Суббота, 31 октября

Таласта «Жерүй» алтын кенин карантинге жабууну талап кылышууда (Видео)

0

Талас шаарынын тургундары «Жерүй» алтын кенин карантинге жабууну талап кылышууда. Бул тууралуу активист Айбек Бусурманкулов билдирди.

Анын айтымында, алтын кен компаниясынын кызматкерлеринин бири пневмония илдетинен улам көз жумган.

«Жергиликтүү тургундардын айтымында, компания ооруп жаткан кызматкерди ооруканага жеткирген эмес. Алар бейтапты аймактан алып чыгып, жолго таштап коюшкан. Аны достору алып кетишкен. Айыл тургундары коронавирус илдети районго жайылып кетет деп кооптонуп жатышат», — дейт Айбек Бусурманкулов.

Митинг бүгүн да уланат. Алтын өндүрүү компаниясынын жетекчилиги жергиликтүү тургундардын суроо-талаптарына 16.00гө чейин жооп бериши керек.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз