Вторник, 4 августа

Тынар Курбаналиев эки тараптуу пневмония менен жабыркап жатат

0

Куудул Тынар Курбаналиев эки тараптуу пневмония илдети менен жабыркап жатат. Учурда Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы аймактык ооруканада дарыланып жаткан куудулга байланышканыбызда, абалы канааттандырарлык экенин айтты.

“Аймактык ооруканада дарыланып жатам. Бейтапканага 5 күн мурда кайрылгам, эки тараптуу пневмония диагнозу менен жаттым. Акыбалым канааттандырарлык, дарыгерлер жакынкы күндөрү жакшы болуп кетесиң деп жатышат”, – деди ал.

Буга чейин ырчы Дайыр Исмадияров коронавирус инфекциясынын жеңил түрү менен жабыркап, ооруну жеңгени кабарланган. Мындан тышкары ырчы Айпери Сыдыкованын жана ырчы, дастанчы Азиз Батыровдун ооруп калганы белгилүү болгон. Ал эми ырчы Гүлнур Асанова коронавирус инфекциясынан айыкканын айтып берген.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз