Четверг, 2 мая

Саймаитинин сыры. Кыргызстандан миллиондогон долларды сыртка чыгарган коррупциялык схема кандай ишке ашкан?

0

Түркияда белгисиз адамдардын колунан ажал тапкан кытайлык ишкер Айэркен Саймаити өлөөрүнө аз калганда өзү билген бир топ сырларды «Азаттык», Kloop и OCCRP журналисттерине ачыктап кеткени белгилүү болду. Аталган басылмалардын журналисттери кытайлык ишкерден алынган маалыматтарды иликтөөгө бир топ убакыт коротушкан. “Ишкердин билген сыры өмүрүн алып тынды” деген басылмалар аны менен маектешүүнү эми жарыялашты.

Андагы маалыматтарда Кыргызстандан чыгарылган миллиондогон долларлар жана аларга катыштыгы бар адамдар айтылган. Бажы кызматындагы коррупция жана мамлекетти тоноо менен байыган аткаминерлердин тизмеси. Элдин акчасын карактаган ири схеманын ачылышы.

Саймаити 2011-2016-жылдары Кыргызстандан 700 миллион доллар которгонун ачыктаган.
“Саймаити өзү мойнуна алгандай, ал арам акчаны адалдоочу адиске айланган. Алсак, беш жыл аралыгында кеминде 700 миллион доллардын Кыргызстандан ондогон өлкөлөргө банк аркылуу жана накталай түрдө чыгарылып кетишине жооптуу болгон. Купуялыкты камсыз кылыш үчүн банктардагы акча которуу иштери жалган келишимдерге негизделип, нак акчаны карапайым курьерлер өз акчасы катары көрсөтүп ташып турушкан. Кыргызстан дүйнөдөгү эң жакыр мамлекеттердин бири экенин эске алганда, акчанын жашыруун агымынын көлөмү таң калтырбай койбойт.

Быйыл июль айында Кыргызстандын Финансы полициясы Саймаити, анын компаниясы жана аялы жети жыл ичинде 100 миллиондогон долларды кыргыз банктары аркылуу чыгарып кетүүгө жооптуу болгонун билдирген. Ошентса да бул акча которуу иштерин кадыресе бизнес операциялары катары мүнөздөп, мыйзам бузулганы же бузулбаганы тууралуу тыянак чыгарган эмес.

Саймаити айрыкча кылдат каттап топтогон кагаздарын ушул жаз жана жай айларында четинен чыгара баштаган. Кабарчыларга болгон ишеничи арткан сайын ал көрсөткөн документтер да көбөйгөн. “Азаттык” радиосу, “Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору”жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү “Kloop” бир нече ай бою Саймаити сунуш кылган документтерди изилдеп, аларды далилдер менен бышыктоого аракет кылышты. Биргелешкен иликтөөнүн жыйынтыгы Саймаитинин башкы дооматтарынын көбүн тастыктады.

Иликтөө ырастагандай, Саймаити чет өлкөлөргө жөнөткөн акчанын көбү ушуга чейин бир да мүчөсүнүн сүрөтү ачык булактарга жарыялана элек жашыруун уйгур үй-бүлөсүнүн лидери, Кытайда төрөлгөн, 55 жаштагы Хабибулла Абдукадыр иштеткен компаниялардын түйүнүнө агылып турган”, — деп жазды “Азаттык”.

Райымбек Матраимовдун байланышы
“Азаттык” кытай ишкерден алынган маалыматтарга үңүлүп көрүп мындай каржы кылмышы “өкмөттөгү жогорку деңгээлдеги байланыштар болбосо жүзөгө ашмак эмес” деген тыянакка келген. Бул жерден Бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары айтылуу Райымбек Матраимовго басым жасалган:

“Айрыкча ушунчалык таасирдүү болгондуктан көпчүлүк кол тийгис деп эсептеген Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы чоңдорунун бири Райымбек Матраимовдун колдоосу маанилүү болгон. Абдукадырдын үй-бүлөсүнүн тапкан акчасынын орчундуу бөлүгү коррупциялашкан жетекчилердин бүтүндөй бир түйүнүнө төлөнүп турган.

Матраимовдор менен Абдукадырдын үй-бүлөсү Дубайдагы бир кыймылсыз мүлк долбоорунун биргелешкен инвесторлору экенин журналисттер таап чыгышты.

Саймаити айтып берген бири-бирин калкалоо жана коррупция түйүнү Кыргызстанда жакырланган элдин эң муктаж болгон коомдук каражатын гана карактабастан, мыйзам үстөмдүгүнө калың көлөкө түшүргөн.

Бирок анын таасири жалаң эле Борбор Азия менен чектелбейт. Саймаити ары-бери жүгүртүүгө жигердүү катышкан акчанын көбү Бириккен Араб Эмираттарындагы, Европадагы жана АКШдагы банк эсептерине жана кыймылсыз мүлк базарына агылып турган”.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз