Ишемби, Февраль 16

Түркия Кытайдагы уйгурлардын массалык түрдө камалуусуна тынчсызданууда

Whatsapp Odnoklassniki LinkedIn VKontakte +

Түркия Кытайдагы уйгурлардын массалык түрдө камалуусуна тынчсызданууда
Түркия Республикасынын расмий бийлигинин мындай пикирин Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Хами Аксой билдирип, Кытайда уйгур түрктөрүнө карата адам укуктарынын одоно жана эл аралык нормаларга ылайык келбеген жагдайда бузулуп жаткандыгына каршы жазуу түрүндөгү катты жарыяланды.
Анда Түркиядан Кытай Эл Республикасына «Адам укуктарын оор түрдө бузууларга каршы пикирибиз эске алынууга ьийиш» деген чакырык ташталып, мындай деп жазылган: «Цинзян уйгур автономиялык аймагындагы уйгур түрктөрүнүн жана башка мусулман коомчулуктарынын укуктарын бузган камоолор менен куугунтуктоолор акыркы бир жылдын ичинде өтө күчөп кетип, эл аралык нормалардан ашып кетти жана дүйнө коомчулугунун көңүлүн бурууда.
Учурда Кытайдагы туш келди камоолорго дуушар болгон миллиондон ашуун уйгур түрктөрүнүн концлагерлерде жана абактарда кыйноо жана саясий мээ чайкоолорго дуушар болуп жатышы мындан ары жашыруун сыр бойдон кала бербестигине басым жасалган билдирүүдө, лагерлерлерге түшпөгөн уйгурлардын дагы катуу кысым астында жашап жаткандыгы белгиленген.
Анда, «Чет өлкөдө (Кытайдын тышында) жашаган уйгур тектүү тектеш жана башка улуттагы атуулдар бул аймактагы туугандарынан кабар ала албай жатышат. Миңдеген балдар ата-энесинен ажыратылып, жетим калды. XXI кылымда концлагерлердин кайрадан пайда болушу жана Кытайдын күч органдарынын уйгур түрктөрүнө карай систематикалык ассимиляция саясаты адамзаттын атынан чоң уят болуп эсептелет. Шиңжаң аймагында болуп жаткан трагедия тууралуу пикирлерибизди Кытайдын бийлигине баардык деңгээлде билдирдик»,- деп айтылат Түркиянын Тышкы иштер министрлигинин эскертүүсүндө.
Ошондой эле мисал катары улуту уйгур Абдуррехим Хейит аттуу белгилүү акын бир ырынын айынан сегиз жылга абакка кесилип, экинчи жылы табышмактуу жагдайда каза болуп калгандыгы тууралуу кабарды Түркия бийлиги терең кайгыруу менен кабыл алгандыгы айтылып, «Тилекке каршы мындай кайгылуу окуя Шиңжаң аймагындагы түрк коомчулугу тарабынан адам укуктарынын оор түрдө бузулуп жатышына карата нааразычылыгын күчөттү. Биз бул окуя боюнча Кытай бийлигинин мыйзамга ылайык жооп берүүсүн күтүп жатабыз. Эл аралык коомчулукту жана БУУнун баш катчысын дагы Шиңжаң-Уйгур автономиялуу аймагындагы адамзат трагедиясына айланган мусулмандарга карата геноцидди токтотуу боюнча чечкиндүү чараларды көрүүгө чакырабыз»,- деп айтылат Түркия бийлигинин кайрылуусунда
Акыркы жылдары Кытайда бир эле уйгурлар эмес, кыргыз, казак жана башка улуттук азычылыктарды түзгөн мусулман дининдеги элдерге карата басмырлоо күчөп, алар “Тарбия лагери” деген абактарга камалып жатышы Кыргызстан менен Казакстандагы да алардын туугундары жана улутташтары тарабынан нааразычылык пикирлерди жаратууда. Мындай негизсиз саясый куугунтуктоого жана Кыргызстанда кытайлардын мыйзамсыз иштеп жатышына каршы Бишкекте быйылкы жылдын 7-17-январында митинг болгон.
Ал эми Казакстандын бийлиги Пекин менен эки миң Кытайдагы этникалык казактарды көчүрүп келүү келишимин түзгөн.
Эл аралык коомчулуктун нааразы пикиринен улам Кытай бир нече мамлекеттердин өкүлдөрүн чакырып, аталган лагерлерди көрсөткөн. Алардын катарында Кыргызстандын тышкы иштер министрлигинин кызматкерлери да болушкан. Бирок келген соң массалык маалымат каражат өкүлдөрүнө эч кандай билдирүү жасаган эмес.

Бөлүшүү

Автор тууралуу

KYRGYZ NEWS

КыргызНьюс маалымат порталы Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү жаңылыктарды окурмандарына туура, толук, айкын жана объективдүү жеткирип берүүнү максат кылат. Адистер тарабынан даярдалган аналитикалык макалаларыбыз болуп жаткан окуяларга терең көз караш менен карашыңызга жардам кылат.

Комментарий жазыңыз