Среда, Октябрь 23

Түрк авиациясы Сирияга сокку урду

Whatsapp Odnoklassniki LinkedIn VKontakte +

Түрк авиациясы Сириянын түндүк-чыгышындагы күрддөрдүн позициясына сокку урду. Ливандык басылмалардын маалыматына караганда чабуул күрд куралдуу топторунун башкы кеңсеси жайгашкан Хасака провинциясында болгон. Курмандыктар жана жабыркагандар тууралуу маалымат жок.

Буга чейин Түркия президенти Режеп Эрдоган түрк аскерлери Евфрат дарыясынын чыгышындагы аймактарда аскердик операция баштоого даяр экенин жарыялаган.

Түркия тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Иран ТИМ башчысы Мухаммед Жавад Зариф менен телефондук сүйлөшүүсүндө түрк армиясынын аракети убактылуу экенин, Анкара Сириянын аймактык бүтүндүгүн сыйлай турганын айтты.

Сириядагы күрддөр «Ислам мамлекети» экстремисттик тобуна каршы күрөшүүдө АКШнын башкы өнөктөштөрү, ал эми Түркия күрд куралдуу топторун террордук уюм катары эсептейт.

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз