Пятница, Апрель 19

Зергерлер өндүрүлгөн алтындын бир бөлүгүн өлкөдө калтырууга чакырышууда

Whatsapp Odnoklassniki LinkedIn VKontakte +

Кыргызстандык зергерлер калган алтынды да Кыргызстандын ичинде алып калып, иштетүүгө чакырууда. Бирок өкмөт бир нече жылдан бери ордунан жылбай келаткан бул маселени чечүү мүмкүн болбой жатканын билдирүүдө.

Улуттук статистика комитети Кыргызстандын 2018-жылдагы тышкы соода жүгүртүүсү, импорту-экспорту, анын ичинде алтындын сатылышы боюнча көрсөткүчтөрдү толук тактап бүттү.

Комитеттин Тышкы жана өз ара соода статистика бөлүмүнүн башчысы Гүлсара Сулайманова жалпы экспорттогу алтындын үлүшү былтыр кандай болгонун “Азаттыкка” айтып берди.

“2018-жылы Кыргызстандын жалпы экспортунун 37,6% алтын түздү. Алтын буга чейин Швейцарияга жана Бириккен Араб Эмираттарына көбүрөөк сатылчу. Бирок былтыр негизинен Улуу Британияга сатылды. Андан сырткары азыраак бөлүгү Түркияга, Италияга жана Кытайга экспорттолду”,-деди ал.

Статистика комитетинин маалыматына ылайык, былтыр Кыргызстан чет жакка жалпы 16 тонна 477 килограмм 782,1 грамм тазаланган алтын саткан.

Алтындын көбү тазалангандан кийин чет жакта калган, бирок бир компания өндүргөн алтынын кайра Кыргызстанга алып кирген. Мына ушуну, башка компаниялар өлкө ичинде өндүргөн алтынды жана «Кумтөр Голд Компани» өндүргөн (16 тонна 626 кг) алтынды кошкондо жалпы 20 тонна 403 килограммды түзүп жаткан экен. Эгер мындан сыртка сатылган алтынды кемитип салсак, 3 тонна 926 килограмм алтын калат экен.

“Келдике” зергер компаниясынын негиздөөчүсү, ишкер Чыңгыз Макешов ойлору менен бөлүштү.

Биз мурдатан эле Кыргызстанда алтын боюнча өз алдынча биржа ачып, баалуу металлды ошол жерде ачык-айкын сатууну сунуш кылганбыз. Керек болсо доллар эмес, биздин улуттук валютага байлап, сом менен саталы деген да демилге көтөргөнбүз. Ошондой болгондо аны биз дагы кенен сатып алганга шарт түзүлмөк. Азыр жергиликтүү зергерлер баш-аягы өзүбүз өндүргөн алтындын 2% гана иштетебиз. Эгер алтындын баарын чет өлкөгө экспорттобой, өлкө ичинде кайра иштеп чыксак, бир килограмм алтынды иштетүү он кишини жумуш менен камсыз кылмак. Натыйжада зергерчиликте кеминде 20 миң киши иш таап алмак. Бул жаатта кайра иштетүүнү жолго коюп алсак, зер буюмдарын сатуудан мамлекет да толтура киреше тапмак. Эгер салыштыруу катары айтсак, маселен Орусиянын экономикасынын негизги бутагын “Газпром” түзсө, алтынды өзүбүз иштетсек Кыргызстандын экономикасынын негизин “Кыргызалтын” ишканасы түзүп калмак. Тилекке каршы бул ишке ашпай келатат”,-дейт ал.

Макешов түшүндүргөндөй, Кыргызстанда зергерчиликте 600дөй компания болсо, анын 550сү алып-сатуу менен гана алектенет. Башкача айтканда 50дөй гана ишкана зер буюмдарын иштеп чыгат. Алардын аздыгына, биринчиден, өлкөдө алтынды өндүргөндөр эмес, аны иштеп чыккандар кошумча нарк салыгын төлөгөнү себеп. Экинчиден, жогоруда белгиленгендей, алтын менен камсыз кылууда көйгөй көп.

Экономика министрлигинин Салык саясаты башкармалыгынын башчысы Кубан Айдаралиев төмөнкүлөргө токтолду.

“Башында биз тараптан ошондой сунуштар болгон. Бирок Кумтөр боюнча келишимдер каралып жаткан учурда алар “биз алтынды бөлбөй чогуу бир сатабыз, алсаңар баарын алгыла, болбосо Лондон биржасы аркылуу гана сатылат” деп талап коюшкан. Натыйжада ошол менен бекип калган. Эгер бөлбөй туруп алтынды толук сатып алсак, биз Лондон биржасынын баасынан арзан алган болот элек, бирок бизде Кумтөрдүн алтынын толук сатып алууга мүмкүнчүлүгүбүз жок. Себеби ал жактан өндүрүлгөн алтын, маселен, болжол менен 20 тоннасы 1 млрд 200 млн-1 млрд 300 млн доллар болуп кетет. Анын баарын биздин зергерлер иштете да албайт. Бирок бөлүп сатканга тиги келишим жооп бербейт. Тилекке каршы, Кумтөрдөн башкалары деле алып чыгып кетет, биз жок дегенде ошолорду өлкө ичинде алып калуунун аракетин көрүп жатабыз”,-дейт ал.

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз