Тажикстан жана Кытай масштабдуу аскердик машыгуу өткөрөт

Whatsapp Odnoklassniki LinkedIn VKontakte +

Машыгуунун максаты – чек арадагы аракеттерди координациялоо жана террорчулук менен күрөшүү.

Тажикстан менен Кытайдын куралдуу күчтөрүнүн биргелешкен машыгуусу Тоолуу-Бадахшан автономиялуу облусунда (ТБАО) өтөрүн avesta.tj агенттигине Тажикстандын Коргоо министрлигинин пресс-борборунун началниги Ориф Нозимиен билдирди. 

Анын айтуусунда, эки өлкөнүн куралдуу күчтөрүнүн ТБАОдогу биргелешкен машыгуусу үстүбүздөгү жылдын июль айынын соңуна белгиленген. 

«Бул биринчи толук түрдөгү тажик-кытай биргелешкен машыгуусу», – деди Нозимиен. 

Анын маалыматына ылайык, машыгуу ТБАОнун гарнизонунда өтөт. Тажикстандан Аскер аба күчтөрүнүн, Абадан коргонуу жана жөө аскерлер күчтөрүнүн жоокерлери катышат. 

«Ошондой эле өлкөнүн күч блогунун жана ТБАОнун аскер гарнизонунун жеке курамы катышуусу күтүлүүдө», – деп кошумчалады пресс-катчы. 

Машыгуунун максаты – чек арадагы аракеттерди координациялоо жана террорчулук менен күрөшүү. 

 

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз