Түркиянын Россиядан С-400 алуусуна НАТО эмнеге кыжаалат?

Whatsapp Odnoklassniki LinkedIn VKontakte +

Экинчи Дүйнөлүк Согуштан кийин дүйнө жүзү 2 блокко бөлүндү. Түркия да чечим чыгарыш керек эле.  Варшава келишимине кирген өлкөлөргө же НАТО уюму мүчөлөрүнө кошулу керек болчу. НАТОго кирди. Ошол учурдун шарттарын карасак, коопсуздук маселелери, Советтер Союзунан келе турган коркунуч себеп болсо керек. Советтер Союзу тарап, Варшава келишими күчүн жоготкондон кийин НАТО да тарашы керек болчу. Жок, тараган жок. Тескерисинче, ишмердүүлүгүн кеңейтип, жаңы  миссияларды жана максаттарды белгиледи. Ал кандай миссия жана максаттар экенин кийинки окуялар көрсөттү. Маргарет Тэтчер “жаңы душмандын ислам экенин” айтты.

Ошентип НАТОнун душманы кызылдан жашылга (комунисттерден исламга) өзгөрдү. НАТО коргонуу альянсынан кол салуу альянсына айланды. Пентагондун көрсөтмөсү менен жалаң мусулман мамлекеттерине (Югославиядан тышкары) кол салып баштады. Акыркы 30 жылда НАТО кимдерди бомбалады? Ирак, Сомали, Афганистан, Ирак, Пакистан, Йемен, Ливия. Маргарет Тэтчердин сөздөрү барган сайын тастыкталып атты. НАТО түз мааниде АКШнын “куралдуу күчүнө” айланды. Бириккен Улуттар Уюмунун уруксаты, эл аралык укуктар жана башка эч бир эрежеге караган жок. Бомбалады, бомбалады жана бомбалап келатат.  

Бул жерде Түркия кыйын жагдайда. НАТОнун курамындагы жалгыз мусулман өлкө. НАТО иерархиялык башкарууда болгондуктан Пентагондун көрсөтмөсү менен иштейт. Түркия баш ийүүчү позицияда.

Түркияда НАТОнун 50 атомдун бомбасы бар

Түркияда НАТОнун Инжирлик аскердик базасы жайгашкан. Базада НАТОнун учактардан атылуучу 50 атомдук бомбасы бар. Буларды АКШ баш болгон НАТО Советтер Союзуна каршы колдонуу ниетинде жайгаштырган болчу. Азыркыга чейин ошол жерде турат. Атомдук бомбаларды НАТОнун курамындагы Грецияга, Румынияга көчүрүү аракеттер көрүлгөнү менен ал мамлекеттер кабыл алышкан эмес.  Ал эми аскердик база жайгашкан шаардагылардын ою менен НАТО эсептешеби? Аймактагылар атом бомбасы качан, кайда атылаарын биле албай чочулап жашап келишет. Муну менен эле масееле бүтүп калбайт…

НАТО интеграциясы

НАТО өлкөлөрүнүн баарында тең интеграцияланган, аба соккуларынан коргонуучу аба радар системалары бар. Америка өзү көзөмөлдөгөн мамлекеттердин аба мейкиндигине каалагандай кире алат.  Себеби радарлардын дос учактары жана душман учактары деп айырмалоо функциялары бар. Алар Американын учагын дос өлкө деп маалымат жөнөтөт.

НАТО учактары Түркиядагы базадан чыгып Түркиянын аба мейкиндигин колдонуп Сирияны бомбалап атканы жөнүндө маалыматтар чыгып турат.  Ошол эле учурда Инжирликтен чыккан НАТО учактары Түркияда террордук топ деп таанылган PKKга (Курдистан жумушчулар партиясы) миллиондогон долларга тете каражат жана курал-жарактарды таштап келет.  Эми элестетиңиз, сиз согушуп аткан душман топко сиздин аймагыңыз аркылуу, сиздин аймактагы аскердик базадан жардам берилип жатканын. Ал эми кыйын жагдайда жардамга келебиз деп сөз берген НАТОнун радарлары буларды душман учак катары тааныбайт. Түркиянын азырынча НАТОнун бул учактарын көзөмөлгө алуу күчү жана техникасы жок экендиги башкы себеп болсо керек.

Мамлекеттик бийликти басып алуу аракети жана НАТО

Белгилүү болгондой эле 2016-жылдын 15-июлунда Түркияда аскер униформасын кийген террордук топтор мамлекеттик бийликти басып алууга далалат кылышты. НАТО жана АКШнын көзөмөлүндөгү Инжирлик бул аракетке стратегиялык борбор болду. Төңкөрүшчүлөр НАТО менен ушул жерден байланышып жатышты.  Бир тараптан да Анкараны бомбалаган учактар Инжирликтен учуп чыккан 3 учак аркылуу күйүүчү май менен камсыздалып турган. Анкараны бомбалаган F-16 учактары НАТО жана коалициянын буйругу астында болчу. F-16 учактары Анкараны бомбалап жатканы тууралуу Американын же НАТОнун кантип маалыматы жок болсун?

Түрк сот органдары ал түнү болгон окуяларды териштирип баштады. Ошол кезде аба жолдорунда эмнелер болуп өттү билүү керек эле. Абадагы кыймылдарды көзөмөлдөгөн радардык техникалар АКШ жана НАТОнун колунда. Түркия соттору НАТОго 2016-жылдын 15-июлундагы тартылган видео маалыматтарды бергиле деп кайрылган.  НАТОнун жообу таң калыштуу эле: «системадагы радардык жазуулардын жана үн жазууларынын баары өчүп кетти”.

Ким аскердик операцияга буйрук берди? Учактардын учуусуна ким уруксат берди? АКШнын же НАТОнун ал түндөгү окуяга кандай тиешеси болгон? Деген суроолорго жооп алуу үчүн бул маалыматтар өтө маанилүү болгон.  Бирок алардын баары кайра калыбына келбей тургандай шартта өчүп кеткен.

Түркия да 15-июлдан кийин бул коркунучту сезди. НАТОнун, АКШнын жана Батыштагы айрым мамлекеттердин өзүнө карата саясатындагы коркунучту да байкады. Орусиядан абадан коргонуу системасы С-400дү алууну чечти. Бул болсо, интеграцияланган, технологиялык жактан АКШдан көз каранды НАТО системасынын ичинде экенине карабай Түркия коркунучту Батыштан көрө баштаганынын белгиси.

Түркия Россиядан С-400дү алса дүйнөдөгү геосаясий күчтөрдүн салмагы өзгөрөт деп күтүлүүдө.  Ал жөнүндө кийинчерээк өзүнчө сөз кылабыз.

Гиза Маматкулова

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз