Пятница, 22 ноября

Кой-Таштагы окуяны иликтеген мамкомиссиянын корутундусун парламент качан карайт?

0

Кой-Таш айылында ушул жылдын 7-8-августунда болгон окуяны иликтеген мамлекеттик комиссиянын корутундусу парламентке жетти.

Эске салсак өкмөт кечээ, 21-ноябрда мамкомиссия ишин аяктаганын жарыялаган. Анда белгилүү болгондой документке комиссиянын бардык мүчөлөрү кол коюшкан.

Жогорку Кеңештин депутаттары, коомдук ишмерлер, мамлекеттик кызматкерлер курамына кирген комиссия түзүлгөндөн бери комиссиянын мүчөлөрү калыс жана адилет тыянак чыгаруу максатында демилгеленген талкууларды бардык кызыкдар тараптар менен өткөрүшкөн.

Мамлекеттик комиссиянын ишинин алкагында 2019-жылдын 7-8-августунда Кой-Таш айылында түзүлгөн кырдаал тууралуу А.Ш.Атамбаевдин тарапташтары, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, ошондой эле Аламүдүн районунун жашоочулары менен жолугушуулар өткөрүлүп, маалыматтар алынган.

Мамлекеттик комиссиянын мүчөлөрү тургундар менен жолугушуу өткөрүү максатында Кой-Таш айылына да барышты. Анын алкагында алар 7-8-августта болгон окуялардын учурунда жабыркагандар тууралуу маалыматтар менен таанышып, бир катар объекттерди көрүп чыгышкан.

Белгилей кетсек буга дейре корутундуга каршы чыгып жаткан Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова да акыр аягында макул болуп кол койгон. Бирок өзү баштагы пикиринен кайтпаганын билдирүүдө.

Депутаттардын айтымында бул маселе кийинки жуманын күн тартибине коюлушу мүмкүн. Айрым комитеттерге корутунду азырынча түшө электиги да маалым болду.

Исхак Масалиевдин айтымында регламентке ылайык мындай түрдөгү документ биринчи кезекте палатанын кароосуна жөнөтүлөт, фракция жана комитеттерге каратуунун кереги жок. Анткени депутаттар корутундунун эч нерсесин өзгөртө алышпайт жана кошумчалоого да укуктары жок. Ошондуктан жалпы жыйында талкуу болот, жыйынтыгында токтом кабыл алынат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз