Среда, Сентябрь 18

Террорчулук жана экстремизм менен күрөшүү – ШКУнун артыкчылыгы

Whatsapp Odnoklassniki LinkedIn VKontakte +

Путин ШКУнун Россиянын төрагалыгынын алкагындагы өнүгүүсүн кандай көрө тургандыгын бөлүштү.

Россиянын Шанхай кызматташтык уюмундагы (ШКУ) төрагалыгынын мезгилиндеги артыкчылыктуу багыттарынын бири террорчулук жана экстремизмге каршы күрөш жүргүзүү болуп кала бермекчи. Бул тууралуу  Россиянын президенти Владимир Путин ШКУ өлкөлөрүнүн башчыларынын кеңейтилген жыйынында билдиргендигин «Кабар» агенттиги маалымдады.

«Негизги милдеттердин бири катары террорчулук жана экстремизмге каршы күрөшүү болуп кала бермекчи. ШКУнун аймактык антитеррордук структурасынын алкагында кызматташтыкты жандандырууну маанилүү деп эсептеймин. Террорчулардын маңзат соодасынан түшкөн каржылык кирешесин ооздуктоо керек. Алардын колуна биологиялык, химиялык жана башка массалык кыргын салуучу куралдардын түрлөрү тийбеши үчүн баардык аракетти көрүү зарыл», – деди Путин.

Анын айтуусунда, Россия да интернетте жана маалыматтык-коммуникациялык технологияда террорчулук жана экстремизм идеясын пропогандалоону үзгүлтүккө учуратуу боюнча тыгыз биргелешип иштешүүгө кошулат.

Президент Афганистандагы кырдаал өзгөчө көңүл бурууну талап кыла тургандыгын баса белгиледи.

«Россия ошондой эле бул уюмдун мүчө-мамлекеттеринин ортосунда өз ара пайдалуу экономикалык байланыштарды чыңдоого ниеттенүүдө. Өз ара пайдалуу жана аймактык соода, инвестициялык жана гуманитардык байланыштарды кеңейтүү албетте, уюмдун алкагында жаңы механизмди түзүүгө сөзсүз жол ачат», – деди Путин.

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз