Пятница, Ноябрь 22

Тышкы карыз менен жарышкан ички карыз

Whatsapp Odnoklassniki LinkedIn VKontakte +

Азыркы мезгилге карай Кыргызстандын тышкы карызы 3 млрд.792 млн. долларга, ички карыз 659 млн. долларга жетти. Карыз өсүү жолунда.Кыргызстан калкынын саны 6 млн. ашып баратат. 3 млрд. 792 млн. доллар тышкы карызды ар бир жаранга бөлүп келгенде 632 доллардан тийет. Демек, Кыргызстандын жаш наристесинен тартып, кемпир-чалдарына чейин тыш өлкөлөргө 632 доллардан карыз…

2010-жылкы ыңкылаптан кийин өкмөт кыска мөөнөттүк баалуу кагаздарды чыгаруу аркылуу бюджет тартыштыгын жабууну өнөкөт кылып алган. Үстөк пайызы жогору жана кыска мөөнөткө алынган ички карыздарды төлөө да олуттуу маселелерди жаратып келатканы жашырун эмес. Азыркы мезгилге карай ички карыздын көлөмү 659 млн. долларга же 50 млрд. сомго жакындап баратат. Бюджетинин киреше бөлүгү грант, трансферттер менен 140 млрд. сомдун тегерегинде болгон Кыргызстан үчүн бул кандай олуттуу сан экени айтпаса да түшүнүктүү.

Быйылкы жылдын үч айында эле өкмөт 2.7 млрд сомдук кыска мөөнөттүк баалуу кагаздарды чыгарып саткан. Бул ички карыз дагы өсүп жатат дегенди билдирет.

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз