болчу. 

Эми президент ошол аймактардагы коррупцияны Сүлүктүдөгү көмүр кендериндеги абалдан баштаса, көптөгөн былык иштердин бети ачылып, көмүрдүн бир тоннасынын баасы эмнеге жети миң сомго чыгып жаткандыгынын себеби аныкталып, миллиондогон сомдор бюджеттин казынасына түшмөк жана үй-бүлөсүн багам деп ден соолугунан, өмүрүнөн ажырап жаткан карапайым шахтёрлордун укугу корголмок.

Адилет Жапаров.

 

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз