Украинада парламенттик шайлоо күнү жарыяланды

Whatsapp Odnoklassniki LinkedIn VKontakte +

20-майда кызматына киришкен Украина президенти Владимир Зеленскийдин биринчи жардыктарынын бири Жогорку Раданы таркатуу болуп калды эле. Жогорку Раданы таркатуу жардыгынан кийин мөөнөтүнөн мурда шайлоо 21-июлга белгиленди.

Азыркы кезде рейтинги жогору турган Зеленский Жогорку Радага өзүнүн партиясын алып келип, ал аркылуу өкмөттү дайындоону көздөп турат. Мына ошондо Зеленскийдин колуна эки тизгин бир чылбыр толук тийип, ал өзүнүн саясатын толук кандуу жүргүзө алат.

Владимир Зеленский учурда президенттик админстрация жана жардамчыларын дайындап жатат. 22-майда маалым болгондой, Зеленский президент администрациянын башчылыгына Андрей Богданды дайындады. Ал буга чейин украин олигархы Коломойский менен кызматташып келген юрист болгон. Президенттин биринчи жардамчылыгына Сергей Шефир дайындалды.

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз