Суббота, 27 апреля

Төңкөрүшкө белсенген Имамидин Ташовдун аркасында ким бар?

0

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети төңкөрүш аркылуу бийликти кулатууга камданып жаткан топко каршы операция өткөрүлгөнүн маалымдап, “бийликти күч менен басып алууга даярданган” деген жүйө менен Имамидин Ташов жана Тилекмат Куреновго издөө жарыялады. Бул экөөнүн жана тааныштарынын үйлөрүндө тинтүү жүргүзүлдү. Имамидин Ташовдун үйүнөн ири суммадагы акча каражаттары, кымбат баалуу унааларга жана кыймылсыз мүлктөргө тиешелүү документтер табылды. Бирок коомчулук, тинтүү учурунда табылган өзгөчө бир буюмдун Имамидин Ташов окуясында канчалык чоң мааниге ээ экенин байкабады. Анда кеп башынан болсун.

Имамидин Ташов жаш ишкер катары 2010-жылдан кийин эл көзүнө көрүнүп, анын KG Group аттуу фирмасы кыска убакыттын ичинде Кыргызстандагы таанымал курулуш компаниялардын катарына кирди. KG Group алгач Ош шаарында, андан соң борбор шаар Бишкекте “берекелүү” жер тилкелерин алып, ордуна көп кабатуу үйлөрдү куруп тез эле байып кетти. Жаш болгонуна карабастан Имамидин Ташов да ири ишкерге айланып эле тим болбостон, өлкөдөгү белдүү-баштуу меценаттардын катарына кирди. Бирок эмнегедир көпчүлүк эл KG Group жана анын ээси Имамидин Ташовдун кандайча аз убакыттын ичинде эле эбегейсиз байлыкка ээ болгонун, кантип жана кимдердин колдоосу менен “ийгиликтерге” жетишкенин байкабай калды. Эмне себептен Имамидин Ташовдун үйүн тинтүү учурунда, Түркияда 2016-жылы төңкөрүш аракетин жасаган, азыркы учурда Тилекмат Куренов сыяктуу Америка Кошмо Штаттарында жашырынып жүргөн Фетхуллах Гүлендин китеби табылганын да көпчүлүк аңдабай калды.

Чындыгында бул “жетишкендиктердин” аркасында “командалык жумуш” бар болчу. Имамидин Ташов жана анын фирмасы, кыргыз коомчулугунда “гүленчилер” жана “ФЕТО” деген ат менен таанымал уюшма топтун колдоосу менен өлкөнүн курулуш тармагына сүңгүп кирген эле. Жаш кезинен гүленчилердин тарбиясын алган Имамидин Ташов алгачкы мезгилдерде ФЕТО уюшмасы байырлаган Гамбург (Германия), Цюрих (Швейцария), Киев (Украина), Стамбул (Түркия) жана Москва (Орусия) шаарларында иштеп, ФЕТОнун капиталы менен Кыргызстанда өзүнүн бизнесин түптөгөн. Ал эми гүленчилердин Борбордук Азиядагы чордону болуп калган Кыргызстанда, Имамидин Ташовго эң чоң колдоону мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарында орночок алган ФЕТО мүчөлөрү көрсөттү. Буга мисал катары Ош жана Бишкек шаардык кеңештериндеги Фетхуллах Гүлендин жолун жолдогон айрым депутаттардын жана “Бишкекбашархитектура” жана “Кадастр” сыяктуу мамлекеттик органдардагы “гүленчилердин”, Имамидин Ташовдун колуна мамлекеттик жер тилкелерин арзан баада же бекерге бере салганын айтсак болот. 27-октябрь 2023-жылы Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарткан билдирүүгө ылайык, Имамидин Ташовго тиешелүү болгон “О” ЖЧКсы Бишкектеги кымбат баалуу жер тилкесин бала бакча салам деп алган менен ал жерге көп кабаттуу үй салып, аны сатып, акчасын түйүп алган. Бала бакчага байланыштуу бул иш, Имамидин Ташов жана гүленчилердин жүздөгөн кылыктарынын болгону бирөө гана болчу.

Имамидин Ташов гүленчилердин колдоосу менен өлкөдө сыйлуу “ишкер”, боорукер ”меценат” жана ийгиликтүү “саясатчыга” айланган болчу. Гүленчилерге караштуу болгон “Адеп Башаты”, “Элим Барсыңбы”, “Ыйык Ата-Журт” сыяктуу фонддор жана өкмөттүк эмес уюмдар Имамидин Ташовду алдыга сүрөдү. Бул “НПОлор” жана “жумшак күчтөрдүн” веб сайттарында жана социалдык баракчаларында Имамидин Ташов азыркыга чейин “үлгүлүү инсан” жана “камкор демөөрчү” болуп илинип турат. Ал эми Имамидин Ташов буга жооп кылып, гүленчилердин шылуундугу менен алынган жер тилкелерге салынган үйлөрдү сатуудан түшкөн кирешени кайра эле ФЕТОнун фонддоруна “кайрымдуулукка” жумшап турган.

Имамидин Ташовду “жалтыратууда” гүленчилерге караштуу массалык маалымат каражаттарынын ролу чоң болгон. Ташов Марал радиосунун “демөөрчүсү” катары обого чыгып, веб сайтында байма-бай сүйлөп турган. Ал эми гүленчилер уюштурган “жылдын мыктысы” конкурстарында KG Group жыл сайын “жылдын мыкты компаниясы” “болуп” турган.

Гүленчи устаттарынын “батасына” жана “ак үй-көк үйдөгү” “байкелеринин” колдоосуна ишенген Имамидин Ташов, 2020-жылдын аягында президенттик шайлоого аттанган. Жалгыз өзү мындай чоң казатка чыгууга батына алмак эмес, бирок Имамидин Ташов гүленчилердин өлкөдөгү “түйүнүнө” ишенген. Буга кошумча Ташов, шайлоодо жеңишке жетээрине көзү жетпесе да, негизги максаты эл арасында “жаш”, “таза” саясатчы катары таанылуу, чоң саясаттын босогосун аттоо жана алдыда бийлик менен соодалашууга мүмкүнчүлүк түзүү болгон.

Имамидин Ташовдун кыска убакытта көкөлөп учуусунун чоо жайына азырынча үтүр коё туралы дагы, “өрнөк ишкер” кандайча “төңкөрүшчүгө” айланганына токтололу. Алгач айта кетчү нерсе, былтыр 27-октябрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Имамидин Ташовду камакка алуусу, бул мекеменин катардагы “кустуруу” иш-чарасы болгон. УКМК Имамидин Ташовдун “бала бакча” махинациясынан башка дагы көптөгөн былыктарынан кабардар болгону баарыбызга эле түшүнүктүү болууда. Комитет элдин эсебинен байыган башка курулуш компанияларын кандай “сааса”, Имамидин Ташовду да ошондой “саады”.

Буга кошумча дагы бир маанилүү жагдайды көз жаздымда калтырбайлы. УКМКнын Имамидин Ташовго карата жүргүзүп жаткан иш-чаралары, өлкөбүздөгү гүленчилердин уюгуна карата жүргүзүлүп жаткандай каралбашы керек. Имамидин Ташовдун төңкөрүш аракети, ФЕТОнун Кыргызстандагы төңкөрүш аракети болбогонун унутпаш керек. Имамидин Ташов жеке өзүнө тиешелүү болгон ресурстарды колдонуу менен төңкөрүш жасоого аракет кылды. “Каралардын” кызматын өзүнө караштуу батирлер менен төлөгөнгө аракет жасаганы муну көрсөтүп турат.

Имамидин Ташовдун гүленчилерге аябай көп “эмгеги сиңгени”, ал эми ФЕТО болсо, аны колдоп, каражат берип, “көкөлөткөнү” чын. 2010-жылдан бери гүленчилер Имамидин Ташовго жалгыз эле жогоруда айтылган бала бакчага тиешелүү жер тилкесин алып берген эмес да?! Көптөгөн иштерди чогуу жасашкан, көптөгөн “проекттерди” чогуу ишке ашырышкан. Бирок Ташов “өзүнүн төңкөрүшү” менен жападан жалгыз калды. Анткени Фетхуллах Гүлен жана анын империясы катардагы мүчөсү үчүн системанын бардыгын эч качан тобокелге салбайт. Имамидин Ташов алар үчүн империяга “кызмат” кылган, империянын чоңоюусу үчүн колдонулган катардагы “ишкер” болуп эсептелинет. ФЕТОнун Борбордук Азиядагы куратору Орхан Инандыны түрктөр “илип” кеткенде Кыргызстанда төңкөрүш жасабаган ФЕТО эч качан Имамидин Ташов үчүн мындай тобокелчиликке барбайт.

ФЕТО кайсыл учурларда төңкөрүш жасай турганын 15-июль 2016-жылы Түркияда болгон окуялар көрсөткөн. Качан гана саясаттан, экономикадан, билим берүү жана маданият тармагынан, дин чөйрөсүнөн, өзгөчө мамлекеттик мекемелерден жана күч органдарынан, деги эле мамлекеттик түзүмдөн гүленчилерди тазалоо аракети башталса, ошондо гана Фетхуллах Гүлен уюшмасы төңкөрүшкө белсенет. Болбосо, байлыгын топтоону улантып жатса, бийлик бутактарына тамыр жайган өздөрүнүн кишилери иштеп атса, фонддордон, ишкердик бирикмелерден, медиа уюмдардан, жеке менчик мектептерден жана башка көптөгөн киреше булактардан куралган Кыргызстандагы “заводу” иштеп атса ФЕТО эмне үчүн төңкөрүш жасасын?!

Андыктан Имамидин Ташовдун айланасында болуп жаткан бул окуядан ФЕТОго “кызмат” кылган башка “ишкерлердин”, “саясатчылардын”, “мугалимдердин”, “молдолордун”, “ырчы-чоорчулардын”, деги эле “байке”, “эжейлердин” сабак алчу жайы бар. Найман-Эненин Жоламанындай  кылып өз эл-жерине кыянаттык кылчу жолго салган бул уюшмадан алыс болушсунчу деги.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз