Понедельник, Ноябрь 18

Түркиянын журналисттери өздөрүнүн көйгөйлөрүн талкуулашат

Whatsapp Odnoklassniki LinkedIn VKontakte +

Түркиянын журналисттер федерациясынын 60-жолу өткөрүлүп аткан төрагалар жыйыны 8-10-ноябрь күндөрү Стамбулда болот. Төрагалар жыйынына Түркиянын төрт бурчунан жана чет өлкөлөрдөн 100 дөн ашык журналист жана жамаат төрагалары катышмакчы.

Жыйында 3 күн бою жергиликтүү маалымат каражаттарынын маселелери талкууланат. Андан тышкары “Санариптештирилген медиа” темасындагы панель болмокчу.
Түркия Республикасынын куруучусу Мустафа Кемал Ататүрктүн каза болгон күнүнө карата эскерүү иш-чарасына да катышуу жана Стамбулдун тарыхый жерлерин зыярат кылуу пландалууда.

Жергиликтүү медианын маселелери талкууланат
Стамбулдагы жыйындын мааниси терең экенин айткан Түркиянын Журналисттер федерациясынын башкы төрагасы 3 күндүк жыйында жергиликтүү медианын проблемалары талкууланаарын айтты.
Андан тышкары жабылып калуу алдында турган гезиттердин абалы, азырга чейин мыйзамдаштырылбаган интернет медиасы жана басма сөз тармагында иштеген миңдеген журналисттер туш болгон тоскоолдуктар талкууланып, чечүү жолдору каралат. Бул багыттан караганда Стамбулдагы төрагалар жыйыны өтө маанилүү.

Санариптештирилген медиа
Программанын алкагында санариптештирилген медиа темасында панель болмокчу. Бул темада Кожаели Университетинин Коммуникация Факультетинин окутуучусу доктор Айсел Четинкая доклад жасайт.

60-төрагалар жыйыны алкагында Түркия Журналисттер федерациясы башкы төрагасы Йылмаз Каражан жана федерация төрагалары Тузла мэриясынын башчысы Шажи Йазыжы жана Пендик мэриясынын башчысы Ахмет Жинди зыярат кылышат.

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз