Түркиянын С-400дү алуусунун себептери жана геосаясий жагдайлар

Whatsapp Odnoklassniki LinkedIn VKontakte +

Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган Адилеттүүлүк жана өнүгүү партиясынын Анкарада өткөн жыйынында “Биз С-400дү сатып алдык. Биз бул ишти аткардык” деп билдиргенин 12-июнда Анадолу маалымат агенттиги кабарлады. Түрк президентинин айтымында, Россиядан С-400дү сатып алуу толук чечилген жана ал маселе кайра каралбайт.

Түрк президенти ошондой эле келечекте Россия менен биргеликте абадан коргонуу системасын биргелешип жасоо боюнча да макулдашууга жетишилгенин кошумчалаган.

Ал эми АКШнын бешинчи муундагы Ф-35 аскерий учагы боюнча маселеге токтолгон Эрдоган , “Түркия жөнөкөй эле сатып алуучу эмес, ал учакты жасоодо өнөк” деп айткан.

Эрдоган учак маселеси Трамп менен Японияда боло турган Чоң 20нын саммити учурундагы жолугушууда талкууланарын белгилеген.

Кошмо Штаттар эгерде Түркия Россиянын С-400 абадан коргонуу системасын сатып алса, анда Ф-35 учагын сатпай коерун, санкция киргизерин эскертип келатат. АКШнын коргоо министринин милдетин аткаруучу Патрик Шанахан Түркиянын коргоо министри Хулуси Акарга жазган катында Ф-35 үчүн 42 түрк учкучтарын даярдоону 31-июлдан тарта токтоторун кабарлаган. Быйылкы жылы АКШга келип, Ф-35те учууну үйрөнө турган дагы 34 учкучка да АКШга келишине жол берилбесин эскерткен.

Түркия коргоо министри Акар Шанахандын катын “союздаштык эмес маанайдагы кат. Биз ага жооп даярдап жатабыз” деген.

Түркия абадан коргонуу системасына муктаж. Анткени айланасында дос эмес Израиль, атаандаш Иран сыяктуу ракеталык куралдары  өнүккөн мамлекеттер бар. Өзгөчө Израиль ядролук куралга, ал куралдарды алып жүрүүчү континент аралык ракеталарга ээ. Түркия менен Израиль бир катар регионалдык маселелер боюнча, өзгөчө Палестина боюнча карама-каршы позицияда турушат…

“Карыш-карыш сөөм-сөөм” дегендей Израиль Түркияга караганда АКШга жакын. Ал эмес көп учурларда Израиль АКШ саясатын аныктап коеру да белгилүү…

Ошондуктан Кошмо Штаттар Түркияга Пэтриот абадан коргонуу системасын сатуудан баш тарткан. Түркия аргасыздан Кытайдан мына ошондой курал сатып алууга аракет жасаган. Бирок Кытай куралынын сапаты жана параметрлери Анкараны канааттандырган эмес. Ошондуктан Түркия Россиянын С-400 системасын сатып алууга аракет жасап, ал боюнча Москва менен келишимге жетишкен. Ал эмес Россия менен келечекте С-500 системасын биргелешип өндүрүү боюнча макулдашкан.

Түркия өз алдынча тышкы жана коргоонуу саясатын жүргүзүүгө мына ушинтип өтүүсү АКШ баш болгон НАТО өлкөлөрүнө жакпай келататат. Алар бул жараянды токтотуу үчүн 2016-жылы Фетхуллах  Гүлен аркылуу мамлекеттик төңкөрүш жасашты. Тилекке жараша анысы ишке ашпады. Бирок 252 адамдын өмүрүн алды.

Кошмо Штаттар төңкөрүштүн анабашы Гүленди Түркия колуна өткөрүп берүүдө баш тартып келатат. АКШ, Израиль менен биргеликте Түркия менен чектеш Сирия аймактарында күрт жикчилдерин жана террордук уюмдарын колдоп, Түркияга өтө чоң проблемаларды жаратууда.

Түркиянын С-400 системасын сатып алуусу биринчи кезекте Израиль үчүн чоң проблема. Анткени Кошмо Штаттар биринчилерден болуп Израилге Ф-35 учактарын саткан.

Эми карап көрүңүз, эгерде Түркияда С-400 да, Ф-35 да болсо, бул куралдардын бардык сырлары жана мүмкүнчүлүктөрү Түркияга белгилүү болот. Мындай шартта Израилдин аскерий үстөмдүгү кыскарат. Анткени Израиль куралдарынын сырлары жана мүмкүнчүлүктөрү Түркияга белгилүү болуп калат. Дал ошол себептен АКШ Түркияга ультиматум коюп, же С-400 аласың, же Ф-35ти аласың деп жатат. Антип эле калбай, С-400 алсаң санкция киргизип, экономикаңды курутабыз деп жатат…

Мына ушундай басым жана кысымдарга туруштук берип, Түркия өзүнүн коргонуу жана коопсуздук саясатын улуттук кызыкчылыгына жараша жүргүзүүдө. Бул Түркиянын Эрдогандын тушунда экономикалык жактан абдан кубаттуу мамлекетке айланганынын белгиси жана далили.

 

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз