Түркиядагы төңкөрүш аракетинин таржымалы

Whatsapp Odnoklassniki LinkedIn VKontakte +

Мындан үч жыл мурун, тагыраагы 15-июль 2016-жылы Түркияда төңкөрүш аракети болуп Фетхуллах Гүлендин колдоочулары расмий бийликти кулатууга аракет кылган. ФЕТО делген бул уюмдун кандайча бул төңкөрүш аракетин ишке ашырганына кыргыз окурмандары дагеле кызыгып келишет. Андыктан бул макала 21-кылымдын эң кандуу төңкөрүш аракеттеринин бири болгон 15-июль төңкөрүш аракетинин чоо жайын иликтемекчи.

Төңкөрүш аракети 2016-жылдын 15-июлунда кечке жуук башталып, 16-июль күнү таңга маалга чейин созулган. Алгач Стамбул шаарындагы Богазичи көпүрөсү (азыркы аты 15-июль Шейиттер көпүрөсү) аскерлер тарабынан тосулуп, ал жердеги адамдарга ок атылып, Түркиянын Улуу Улуттук Мажлисине, Анкара Ички коопсуздук башкармалыгына, Чалгын кызматына, полициянын Атайын даярдыктагы отрядынын штабына бомба жана ракеталар менен сокку жасалган. Түркия Республикасынын президенти Режеп Тайип Эрдоганга кол салуу аракети уюштурулуп, анын резиденциясына ракета атылып, эң жогорку аскерий жетекчилер колго түшүрүлгөн. Андыктан кан менен коштолгон бул төңкөрүш аракети капыстан эле болуп кеткен деп айтуу мүмкүн эмес. ФЕТО уюму тарабынан аскерий төңкөрүш алдын ала даярдалган, ийне-жибине чейин пландалган жана мамлекеттик башкарууну толук түрдө колго алуу максат кылынган.

ФЕТО уюму жана анын төңкөрүшкө чейинки бейнеси

Эгер бул аракет аскерий төңкөрүш катары мүнөздөлсө, анда жөнөкөйлүктү, тынчтыкты жана билим алууну жактаган Гүлен уюмунун буга кандай тиешеси бар? деген суроо пайда болуп жаткандыр. Албетте, сыртынан караганда Фетхуллах Гүлендин уюму жайкын, тынч жамаат катары көрүнүшү мүмкүн. Бирок бул уюмдун саясий максаты, мамлекеттик башкарууну колго алуу амбициясы бул кыймыл алгачкы түптөлө баштаган убакта эле пайда болгон. Бул топ 80-жылдардан тартып эле жаштарды тарбиялап, алдыда болчу чечүүчү күрөшкө даярдап келген. Маданият, спорт, билим берүү, экономика, дин тармактарына, өзгөчө чалгын, аскер, сот жана прокуратура органдарында орун-очок алышып, маанилүү кызматтарга өздөрүнүн адамдарын жайгаштырышкан. Гүлен тобу мамлекет ичиндеги мамлекетти же болбосо “параллель башкарууну” түптөгөн.

Алгач мезгилдерде Фетхуллах Гүлендин тарапташтары Режеп Тайип Эрдоганды жана 2002-жылдан бери бийликтеги Адилет жана өнүгүү партиясын колдоп келишкен. Бирок алар бийликти өздөрүнүн кызыкчылыгына жетүү, мамлекеттик башкарууну колго алуу, Түркиянын тагдырын сырткы күчтөргө салып берүү мүдөөсү үчүн колдогонун тарых өзү тастыктап турат. Режеп Тайип Эрдоган да булардын канчалык коркунучтуу экенин убагында билбей калышканын мындайча түшүндүрүүдө:

“Бул саткын топтун чыныгы жүзүн мурда көрө албай калганыбыз үчүн аябай өкүнөбүз. Ушунун айынан жаратканга жана элибизге жооп беришибиз керек экенин билебиз. Жараткан да, элибиз да бизди кечирсин” (А Haber. 3-август 2016-жыл)

“ФЕТО биздин бийликтин учурунда чоңоюп, күчкө толгонун танбайм. Бул чын. Өзүм баш болгон азыркы бийлик бул топ ушундай бир саткынчылыкка барат деп эч ойлогон эмеспиз. Алданып калдык” (CNN Türk. 8-июнь 2018-жыл)

Гүлен тобу күчкө толгон соң түрк бийлигин башкарып, элдин кызыкчылыгын эмес, өзүнө колдоо көрсөткөн күчтөрдүн кызыкчылыгын таңуулай баштаган. Бизнес чөйрөсүн ээлеп алган гүленчилер өздөрүнүн гана ишкерлеринин кызыкчылыгын колдоп, башка ишкерлердин ишмердүүлүгүн мамлекеттик органдардагы кишилери аркылуу кысымга алган. Гүленчилердин химмет деп аталган салыгын төлөбөгөн ишкерлерге бут тосулуп, банкрот кылышкан. Гүлендин жүздөгөн менчик мектептери билим берүүнү соодага айлантып, бул жамаатка киреше алып келип турган. Бийликтеги АК партиянын атынан депутат болгон, ошол эле мезгилде оппозициядагы партиялардын атынан да парламентке жеткен гүленчилер саясий чөйрөнү барымтага алган. Тагыраак айтканда Түркияда кош бийлик пайда болгон: биринчиси Режеп Тайип Эрдоган жана ал дайындаган бийлик жетекчилери, экинчиси Фетхуллах Гүлен тарабынан көрсөтүлгөн жана гүленчилердин колдоосун алган бийликтеги адамдар жана саясатчылар. Эрдоган гүленчилердин таасирин азайтууга, ал эми гүленчилер Эрдогандын колу бутун бууганга белсенишкен. Гүлен тобунун бийликке карата чабуулу төңкөрүштөн алда канча мурда эле башталган. 2012-жылдын 7-февралында Түркия Республикасынын Улуттук чалгын кызматынын (MİT) жетекчиси Хакан Фидан Гүлен уюумуна мүчө прокурорлор тарабынан суракка чакырылган. Улуттук кызыкчылыкты коргогон жана бийликтин коопсуздугун камсыз кылган мекеменин жетекчиси катары Хакан Фидан бутага айланган жана аны камоо аракети көрүлгөн.

Гүленчилердин жогоруда айтылган кадамдары сыяктуу бир катар бийликке каршы жүрүштөрүнөн соң Эрдоган 2013-жылы бул кыймылдын негизги уюгу жана киреше булагы болгон мектептерди жана окуучуларды жогорку окуу жайга даярдоо борборлорун (түркчө “dershane”) жабуу жараянын баштаган. Келечектеги кадрларын даярдоодо негизги ролду аткарган бул мектептердин жана борборлордун жабылышы Гүлен тобу үчүн чоң жоготуу болгон. Бирок ФЕТО Эрдогандын бийлигинин мындай чечимине тез аранын ичинде жооп берген. Укук коргоо органдарындагы Гүлен тобуна тиешелүү кызматкерлер бийликти алсыратуу, анын өлкө ичиндеги жана эл аралык аренадагы аброюн жоготуу үчүн коррупцияга аралашкан деген кине менен айрым өкмөт мүчөлөрүнө жана алардын жакын туугандарына текшерүү жүргүзүп, камакка алуу аракетин кылышкан. Мына ушундай эле аракет эки жолу кайталанган жана Түркияга аябагандай чоң саясий кризисти алып келген.

Ошентип бийлик менен ФЕТОнун ортосундагы тиреш улам күчөй берген. Гүлен тобуна катыштыгы бар айрым прокурорлор, соттор жана коопсуздук кызматкерлери бийлик тарабынан кызматтан алынган. Ал эми Фетхуллах Гүлен уюму да өзүнө караштуу массалык маалымат каражаттары аркылуу жасалма аудио жана видео жазууларды таратып, бийликке каршы чабуулун байма-бай улантып турган.

Укуктук талаа жана демократиялык жол менен эмес, жашыруун жана алдамчылык аркылуу бийликке жетүүнү каалаган Гүлен тобу үчүн мамлекеттик органдардагы өздөрүнүн кишилеринин кызматтан алынышы чоң сокку болгон. Фетхуллах Гүлен миллиондогон доллардык киреше булагы жана миллиондогон жаш улан кыздарды жамаатка тартуунун жолу болуп эсептелген менчик окуу жайларынын жабылышын карап тура алган эмес. Акырында бийликти алмаштыруунун жана Эрдоганды жок кылуунун жападан жалгыз жолу катары аскердик төңкөрүшкө белсенген. Өздөрүнүн акыркы ыплас мүдөөсүн ишке ашыруу үчүн Фетхуллах Гүлен тобу бийликтин ар бир бутагына, өзгөчө күч структураларына, аскерий түзүмдөргө жайгаштырган өздөрүнүн мүчөлөрү аркылуу аскерий төңкөрүштү ишке ашырууга киришкен.

ФЕТОнун төңкөрүшкө даярдыгы

Жогоруда айтылгандай 15-июлдагы төңкөрүш капыстан эле ишке ашырылган аракет эмес. Мунун алдын ала даярдалганы, Гүлен тобунун жактоочуларына күн мурунтан, керек болсо айлар мурун кабар берилгени айкын. Төңкөрүш тууралуу кабар берүүдө ФЕТОго таандык массалык маалымат каражаттары активдүү иш алып барышкан. Мисалы, маалымат каражаттары аркылуу алдын ала төңкөрүш тууралуу төмөндөгүдөй белгилерди беришкен:

ФЕТОго тиешелүү “Zaman” газетасы 2015-жылдын 5-октябрында, тактап айтканда төңкөрүш аракетинен 9 ай 10 күн мурун жарнама видеосу жарыялаган. “Жымжырттыктын чыңырыгы” (Sükutun Çığlığı) деп аталган бул видеодо алгач үстүртөн тартылган бир шаар көрсөтүлүп, аңгыча эле кулактын тынчын алган сирена үнү угула баштайт. Андан кийин экранда бир кичинекей бала пайда болуп, күлө баштайт. Бул рекламадагы шаар менен Түркия өлкөсүнө, сирена үнү менен төңкөрүшкө, күлгөн ымыркай менен Фетхуллах Гүленге жана анын уюмуна ишара кылынган. Түрк тилинде “гүлен” (Gülen) деген сөз “күлгөн” деген мааниге келет.

Гүлен уюмуна тиешелүү болгон “Aksiyon” журналы да ФЕТОнун окуу жайлары жабыла баштаган 2014-жылы дагы бир жарнама чыгарган. Бул рекламада алгач тумандын ичинде эки жагын каранган бир адам көрүнөт. Аңгыча эле автоматтын атылган үндөрү пайда болот. Андан кийин ымыркайдын ыйлаган үнү угулат. Жанагы адам чөнтөгүнөн “Aksiyon” журналын алып чыкканда барактары өзүнөн өзү ачылып, туманды таркатат. Ыйлаган бөбөктүн да ыйы басылып, экранга анын күлгөн жүзү көрсөтүлөт. Мында туман менен өлкөнүн ошол учурдагы абалы, октун үнү менен аскердик төңкөрүш, журнал менен Гүлен тобу, күлгөн ымыркай менен Фетхуллах Гүлен чагылдырылып, кыймылдын төңкөрүш уюштура турганы жактоочуларына кабар берилген.

ФЕТОнун активисттери социалдык тармактар аркылуу төңкөрүшкө ишара кылышкан. Мисалы, АКШда жашырынып жүргөн Эмре Услу (мурунку полиция кызматкери, журналист, 2015-жылдын 28-октябрынан тартып издөөдө) 2015-жылдын 14-сентябрында Твиттерде “2016-жылдын июль айында Түркияга кайтып келе турганын” жазган. Ошондой эле ал 2016-жылдын 14-мартында ушул эле социалдык тармакта санаалаштарын “ушул жылдын 22-июль12-август аралыгында Түркияга билет алгыла” деп үндөгөн. Бул жазуулар анын төңкөрүштөн алдын ала кабары бар экенин көрсөткөн.

Албетте, булар Гүлен тобунун аскердик төңкөрүштү санаалаштарына алдын ала кабар берүүсүнүн жана аларды төңкөрүшкө психологиялык жактан даярдашынын бир канча гана мисалы. Жогоруда да белгилеп өткөндөй, бул төңкөрүш аракетинин жалгыз эле армиянын ичиндеги айрым аскерлер тарабынан ишке ашырылганын айтуу мүмкүн эмес. Бул ишке жарандык чөйрөдөн да кишилер катышып, эл аралык деңгээлде да көмөк көрсөтүү болгон.

Төңкөрүш аракетинин хронологиясы

15-июль

21:25 — Башкы штабдан атылган октун үндөрү угула баштады. Гүленчилер башкы штабды көзөмөлгө алышты.

21:40 — Төңкөрүшчүлөр Богазичи жана Фатих Султан Мехмет көпүрөлөрүндөгү жолду куралчан аскерлер, машиналар жана танктар менен бууп салышты. Төңкөрүштү уюштурган генералдардын бири болгон Акын Өзтүрктүн буйругу менен F16 бомбалоочу учактар жана AH1 Super Cobra аскердик тик учактар Анкаранын үстүндө ары-бери уча баштады. Түрк радио жана телеберүү (TRT) мекемесинин Анкарадагы башкы имаратын аскерлер басып алды.

22:00 — Башкы штабдын айланасына чогулган элге аскердик тик учактардан ок атылды.

22:50 — Стамбулдагы Ататүрк аба майданындагы кыймылдар төңкөрүшчүлөр тарабынан көзөмөлгө алынып, учуп келген самолетторго гана конууга уруксат берилди. Эл көчөгө чыгып, полиция жана жандармерия менен чогуу көтөрүшчүлөргө каршылык көрсөтө башташты.

23:02 — Премьер министр Бинали Йылдырым түз эфирге чыгып өлкөдө аскерий көтөрүлүш аракети болуп жатканын, бирок мындай мыйзамсыз аракеттерге жол берилбесин жана тез арада абалдын жөнгө салынарын айтты.

23:22 — Ички коопсуздук башкармалыгынына караштуу Авиация бөлүмүнүн Анкарада жайгашкан имаратына F16 истребителинен бомба ташталды.

23:40 — Башкы штабдын жетекчиси генерал Хулуси Акар төңкөрүшчүлөр тарабынан барымтага алынып, Анкаранын Казан районундагы Акынжы аскердик базасына алып барылды.

23:48 — Төңкөрүшчүлөр Стамбул облусттук администациясынын имаратына чабуул жасай башташты. Мындан кабар алган эл бул жерге чогулду. Эки саатка созулган аскерлер менен элдин ортосундагы тирешүүнүн натыйжасында төңкөрүшчүлөр артка чегинди. Стамбул фондулук биржасынын (Borsa İstanbul) имаратын төңкөрүшчүлөр басып алышты. Атышуудан улам полиция кызматкери жана жарандар төңкөрүшчүлөрдүн огунан көз жумду. Полициянын ыкчам аракетинин жана ал жерге келген элдин жардамы менен биржа төңкөрүшчүлөрдөн бошотулду.

16-июль

00:09 — Улуттук чалгындоо кызматынын (MİT) Анкарадагы башкы имаратына аскердик вертолеттер абадан сокку ура баштады. Мындагы кызматкерлер жерден каршылык көрсөтүштү.

00:11 — Президент Режеп Тайип Эрдогандын самолету Мармаристен Стамбулга карай жолго чыкты.

00:13 — Мамлекеттик ТRТ каналын өз көзөмөлүнө алган төңкөрүшчүлөр эфир аркылуу Түрк куралдуу күчтөрү бийликти колго алганын жарыялады.

00:26 — Президент Режеп Тайип Эрдоган CNN Türk каналы аркылуу түз эфирге чыгып төңкөрүшчүлөрдү кескин сынга алды жана элди демократияны коргоого чакырып, көчөлөргө, аянттарга, аэропортторго чогулууга үндөдү. Бул чакыруудан соң көчөлөрдөгү жана аянттардагы элдин саны тездик менен көбөйө баштады. Көчөгө чыккан эл Полатлыдагы (Анкаранын батыш тарабындагы район) аскер бөлүгүнөн Анкаранын борборун көздөй келе жаткан аскердик техникалардын жолун тосушту. Узакка созулган тирешүүнүн натыйжасында айрым аскерлер артка кайтышты. Анкаранын Казан районунда жайгашкан Акынжы аскердик базасынын айланасын да эл курчоого ала баштады. Төңкөрүшчүлөр элге ок атып көптөгөн жарандар көз жумду. Президент Режеп Тайип Эрдоган жана үй-бүлөсү жайгашкан Мармарис районундагы мейманканага аскердик тик учактардан ок атыла баштады. Куралчан аскерлер мейманкананы курчоога алышты. Бирок Эрдоган бул убакта мейманканадан чыгып кеткен болчу. Полиция жана президенттин жансакчылары кол салгандардын мизин кайтарды. Атышууда полиция кызматкери жана Эрдогандын жансакчы көз жумду.

00:56 — Анкара ички коопсуздук башкармалыгынын имаратына абадан эки жолу бомба ташталды. Аз убакыт өткөн соң ушул эле жерге дагы бир жолу бомба ташталып жарандар көз жумду жана жаракат алышты. Анкара ички коопсуздук башкармалыгын басып алууга келген төңкөрүшчүлөр ал жердеги элге ок чыгарды. Полициянын ыкчам аракети жана элдин жан аябастан каршылык көрсөтүүсүнөн улам төңкөрүшчүлөр артка чегинүүгө аргасыз болушту. Ондогон адамдар курман болду.

00:57 — TÜRKSAT (Түркиянын спутниктик байланыш оператору) мекемесинин Анкаранын Гөлбашы аймагындагы имаратын төңкөрүшчүлөр тик учак менен аткылай башташты. Мекеменин айрым кызматкерлкери төңкөшүчүлөрдүн огунан каза тапты.

01:28 — Аскер-деңиз күчтөрүнүн башкы командачысы, адмирал Бүлент Бостаноглу төңкөрүшчүлөрдү колдобой турганын билдирди. Түрк армиясынын өзгөчө даярдыктагы аскерлер бөлүгүнүн командачысы Зекаи Аксакаллы төңкөрүш аракетине катышкандарды каракчылар деп күнөөлөп, алар ийгиликке жете албайт деп айтты.

01:40 — Богазичи жана Фатих Султан Мехмет көпүрөлөрүндө жолду тосуп турган куралчан аскерлер төңкөрүшкө каршы болгон элге ок ата баштады. Богазичи көпүрөсүндө төңкөрүшчүлөрдүн огунан ондогон киши көз жумду, жүздөгөн жаран жаракат алды. Фатих Султан Мехмет көпүрөсүндө адамдар өлдү.

02:00 — Төңкөрүш жасоого аракеттенгендер кармала баштаса да гүленчилер төңкөрүштү ишке ашыруу аракетин улантты. Адилет жана өнүгүү партиясынын Анкарадагы башкы имаратынын айланасында чогулган адамдарга аскердик вертолеттон ок атылып ондон ашык жаран кайтыш болду.

02:20 — Ички коопсуздук башкармалыгына караштуу атайын даярдыктагы отряддын (Спецназ) Анкарада жайгашкан имаратына эки жолу абадан бомба ташталып кырктан ашык полиция кызматкери көз жумду. Төңкөрүшчүлөр Башкы штабга кирүүгө аракет кылган элди жерден да, абадан да аткылай баштады. Атылган октордон отуздан ашык киши каза тапты.

02:30 — Төңкөрүшчүлөр Стамбул мериясын басып алышты. Атайын даярдыктагы полиция кызматкерлеринин күжүрмөн операциясы жана ал жерге келген элдин көмөгү менен Стамбул мериясы төңкөрүшчүлөрдөн бошотулду. Президенттик резиденцияны басып алууга аракет кылган аскерлерге полиция каршылык көрсөтүп ондон ашык төңкөрүшчү колго түшүрүлдү.

02:42 — Түркиянын Улуу Улуттук Мажлисине (парламентине) абадан бомба ташталды жана бул төрт жолу кайталанды.

03:00 — Түрк радио жана телеберүү (TRT) мекемесинин Анкарадагы башкы имаратын ээлеп алган аскерлер полиция жана эл тарабынан колго түшүрүлүп, мамлекеттик TRT каналы кайра ишин баштады.

03:30 — Президент Режеп Тайип Эрдогандын самолету Стамбулдагы Ататүрк аба майданына келип конду.

04:00 — Анкара прокуратурасы бийликти басып алууга аракеттенген ФЕТО уюму менен байланышы бар сот, прокуратура, армия жана полиция кызматкерлери боюнча териштирүү баштады.

06:30 — Стамбулдагы Богазичи көпүрөсүндөгү аскерлер куралдарын таштай башташты. Полиция көпүрөлөрдү көзөмөлгө алды.

06:43 — Президенттик резиденцияга жакын жерге үч жолу абадан бомба ташталды. Ондон ашык киши көз жумду. Башкы штабдан чыккан танк жолду тосуп турган машиналарды аткылай баштады.

08:00 — Акынжыдагы аскер базасынын электр жарыгы, интернет, телефон байланыштары жана суусу өчүрүлдү. Бомбалоочу учактар учуп чыкпашы үчүн базанын учуп-конуу тилкесине Анкара мэриясына таандык муниципалдык унаалар алынып келинип, жолдор тосулду. Төңкөрүшчүлөр ал жердеги жарандарга ок чыгарып, 5 киши көз жумду жана 40 киши октон жаракат алды.

08:32 — Полициянын, төңкөрүшкө каршы болгон аскерлер жана элдин жапа тырмак каршылык көрсөтүүсүнөн улам жеңилүүгө учураган төңкөрүшчүлөр Башкы штабдын жетекчиси Хулуси Акарды барымтадан бошотууга аргасыз болушту жана ал тик учак менен өкмөттүн Чанкаядагы резиденциясына алынып келинди. Полиция жана эл тарабынан курчоого алынган Башкы штабдагы эки жүзгө жакын аскер куралдарын таштап, багына баштады.

10:07 — Башкы штабдагы жети жүзгө жакын аскер куралдарын таштап, полицияга толугу менен багынып беришти.

ФЕТО менен байланышы бар Түрк армиясынын айрым аскерлери тарабынан уюштурулган төңкөрүш аракети бир суткага жакын убакыттын ичинде толук түрдө көзөмөлгө алынды. Ошентип Түркиянын мыйзамдуу бийлигин басып алууну көздөгөн жана 15-июль күнү кечки саат 21:00дөн өтүп башталган төңкөрүш аракети Президент Режеп Тайип Эрдогандын жана анын жетекчилигиндеги түрк бийлигинин бекем саясий эрки, коопсуздук кызматтарынын жана бул ишке каршы болгон аскерлердин күжүрмөн кайраты, өзгөчө жарандардын жанын аябастан көрсөткөн колдоосу менен 16-июль күнү кечки саат 20:00 чамаларында толугу менен токтотулду.

Төңкөрүш аракетинин жыйынтыгы

ФЕТО тарабынан ишке ашырылган бул кандуу төңкөрүш аракети Түркия өлкөсүнө материалдык жактан да, моралдык жактан бир топ зыяндарды алып келген. Бир суткага жакын созулган бул төңкөрүш аракети учурунда 248 адамдын өмүрү кыйылган (180 жөнөкөй жаран, 62 полиция кызматкери, 6 аскер). Өлгөндөрдүн ичинен 21% бомбадан, 9% танктарга тепселди, 6,3% тик учактан атылган октон, калганы төңкөрүшчүлөрдүн куралынан ажал тапкан. 2193 адам ар түрдүү жаракат алган. Алардын 40% төңкөрүшчүлөрдүн огунан, 20% шрапнелден, 8% төңкөрүшчүлөрдүн аскердик техникаларына тепселген, 7% вертолеттон атылган октон, калганы төңкөрүшчүлөрдүн колдорундагы куралдан жаракат алган.

Төңкөрүш аракетине 8651 аскер кызматкери (анын ичинен 1676 офицер), 1214 аскердик академиянын курсанты катышкан. Ал эми төңкөрүш кылууга белсенгендердин ичинен 35 киши өлүп, 49 киши жаракат алган. Төңкөрүшчүлөр тарабынан 3992 ок атуучу курал, 74 таңк, 246 аскердик унаа, 37 аскердик тик учак, 24 F16 чабуул учагы, 11 учак, 3 согуш кемеси колдонулган.

Төңкөрүш аракетинен кийин 111 253 киши кармалып, 44 708 камакка алынган. Алардын ичинде 6451 аскер (168 генерал), 8251 полиция кызматкери, 2433 сот жана прокурор болгон. Кармалгандардан 35 миңден ашуун киши шарттуу бошотулган.

Төңкөрүш аракетин уюштурган Фетхуллах Гүлен уюму террордук уюм (FETÖ) деп сот тарабынан аныкталып, өлкөдөгү бардык иш-аракеттерине тыюу салынган. Анын натыйжасында ФЕТОго тиешелүү болгон 35 оорукана, 1244 билим берүүчү мекеме (1006 мектеп, 223 курс жана билим берүү борбору, 15 университет), 823 жатакана, 123 фонд, 1125 ассоциация, 19 профсоюз уюму, 84 массалык маалымат каражаты (16 телеканал, 23 радио, 45 газета, 29 басма үйү, 799 фирма ишмердигин токтоткон же мамлекетке өткөрүлгөн.

ФЕТОнун төңкөрүш аракетин ишке ашыргандыгынын айрым далилдери

Азыркыга чейин Фетхуллах Гүлендин тарапташтары 15-июль 2016-жылкы төңкөрүш аракети алар тарабынан ишке ашырылбаганын айтып актанып келишет. Түрк бийлигин айтпаганда да түрк эли, өзгөчө оппозициялык партиялар жана саясатчылар болсо, дал ошол гүленчилердин бийликти төңкөрүүгө аракет кылышканын жана ушул максатта жүздөгөн кишини өлтүрүшкөнүн айтууда. Кыскача болсо да бул жерде Фетхуллах Гүлендин адамдарынын төңкөрүштү ишке ашырууга кандай белсенгендигинин мисалдарына токтоло кетсек.

Адил Өксүз 

(университеттин мугалими)

Адил Өксүз 2016-жылдын 15-июлуна чейин Сакаря университетинин доценти катары гана белгилүү болгон. Ал 16-июль күнү төңкөрүш аракетинин негизги уюгу болуп эсептелген Анкарадагы Акынжы аскердик базасында колго түшүрүлгөн. Адил Өксүз сурак учурунда аскерий базанын айланасында эмне кылып жүргөнү суралганда, жер тилкесин карап жүргөнүн, Сакариядан Анкарага өзүнүн машинасы менен 14-июль күнү кечке жуук келгенин, 15-июль күнү Анкара шаарынын батыш тарабындагы Кечиөрен районундагы туугандарынын үйүндө болгонун, 16-июль күнү эрте менен ал жерден такси менен Казанга (Төңкөрүш аракетинин негизги уюктарынын бири болгон Акынжы аскердик базасы жайгашкан жер. Анкаранын түндүк-батышында, Кечиөренден 54 км алыстыкта) келгенин жана жер карап жүргөн жеринен жандармерия кызматкерлери тарабынан кармалганын айткан. Тинтүү учурунда анын жанынан GPS шайманы, Түрк аба күчтөрүнүн эмблемасы түшүрүлгөн кол саат табылган.

Бирок Адил Өксүз сурактан кийин ФЕТОго мүчө болгон сот тарабынан заматта шарттуу бошотулган. Бошотулган соң учак менен Анкарадан Стамбулга учуп келип ал жерден чет өлкөгө качып кеткен. Анкаранын үстүндө бомбалоочу учактар менен аскерий тик учактар учуп, абадан ташталган бомбалардан, атылган октордон адамдар өлүп, өлкөдө ызы-чуу болуп жатканда Адил Өксүздүн башка бир шаардан Анкарага келип, аскердик базанын аймагында жер тилкесин караштырып жүрдүм дегени албетте чындыкка коошпойт.

Адил Өксүз төңкөрүш аракетинен бир ай мурун үй-бүлөсүн Америкага таштап келгени маалым болгон. Ал 11-июлда кайрадан Америкага барып, 13-июлда Түркияга кайтып келгенин учак билеттери жана аба майданындагы камералар далилдеген. Тергөөчүлөр анын 15-июлдан эки-үч күн мурун Америкага барып келишин, төңкөрүш боюнча Фетхуллах Гүлендин жеке өзүнөн көрсөтмө алып келип, аны армиядагы санаалаштарына жеткиргени менен байланыштырышат. Ошондой эле мурда Гүленге жакын болгон Кемалеттин Өздемир деген киши да Адил Өксүз ФЕТОнун түрк аба күчтөрүндөгү жооптуу кишиси/имамы (imam) болгонун айткан. Азыркы учурда кайсы өлкөдө жашырынып жүргөнү белгисиз болгон Адил Өксүз издөөдөгү террорчулардын катарына кирет.

Левент Түрккан 

(аскер кызматкери, подполковник)

Левент Түрккан ошол мезгилдеги Башкы штабдын жетекчиси Хулуси Акардын адъютанты болгон. 15-июлдун кечинде башталган төңкөрүш аракети учурунда Хулуси Акарды барымтага алууга катышкан жана ага тапанча кезеп төңкөрүшчүлөрдүн катарына кошулууга үндөгөн. Төңкөрүш аракети ийгиликсиз аяктагандан кийин колго түшүп, суракка алынган. Суракта ФЕТО мүчөсү экенин мойнуна алып, алар менен буга чейинки болгон байланыштарын толугу менен айтып берген. Мектептеги окуучулук күндөрүнөн бери алар менен байланышта болгонун, аскерий окуу жайга алардын көрсөтмөсү менен тапшырганын айткан. “Алар мага экзаменде суралчу суроолорду алдын ала эле алып келип беришти. Суроолорго даярданып экзаменге кирип, аскерий окуу жайга өттүм” деп айтып, дайыма “байкелер” (abi) менен байланышта болуп турганын, алардын көрсөтмөсү менен Башкы штабдын мурунку жетекчиси Неждет Өзелдин кабинетине тыңшоочу аппарат орнотконун жана ал аудио жазууларды ар жума сайын “байкелерге” берип турганын айткан. Адил Өксүз менен да байланышы бар экенин, анын ФЕТОдогу абройлуу киши болгонун, төңкөрүш аракетинен алдын ала кабары болгонун мойнуна алган. Ф. Гүлендин кыймылы менен байланышта болуп, алардын айтканын аткарганы үчүн өкүнөрүн айткан Левент Түркканды сот өмүр бою эркинен ажыраткан.

Зекерия Кузу 

(аскер кызматкери, старшина)

Зекерия Кузу 15-июль күнү президент Режеп Тайип Эрдоганга кол салууга аракет кылган топтун арасында болгон. Суракта 2005-жылдан бери ФЕТО менен байланышы бар экенин мойнуна алган. Ошондой эле ал Эрдоганга кол салууга барган топтогу аскерлердин баарынын ФЕТО менен байланышы бар экенин айткан.

Осман Өзсой 

(профессор, журналист)

Осман Өзсой төңкөрүш аракетинен бир ай мурун ФЕТОго караштуу телеканалдагы маегинде жакын арада Түркияда өзгөрүү болоорун белгилеп, аскер кызматкери эмес мугалим болуп калганына өкүнүп жатканын, себеби аскер кызматкери болгондо алдыдагы өзгөрүүгө көбүрөөк салым кошоорун, Гүлен уюмунун мүчөлөрүн алдыда көп-көп иштей турган күндөр күтүп турганын айткан. Осман Өзсой ФЕТОнун төңкөрүш аракети ийгиликсиз аяктагандан кийин чет өлкөгө качып кеткен. Ага сот тарабынан Ф. Гүлендин террордук уюумунун мүчөсү деген айып тагылып, издөө жарыяланган.

Зеки Ташкын 

(полиция кызматкери)

Зеки Ташкын полицияда жогорку кызматта иштеген. Төңкөрүш аракетинен кийин камакка алынган. Тинтүү учурунда чөнтөк телефонунан төңкөрүш учурунда келген төмөнкүдөй билдирүү чыккан:

“Байкелер, полиция кызматы тарабынан берилген буйруктарга баш ийбегиле. Баарыңар Башкы штабга баргыла. Бири-бириңер менен дайыма байланышта болгула. Эч ким кабарсыз калбасын, пенсиядагылар да, азыркы учурда иштеп жаткандар да куралдарын алып чыксын, каршылык көрсөткөндөрдүн көзүн тазалагыла.”

Албетте, бул жерде айтылгандар кандуу төңкөрүш аракетине Ф. Гүлендин террордук уюмунун тиешеси бар экенинин бир канча гана мисалы. Мындан башка дагы көптөгөн аскерлер, полиция кызматкерлери, сот жана прокурорлор бул каргашалуу ишке ФЕТОнун катышы бар экени тууралуу көрсөтмө беришкен. Бирок төңкөрүш аракетин гүленчилердин ишке ашырганынын эң чоң далили түрк элинин ФЕТОго жана Фетхуллах Гүленге болгон жек көрүүсү болууда.

Элдияр Калилов

“Ачык сөз” гезити. №26 (167) 11-июль

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз