Түркия 5чи муундагы аскерий учак жасоого киришти

Whatsapp Odnoklassniki LinkedIn VKontakte +

17-23-июнда Франциянын Ле-Бурже аба майданында Paris Airshow эл аралык авиасалону болот. Учактар дүйнөсүндөгү  эң бараандуу бул көргөзмөдө Түркия 5чи муундагы аскерий учагынын макетин алып чыгууну көздөөдө.

Түркия  АКШнын Ф-35, Россиянын Су-57, Кытайдын J-20 сыяктуу өзүнүн 5чи муундагы аскерий учагын жасоого  киришип, бул үчүн 1.2 млрд. доллар бөлгөн. Бул долбоордун үстүнөн 3200 адис эмгектенүүдө.

Долбоорду Türk Havacılık ve Uzay Sanayii (TUSAŞ)  компаниясы ишке ашырууда. Бул компания буга чейин тик учактарды жасап келатканы белгилүү. Ошондуктан  TUSAŞ  Paris Airshow көргөзмөсүнө 5чи муундагы аскерий учактын макетинен сырткары Atak  жана Gökbey тик учактарын, Anka дронун жана машыгуу учагы HÜRJETти да алып чыгат.

Түркиянын учурда колдонуп жаткан аскерий учактары негизинен АКШда жасалган учактар экени белгилүү. Кошмо Штаттар менен келишпестиктер жана дүйнөдөгү эң кубаттуу мамлекеттер катарына кошулуу дымагы Түркияны мына ушундай амбициялуу долбоорлорду аткарууга түрткү берүүдө.

Түркия келечекте АКШда жасалган Ф-16 үлгүсүндөгү учактарын өзү жасаган 5чи муундагы учактары менен алмаштырууну көздөт. Бул 2030-жылдардан тарта ишке ашырыла баштоого тийиш экендигин, TUSAŞ  компаниясы Анадолу агенттигине билдиргени 13-июнда кабарланды.

Түркия Россиядан С-400 абадан коргонуу системасын сатып алууну чечкен. Кошмо Штаттар буга өтө каршы болуп,  Түркияны андан баш тартууга мажбурлап жатат. Бирок Анкара  С-400дү сатып алуу чечилген маселе экенин белгилеп келет.

Жаалданган Кошмо Штаттар Түркияны Ф-35 долбоорунан четтетип, ага бул үлгүдөгү учактарды  сатпай коерун эскертти. Ошондуктан Түркиянын Ф-35 учагына ээ болуусу күмөндүү. Мына ушундай жагдайлар да  Түркияны өз учагын жасоого мажбур кылууда.

Президент Эрдогандын бийликке келүүсүнөн кийин Түркиянын экономикалык жактан ирденүүсү анын аскерий жактан, аскердик-техникалык жактан бекемделүүсүнө, түрдүү багыттагы курал-жарактарды жасоосуна, дымактуу долбоорлорду турмушка ашырууга жол ачты.

Аскердик техника, заманбап курал-жарактарды жасоо жагынан Түркия бир топ ийгиликтерге жетишкени Түркиянын курал-жарак жасаган компанияларынын дүйнөлүк компаниялар катарына кошулуусу, ал компаниялардын соодасынын  кескин өсүүсү да далилдеп турат. Маселен, ASELSAN, TUSAŞ компаниялары Стогольм тынчтык проблемаларын изилдөө эл аралык институттун иликтөөсү боюнча дүйнөдөгү 100 ири аскерий өнөр жай компаниялардын катарына кошулган. Түркиянын жалпы коргоо өнөр жайынын кирешеси өткөн жылы 8 млрд. 761 млн. долларга жеткен.

Ошол эле TUSAŞ компаниясынын экспорту 2018-жылы 503 млн. доллардан ашкан. TUSAŞтан сырткары Түркиянын ASELSAN компаниясы да ийгиликтүү иш жүргүзүүдө. Бул компаниянын буйрутмалары 2018-жылы 9 млрд. доллардан ашкан. Бул компания радар, электрондук системалар, коргонуу технологиялары, транспорт, коопсуздук жана энергетика тармактарында иштейт.

Жалпысынан Түркиянын аскердик-техникалык өнөр  жайы 2014-жылдан 2018-жылга чейинки аралыкта экспортун 170% өстүрүп, Анкара дүйнөдөгү курал экспорттогон мамлекеттер тизмесинде 14чү орунду ээледи. Бул маалыматты  быйыл март айында Стогольм  тынчтыктык проблемаларын изилдөө институту жарыялаган.

Курал-жарак, аскердик-техникаларды жасоо жана экспорттоо боюнча дуйнөдө 1чи орунда АКШ, андан кийин Россия, Кытай, Франция, Германия, Британия жайгашкан.

 

 

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз