Среда, Октябрь 23

Токаев Жээнбековдун жолуна түштүбү?

Whatsapp Odnoklassniki LinkedIn VKontakte +

Казакстанды отуз жылга жакын башкарып, Элбасы титулуна ээ болгон, “түбөлүк хан” атка конгон мурдагы президент Нурсултан Назарбаев быйыл ордун күтүлбөгөн жагдайда эле Касым-Жомарт Токаевге өткөрүп бергенде баардыгыбыз таң калганбыз. Анткени постсоветтик, борбор азиялык өлкөлөрдө президенттер ордун көзү өткөндө же Кыргызстандагыдай революция болуп, куулганда гана бошотот эмеспи. Ал эми Назарбаев мураскер катары, казак журту “күтүп жүргөндөй” кызы Даригага эмес, тууганчылык байланышы жок,  кесиби дипломат Касым-Жомарт Токаевди тандап алышы эки эсе күтүлбөгөн окуя болду. Аналитиктер бул жагдайды жашоо-шарты улам начарлап бараткан карапайым казак элинин учурдагы бийликке, чиновниктерге карата терс маанайы, өлкөдөгү бийлик кризиси менен байланыштырышкан. Эгер Дарига Назарбаева же башка бир Нурсултан Назарбаевдин кыздары менен неберелери президенттикке көрсөтүлүп, администратордук күч менен шайланып калса, анда 2005 же 2010-жылдарда Кыргызстанда болгондой революция-төңкөрүш чыгып кетиши мүмкүн эле…

Бирок Касым-Жомарт Токаев бийликке келгендигине саналуу гана айлар болгондугуна карабай, Нурсултан Назарбаев менен мамилеси бузулуп, ортолорун кара мышык аралап жаткандыгы тууралуу имиштер айтылууда. Эл арасында имиш деңгээлинде айтыла баштаган бул жагдайды ушул жумада “Ведомости Казахстана” басылмасы жазды.

Эмне үчүн эки президенттин мамилеси туюкка кабылгандыгынын беш себеби

Жаңы шайланган, Ак Ордонун кожоюну, президент Касым-Жомарт Токаев менен улут лидери, мурдагы президент Нурсултан Назарбаевдин мамилелери туңгуюкка такалгандыгын мындан ары жашырууга мүмкүн болбой калды. Ооба, 2019-жылы жазында бийликке келип жатып Токаев мурдагы президентке сый-урматтын белгиси катары борбор калаа Астананы Нур-Султан деп өзгөртүү тууралуу алгачкы буйрукка кол койгон. Бирок акыркы эки айдын аралыгында эски жана жаңы президенттердин мамилеси “муздак согуш” деңгээлине түшүп, командалары да бири-бирине тиш кайрап калышкандыгы ачыкка чыга баштады. Демек, азырынча түтөгөн абалдагы эски-жаңы бийликтин мамилеси бир күнү жалбырттап күйүп кетип, анын кесепети өлкө коопсуздугу үчүн да коркунучтуу болушу мүмкүн…

Баардыгы эмнеден башталды? 

№ 1 себеп.  Касым-Жомарт Токаев буга чейин “ыйык дата” болуп келген 6-июль – Астана (Нур-Султан) шаарынын, ошол эле учурда Елбасынын Туулган күнүн майрамдабай койгон. 

Бул экс-президент жана анын тегерегиндегилер үчүн өтө оор сокку болуп саналат. Эгер жогорку кызматтагы чиновниктер жаңы президенттин мындай мамилесин көңүлгө албаса, эч кандай деле олуттуу окуя болмок эмес. Себеби бийлигин өз каалоосу менен мураскерине өткөрүп берген соң, ал жаңы мамлекет башчынын жаңы кадамдарын да туура кабыл алууга тийиш. 

Бирок кызганыч, эгоцентризм, орунсуз  ностальгия, кайрадан саясый оюндарга аралашуу азгырыгы жана мамлекетти башкарууну эңсөө бери эле дегенде саясый маданияттын жоктугун далилдеп турат. Болгондо да отуз жылга жакын бир адамдын башкаруусунда жашап, бир системадан тажап бүткөн өлкө жарандары эми жаңыланууну, өзгөрүүлөрдү каалап жана талап кылып жаткандыгын туура түшүнүү керек. Эгер Токаев мындай жолго түшпөсө же Назарбаевдин куурчагына айланып калса, анда бүтүндөй өлкө кризиске кабылат.

 № 2 себеп. Мамлекеттик аппарат Токаевге баш ийгиси келген жок

Ар бир мыйзамдуу шайланган президенттин колунда чоң бийлик бар жана постсоветтик мейкиндикте баардык кол астындагы чиновниктер анын гана айткандарын аткарып, көзүн карап калышат эмеспи. Ошол эле учурда мамлекеттик деңгээлдеги маанилүү маселелер боюнча дүйнөлүк деңгээлдеги кадыр-баркы жана мамлекетти башкарууда чоң тажрыйбасы бар мурдагы жетекчинин кеңешин угуп, чогуу чече турган жагдайлар болот. Ал эми мурдагы президент ордун бошотуп берген соң, мураскорунун өз алдынча жүргүзгөн иштерине кызганчаактык мамиле жасабай, туура түшүнүшү зарыл. 

Бул жерде жөнөкөй гана аныктама берсе болот – бийлигиңди өткөрүп берүүгө даяр эмессиңби, бийликсиз жашай албайсыңбы, анда өткөрүп бербей эле кой! Канткен менен бийлигиңди бердиңби – жаңы шартка ылайыкташып жашап, башыңды өйдө көтөрүп жүр. Антпесең, ортодо тирешүү күч алып кетип, анын арты эмне менен бүтөрү белгисиз… 

 № 3 себеп. Мухтар Жакишев

 Казакстандагы ар бир акыл эси ордунда адамга “Казатампромдун” мурдагы жетекчиси качкын олигарх Мухтар Аблязов менен 10 жылдан бери дос эмес экендиги белгилүү. Бирок Токаевдин Жакишев менен жакшы мамиледе болуусу эски бийликтегилердин кыжырын келтирүүдө.

 Бул айткандарга жөнөкөй эле мисалдан ишенсе болот. Эң оболу өлкөнүн башкаруучу партиясы болгон “Нур-Отандан” саясый демилгелер чыкпай, эски команданын жаңы бийликке сөзү өтпөй калууда. 

Партиянын лидеринин биринчи орун басары Бауржан Байбек убакыт ага же өзү башкарган партиянын пайдасына иштебей жаткандыгын сезип, жаштарды тартуу үчүн жаңыча жашоо формуласын ойлоп тапты. Ал тургай катарына күчтүү менеджерлер менен оппозициялык багыттагы саясатчыларды да кабыл алууга даяр экендигин жарыялап жиберди. Албетте, анын бул аракети майнапсыз экендиги белгилүү. Бирок мындан башка жол жок болууда.

 Бауржан Байбектин мындай “реформаторлук” чакырыктарынан бир ай өткөн соң эч кандай өзгөрүү да, катарына кошулган жаңы күчтөр да көрүнбөй, баары эски бойдон кала берди. Демек, эски кеме эски эле кейпинде сүзүп баратат же бийликти бергиси келбегендиги ачыкка чыгып калды. Себеби булар коом менен эч кандай ачык диалогго барбай, администрациялык ыкма менен гана башкарууну уланткыс келишүүдө. 

Бир гана белгилүү жагдай – алар мурдагыдай эле майлуу, сүттүү кызматтарды ээлеп, креслосун бошоткусу келишпейт.  

 № 4 себеп. Коомдук ишенимдеги Улуттук кеңеш

Бул себеп мурдагысы менен айкалышууда.  Бул карапайым элге материалдык жыргалчылык же эркиндик тартуулоо эмес, сөз жүзүндөгү жаңы идеология же филосомиялык чакырыктар.  

Элитанын бир тобу мурдагыдай жашоо мындан ары болбой тургандыгын эң сонун түшүнөт. Себеби коомчулук менен бийликтин ортосундагы көзгө көрүнбөгөн темир тосмо алынмайынча, эч кандай жаңылануу ишке ашпайт.  

Ал эми элитанын башка бир тобу бүгүн жана азыр гана материалдык жыргалчылыкка жетүүнү көздөйт жана мамлекеттин негизги өзөгү болгон элди оптикалык көз айнек аркылуу кароодо.  Бул элитанын тобу башкалар менен тил табышууга жөндөмсүз.  Ооба, алар керек учурда ойдон чыгарылган жана утопиялык идеяга сугарылган чакырыктарды жасап, элди жаңы жумуш орду менен камсыздоо, шахталардагы шартты оңдоо жана башка социалдык жыргалчылыктарды айтып коюуга жөндөмдүү. Булар мындай кадамга биричи топтогу элитаны жеңүү же элди өзүнө каратуу үчүн гана барат.

 Качан гана бул жеңишке жетишкенде, бул топ сөзсүз түрдө баарын сатып, жалаң гана өздөрүнүн партиялаштары, тууган-уруктарын жакшы кызматтарга коюу менен алпуруша баштайт. Ошондуктан Казакстанда бүгүнкү күндө түзүлүп калган реалдуу кош бийлик жана эки президенттердин ортосундагы тирешүү – бул тагдырдын “белеги” болуп саналат. 

 Кандай деп айтканыбыз менен  президент Касым-Жомарт Токаев – бул 30 жылдан бери түзүлгөн “сенек” доорду талкалоочу программа, “вирус”, былгып жаткан сазды кыймылга келтирген “муз жаргыч” жана асманга чыгып кетип, Казакстандын карапайым элин адам катары санабай калган  VIP-персоналарды жерге түшүрө турган кыймылдаткыч күч болуп калууда.  

 Ушундай боло берсин, эски-жаңы кландын ортосундагы тирешүү күчөсүн, баарибир бул “согуштун” артында жеңүүчү болбойт. Бул өлкөнү сактап калуунун, саясый аренага жаңы күчтөрдү чыгаруунун жападан жалгыз реформасы.

 № 5 себеп. Улуттук компаниялар менен холдингдердин “акыры”

Бул казак бийлигинин жогорку эшалонундагы эки кландын өз ара мамилесиндеги өтө татаал жагдай. Ал мурдагы жана азыркы президенттердин ар кайсы мезгилде жасалган эки Кайрылуусуна үндөшүп кетет. Бири, жаңысы элдин илгери үмүт-тилегин пайда кылып, колдоого ээ болуу мүмкүнчүлүгүнүн алдында турса, экинчиси ондогон жылдар боюу бюрократиялык, диктаторлук ыкма менен элди башкарып, экономикалык көйгөйлөрдү жараткан. Ага бир гана Элбасы эмес, өлкөнүн негизги байлыгын басып жана ээлеп алган улуттук компаниялар менен холдингдердин эки жүздүү, жалкоо жетекчилери күнөөлүү. 

Албетте, бир кезде бул мамлекеттик компаниялар менен холдингдер бийликтегилерди жана алардын туугандарын багуу, байлык топтоосуна шарт түзүү үчүн түзүлгөн.  Андан кийин бул жагдайды шылуун-шумпайлар жеке кызыкчылыгы үчүн пайдаланып, ири мамлекеттик мекемелерди  жеке менчигине каратып алуу менен миллиардаган байлыктын ээси болуп чыга келишти. Ошол эле учурда жакыр эл ого бетер кедейчиликтин сазына батты. 

 Бир гана “КазАгро” холдинги чыгашалуу деген шылтоо менен 500 млрд. теңге жоготкондугун жарыялаган. Иш жүзүндө бул акча ушул афёранын артында турган жогорку кызматтагы чиновниктердин коррупциясы болуп саналат. Алар эбегейсиз суммадагы акчаларды өздөрүнүн туугандарына сыйлык иретинде которуп алышкан.  

 Мындан тышкары “КазАгронун” айрым жетекчилери ушунчалык кутургандыктан, АКШ жана Уругвайдын жарандарын аралаштыруу менен ал жактан баасы кымбат мал алып келдик деп документ түзүшкөн.  

“Самрук-Казына” боюнча да абал жакшы эмес. Бул холдинг эбак эле натыйжасыз менеджерлердин акча жеген акыры экендиги эбак эле белгилүү. Анда акчалардын мыйзамсыз жана максатсыз которулуусу демейки эле көрүнүшкө айланып калган. Баарынан да бул фонддо кызмат орундары үчүн “соода” кызып, ким көп пара берсе, ошол жогору кызматты ээлеп калган. 

Бул эски  казак бийлигиндеги баардык ушул жагдайлар жакында ачыкка чыгары айтылууда. Андыктан Касым-Жомарт Кемелевичтин эң ыңгайлуу тарыхый – бул союлду колуна алуу  мүмкүнчүлүгү бар. Демек, “үйдө ким кожоюн экендигин” көрсөтүү үчүн жана мурдагы VIP-персоналарды саясый аренадан кетирүүгө шарт түзүлүп турат. Кээде башкаларга сабак болсун үчүн айрым коррупционерлерди каттуу жазалап коюу керек эмеспи.

Айтор, Казакстандын жаңы президенти Касым-Жомарт Токаев өлкөнү 30 жылдык саясый жана экономикалык кризистен алып чыгып, калың элдин колдоосуна ээ болуу үчүн Кыргызстандын жаңы президенти Сооронбай Жээнбеков өзүн бийликке алып келген “эски досу” Алмазбек Атамбаевди садага чапкандай эски эмес, жаңы жолду тандап алгандыгын байкасак болот.

Баса, келерки айда Казакстандын президенти Кыргызстанга расмий иш сапар менен келери күтүлүүдө. Балким, ал чоң атасы балдар үйүндө чоңойгон жана ачкачылыктан жан сактап калган Кыргызстандын борборунда мындан аркы саясый жолдо кандай кадам жасоону тажрыйба топтоп калган кыргыз президентинен үйрөнүп кайтар…

Адилет Жолдошев.

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз