Понедельник, Ноябрь 18

Түркия F35тин ордуна СУ35 алабы?

Whatsapp Odnoklassniki LinkedIn VKontakte +

Түркиянын коргонуу өнөр жайы Башкармалыгынын жетекчиси Исмаил Демир жооп берүүдөн мурда кеңири анализ жүргүзүү зарылдыгын билдирди.

Түркиянын бийлиги Россиянын россиялык истребителдерди жеткирүү боюнча сунушун иликтеп жатат. Бул тууралуу Түркиянын коргонуу өнөр жайы Башкармалыгынын жетекчиси Исмаил Демир кечээ билдирди.

“Бизге орус тарап сунуштады, а биз мындай сунушту баалайбыз. Аны каржы, техникалык жана стратегиялык жактан баалоо зарыл. Азыр сунушка жооп берүүчү учур эмес, алгач кеңири анализ жасоо шарт”, – деди Демир NTV телеканалына берген маегинде.

Ошондой эле ал россиялык зениттик ракеталык система С-400дү Түркияда жайылтуу процесси уланып жатканын тастыктады.

25-октябрда түркиялык Daily Sabah гезити Анкара менен Москва Су-35тин 36 истребителдерин жеткирүү боюнча келишимге кол коюуга жакын калды деп жазган. Басылманын маалыматына караганда тараптар Түркия келечекте россиялык учактар үчүн бир катар компоненттерди өндүрөөрү боюнча да келишимге келиши мүмкүн. 22-октябрда аскер-техникалык кызматташтык боюнча Федералдык кызматтын башчысы Дмитрий Шугаев Су-35 жана Су-57 истребителдерин жеткирүү ыктымалдыгы боюнча кеңешме болуп жатканын, бирок келишимдер корутундусу азырынча талкууланбаганын билдирген.

29-октябрда Түркиянын улуттук коргонуу министри Хулуси Акар Анкара Су-35 россиялык истребителдерин сатып алышы мүмкүн деген маалыматты жокко чыгарган. Айтымында мындай маалымат чындыкка жакын эмес.

Түркиянын россиялык истребителдерди сатып алуусу мүмкүндүгү боюнча талкуу президент Тайип Эрдогандын 27-августта Москвага болгон сапарынан кийин күчөдү.

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз