Түркияга С-400  ЗРК авиация менен жеткирилет

Whatsapp Odnoklassniki LinkedIn VKontakte +

Түркиянын президенти Сараевого жөнөп кетер алдында маалымат жыйынын өткөрдү.  

С-400 ЗРКси Түркияга авиация менен жеткирилет. Россиялык аскер комплекси Түркия мамлекетинин, аймактын жана бүтүндөй дүйнөнүн коопсуздугу үчүн салым кошот деп ишенем. 

Бул тууралуу Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Сараеводогу “Түштүк-Чыгыш Европанын кызматташтык процесси” аттуу уюмдун саммитине жөнөп жатып өткөргөн брифинг учурунда айтты. 

Эрдоган Түркияга С-400 ЗРКны жүктөө жана жөнөтүү үчүн даярдоо иштеринин жүрүшү тууралуу маалымат берди. 

«Дислокация ордун Түркиянын Улуттук коргонуу министрлиги жана Башкы штабы аныктайт», – деди Түркиянын  президенти.

Анкара аймактагы чыңалууга каршы

Түрк лидери ошондой эле Анкара Эгей жана Жер ортолук деңиздериндеги чыңалуу көйгөйлөрүнө каршы экендигин белгиледи. 

«Азыркы учурда Түркиянын бургулоочу кемелери белгиленген планга ылайык Жер ортолук деңизинин чыгыш бөлүгүндө ишин улантууда. Сын жана басым көрсөтүү Түркияны белгиленген жолдон кайтууга мажбурлай албайт. Бүгүн Түркия кечээки эле позициясын карманууда», – деди Эрдоган.

Түркиянын президенти андан ары Балкан жарым аралындагы тынчтык, бейпилдик жана жыргалчылык Түркия үчүн чоң мааниге ээ экендигин айтты. «Анкара бул аймакта болуп жаткан терс көрүнүштөр менен келише албайт», – деди Эрдоган.

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз