Дүйнө жүзү боюнча жок дегенде бир тарап мамлекет болгон согуштардын жана кагылыштардын саны 2024-жылы жаңы туу чокусуна жетти. Ослодогу Тынчтыкты изилдөө институтунун (PRIO) илимпоздору жарыяланган изилдөөгө ылайык, 36 өлкөдө 61 кагылышуу болду, бул Экинчи Дүйнөлүк Согуш аяктагандан берки эң жогорку көрсөткүч.
Соңку жылдары чыр-чатактардын саны өсүүдө, деп белгиленет изилдөөдө. 2022-жылы 56 жаңжал болсо, 2023-жылы 59. Ал эми былтыркы 61 мамлекеттер аралык жаңжалдын 11и толук масштабдуу согуш болгон. 2024-жылы эки согуш үстөмдүк кылган: Орусия-Украина согушу жана Газа тилкесиндеги 50 миңден ашык адамдын өмүрүн алган согуш .
PRIO өзүнүн Conflict Trends: Global Overview докладында 2023 жана 2024-жылдары чыр-чатактан каза болгондордун саны болжол менен 129,000ге жакын болгонун жазат. Бирок зордук-зомбулуктун деңгээли акыркы үч он жылдыктагы орточо көрсөткүчтөн кыйла жогору болгон. Жалпысынан, 2024-жыл 1989-жылы Кансыз согуш аяктагандан берки чыр-чатактардан каза болгондордун саны боюнча төртүнчү жыл болот, деп жазат PRIO.
Докладдын авторлору ошондой эле өкмөт согушуп жаткан тараптардын бири болгон өлкө ичиндеги чыр-чатактын күчөшүн кооптондуруучу деп аташат. Изилдөөлөргө ылайык, Африка согуштан эң көп жабыр тарткан өлкө бойдон калууда. Африкада 28 жаңжал катталды. Бул мурунку он жылдагыдан дээрлик эки эсе көп. Андан кийин 17 жаңжал менен Азия, он жаңжал менен Жакынкы Чыгыш, үчөө менен Европа жана эки жаңжал менен Америка турат.
Ошол эле учурда изилдөөчүлөр мамлекет катышпаган жаңжалдардын саны акыркы бир жылда бир аз кыскарганын белгилешет. 2023-жылы мындай жаңжалдардын саны 80 болсо, 2025-жылы 74кө чейин азайган. “Глобалдык зордук-зомбулуктун өсүп жаткан шартында изоляциялык обочолонуу олуттуу жаңылыштык болуп калат», -дейт институттун директору.
