Зеленскийди кетирүү үчүн кол топтолууда

Whatsapp Odnoklassniki LinkedIn VKontakte +

20-майдан тарта Украина президенти кызматына киришкен Владимир Зеленскийдин кызматтан кетүүсүн талап кылган петицияга кол койгондор саны 40 миңден ашып кетти. Бул маалымат Украина президентинин расмий сайтында жарыяланды. Президенттин сайтында жарандар бийликке талап койгон же сунуш берген петиция баракча бар. Ал баракчага чыгарылган кайсы бир маселе же талап боюнча кол койгондор саны 25 миң болсо, анда бийлик аны сөзсүз кароого милдеттүү.

Зеленскийдин кетүүсүн талап кылган петиция 22-майда ачылып, бир күндүн ичинде ага кол койгондор 30 миңден ашып кеткен. 24-майга карай алардын саны 41 миңге жакындады.

Владимир Зеленский кызматка киришер замат украин парламенти Жогорку Раданы таркатуу, июль айында мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өткөрүү чечимин кабыл алды.  Бул парламенттин каршылыгын жаратты.

Зеленскийдин кадрдык чечимдери да коомчулукта карама-каршылыктуу пикирлерди жаратууда. Анын Андрей Богданды президенттик администрация башчылыгына дайындоосу сынга кабылууда. Бир жагынан Богданды дайындоо Украинанын “Люстрация” мыйзамына каршы келсе, экинчи жагынан ал олигарх Коломойскийдин юристи экени айтылууда.

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз