“CASA-1000 долбоору — регионалдык деңгээлдеги масштабдуу долбоор, ал энергия кубаттуулуктарын жогорулатуунун жаңы барагын ачат, бүтүндөй Борбордук жана Түштүк Азия өлкөлөрүнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө түрткү берет. Мындай пикирин президент Садыр Жапаров туура 4 жыл мурда Баткен облусунун Баткен районундагы Кара-Булак айылында CASA-1000 долбоорунун алкагында жогорку кубаттуу электр мамычасынын пайдубалына капсула салуу аземинде билдирген.
Негизинен бул эл аралык долбоорго байланыштуу демилгелер 2000-жылдардын башында башталганы менен Кыргызстанда электр линияларынын тартылышы Садыр Жапаровдун учурунда 2021-жылдын апрель айында жанданган. Ага чейин далай ирет куру гана сөздөр айтылып, эч бири ишке ашкан эмес. Андан бери 4 жыл аралыгында курулуш иштери кызуу жүрүп, Кыргызстандын Датка көмөк чордонунан Тажикстандын 500 кВ Сугд көмөк чордонуна чейин узундугу 480 чакырымга жакын 500 кВ электр берүү линиясынын курулушу аяктады. Кыргызстан боюнча 1 миң 243 түркүк орнотулуп, узундугу 456 км электр берүү линиясы, ошондой эле Датка көмөк чордонунда кошумча 500 кВ уяча курулду. Аталган көмөк чордондон электр чубалгысы Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарынын калкы аз райондорунун аймактары аркылуу Тажикстандын чубалгыларына барып туташат. Андан ары Тажикстандын линиясы аркылуу электр энергиясы Афганистанга жана Пакистанга жетет. Учурда Кыргызстан долбоордун алкагында бардык иштердин көлөмүн аткарган болот.
Белгилүү болгондой, март айында президент Садыр Жапаровдун Худжанд шаарына болгон иш сапарында Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен биргеликте долбоордун негизинде ошол 500 кВ «Датка-Сугд» аба чубалгысын ишке киргизишти. Муну менен 2025-жылы Кыргызстан менен Тажикстанда долбоордун алкагында курулуш иштери аяктагандыгы белгилүү болду.
Долбоор Кыргызстан менен Тажикстандан Афганистанга жана Пакистанга жай мезгилинде электр энергиясын экспорттоого багытталып, Борбордук жана Түштүк Азиянын энергетикалык интеграциясына өбөлгө түзөрүн жана Кыргызстан үчүн жаңы экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү ачарын энергетика министри Датка — Сугд аба чубалгысын тесттик чыңалуу жүргүзүү учурунда билдирген.
«Датка-Сугд 500 кВ электр аба чубалгысынын ишке кирүүсү эки өлкө үчүн чоң жетишкендик. Аталган долбоор толугу менен ишке ашканда кыргыз энергетикасынын өнүгүүсүнө карай багыт алган жолдордун бири болот десек жаңылышпайм. Себеби, келечекте биз бул линия менен Афганистан, Пакистан өлкөлөрүнө электр энергиясын экспорттоого чоң мүмкүнчүлүк түзүлөт», — деген пикирин энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирген.
Расмий маалымат боюнча долбоор ишке киргенден кийин Кыргызстан жай мезгилинде, май айынан сентябрга чейин Пакистан жана Афганистанга 500 миллиондон 1,5 миллиард киловатт саат электр энергиясын экспорттоп турушу керек болот. Мында Кыргызстанга жылына 80 млн долларга жакын таза киреше түшөт деп маалымдалган. Долбоордун жалпы наркы 1,1 миллиард АКШ долларын түзүп, анын ичинен 200 миллион АКШ доллары донорлор — Дүйнөлүк банк, Ислам Өнүктүрүү банкы жана Европа инвестициялык банкы тарабынан каржыланган Кыргызстандын бөлүгү болуп саналаары расмий маалыматта айтылган. КР Президенттик администрациянын маалыматы боюнча CASA-1000 коммерциялык эксплуатациялоо иши бардык зарыл болгон инфраструктуранын курулушу аяктагандан соң, эки жылдан кийин башталат.
Учурда Кыргызстан менен Тажикстан тиешелүү электр линияларын куруп бүтүп, Афганистан менен Пакистанда тиешелүү иштер аткарыла электигин Кыргызстандын энергетика боюнча ардагерлер кеңешинин төрагасы, энергетика боюнча эксперт Чоробай Акунов билдирди.
«Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы линия CASA-1000 долбоорунун алкагында курулуп бүтүп ишке берилиши маанилүү окуя. Өлкө гидроэлектр станцияларды куруп экспорттук потенциялга жетебиз деп турганда Тажикстан менен Кыргызстан биригип Пакистан жана Афганистанга электр энергиясын экспорттоосу абдан маанилүү багыт. Бир жагынан «Датка-Сугд» 500 кВ аба чубалгысы Борбордук Азиядагы экспорттук чубалгы болуп эсептелип калат. Тажикстандын да электр энергия өндүрүү потенциалы жогору болгондуктан, кышында Казакстандын түштүк жагына электр энергиясы жетишпесе ошол жака же Өзбекстанга бериши мүмкүн. Кыскача айтканда, мурдагы Советтер Союзундагы Борбордук Азия боюнча бирдиктүү энерго система калыбына келип жатат деп ойлойм. “Камбар-Ата 1” гидроэлектр станциясы курулуп кала турган болсо, биз электр энергиясын экспортко чыгара алабыз. Бул долбоор менен Пакистан менен Афганистанга электр энергия берип, биз башка иштерди жасаганга насыя албай акчабызды чогултуп, өнүгүүбүзгө чоң таасирин тийгизет. Учурда Кыргызстан менен Тажикстан долбоордун негизинде электр чубалгысын куруу ишин бүтүштү. Тажикстан да Афганистанга чейинки чубалгысын тартып бүткөн. Эми Пакистан менен Афганистан линиясын кура турган болсо, биз электр энергиясын экспорттоого чоң мүмкүнчүлүк алабыз”,- деди Акунов.
Бирок, тилекке каршы учурда Кыргызстан Россия, Казакстан, Түрмөнстан жана Өзбекстандан электр энергиясынын жетишпеген көлөмүн импорттоп алып келет. Бул абалдан “Камбар-Ата 1” ГЭСин куруу менен чыгарыбызды белгилеп келебиз. Дүйнөлүк банкттын талаптарына ылайык Кыргызстан 2027-жылга чейин электр энергиясынын импортун жабуу керектиги маалым. Ошондуктан чакан ГЭСтер, күн жана шамал станциялары курулуп, кайра жаралуучу энергия булактары аркылуу кубаттуулукту көтөрүү, энергияны өндүрүү аракети акыркы жылдары активдүү жүрүүдө.
Эксперт Чоробай Акунов белгилегендей, чакан ГЭСтерден, күн жана шамал станцияларынан алынган энергия өлкөнүн ички керектөөлөрүн жаап, чоң гидроэлектр станциялардан өндүрүлгөн энергия экспортко иштеп калмакчы.
Жыйынтыгында CASA-1000 долбоору толук ишке кирсе Борбордук жана Түштүк Азия өлкөлөрүнүн кызматташтыгын бекемдеп, аймактагы туруктуу экономикалык өсүштү жана энергетикалык коопсуздукту камсыз кылууга өбөлгө түзмөкчү.