Среда, Октябрь 23

Укук. Неберемди келиниме кантип бербей койсом болот?

Whatsapp Odnoklassniki LinkedIn VKontakte +

“Kyrgyz.news” маалыматтык сайты окурмандардан келген каттарга адистерден жооп алып берет. Балким, сизге да дарыгердин, юристтин же психологдун кеңеши керек болуп турса, бизге кат жөнөтүңүз. Биз сиздин суроого жооп алып берүүгө аракет кылабыз. Бул жолу Ош шаарынан Анара аттуу замандашыбыз кайрылып, суроо салган. Анын суроосуна юрист Кутман Медетбековдон жооп алдык.

– Уулум менен келиним эки балалуу болгондон кийин ажырашып кетишти. Экөө тең Орусияда эмгектенишет эле. Эки уулун алты айлыгынан баштап мен чоңойттум. Азыр чоң неберем мектепке барат. Аны келиним алып кетип калган. Кичинекейин “Мен карай албайм, Орусияда ишим бар”, – деп мага таштап кеткен. Эми ой-санаамдын бардыгы эле ошол кичине неберемде болуп калды. Кайсы күнү кирип келип, чоңуна окшоштуп жетелеп кетип калат деп корком. Өткөндө бир таанышым өзүмдүн атыма каттатып, өткөрүп алуу сунушун айтты. Мунун жол-жобосу кандай, өзүмдүн атыма өткөрө аламбы? Андан кийин тынчыбызды албай калабы?
Анара, Ош шаары

– Сиз небереңиздин атын, фамилиясын өзгөртүү жөнүндөгү арыз менен жарандык абалдын актыларын жазуу органына кайрыла албайсыз. КР Үй-бүлө кодексинин талаптарына ылайык, бала он алты жашка толгонго чейин мындай маңыздагы өтүнүч менен ата-эне гана кайрылууга укуктуу экендиги көрсөтүлгөн. Ошондой эле нике токтотулган учурда же нике жараксыз деп табылганда балдар төрөлгөндө алган фамилияларын сактап калышат.

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз