Четверг, 21 ноября

Түркиядагы шайлоодон алчу үч сабак

0

Эрдоган жана анын Адилеттүүлүк жана өнүгүү партиясы 2002-жылы бийликке келгенден кийин Түркиянын геосаясий аренадагы орду чоң өзгөрүүлөргө дуушар болду. Түркия 1999-жылы башталган Европа Биримдигине кирүү мүдөөсүнөн кайра тарпаса да, Евпопа өлкөлөрүнүн таасиринен арылууга аракет жасай баштады. Өзгөчө АКШнын мойундуругунан чыгууну көздөдү түрк бийлиги.

Эл аралык валюта фондунун каржы барымтасынан кутулууга камынып, ал уюмга болгон карыздарын толугу менен төлөдү. Ал эле эмес, Эл аралык валюта фондуна карыз берген деңгээлге жетти. Экономикалык көрсөткүчтөр мурда болуп көрбөгөндөй өсүп, элдин жашоосу жакшырды. Ички дүң өндүрүү төрт эсеге өстү.

Экономикалык жактан жалгыз эле Батышты карабастан Чыгыштагы өлкөлөр, анын ичинде Орусия жана Кытай менен соода алакаларын көбөйттү. Катар мамлекети сыяктуу Арап өлкөлөрү менен мамилелерин жакшыртты.

Түрк бийлиги коопсуздук маселесинде да орчундуу кадамдарды таштады. Коргонуу өнөр жайын жаңылап, өзүнүн учкучсуз аппараттарын, учактарын, танктарын, абадан коргонуу системалараны, кемелерин жасады. Эрдогандын тушунда Түркия курал-жарак экспорттогон өлкөгө айланды. “ПКК”,  “Ислам мамлекети” сыяктуу жикчил террордук топторго каршы катуу күрөш жүргүздү. Аталган террордук уюмдарды Түркиянын сыртына чыгууга мажбурлап эле тим болбостон, алардын Сирия, Ирактагы лагерлерине да аскерий операцияларды жүргүздү.

Жыйырма жылдын ичинде Түркия дүйнөдөгү мусулмандардын таламын талашкан өлкөгө, Эрдоган болсо, зулум көргөн мусулмандардын укугун талашкан лидерге айланды. Палестина элинин укуктарын коргоого, уйгурларга карата жасалган зулумдарды токтотууга аракет кылып, мусулмандарга тиешелүү болгон маселелерде АКШ, Израиль сыяктуу мамлекеттерге моюн толгоду. Эрдоган жана анын өкмөтү, өздөрүнө ички жана тышкы саясатта эч кандай пайда алып келбесе да, керек болсо шайлоочуларынын азайуусуна себеп болсо да, миллиондогон сириялык качкынга Түркиянын кучагын ачты. Расмий маалыматтарга ылайык Түркияда баш калкалаган сириялыктардын саны беш миллиондон ашты.

НАТОго мүчө болгонуна карабастан Орусия жана Кытай менен алакасын жакшыртып, ШКУ, ЖККУ сыяктуу эл аралык уюмдарда да өз ордун табууга аракет кылды.

Түркиянын геосаясий аренадагы жүрүштөрүнүн эң маанилүүлөрүндөн бири түрк дүйнөсүндөгү алакаларды жакшыртуу жана түрк мамлекеттери чогуу түптөгөн эл аралык уюмдардын деңгээлин жогорулатуу болду. Түрк мамлекеттери менен соода-экономикалык мамилелерди чыңап эле тим болбостон, Борбордук Азия өлкөлөрү сыяктуу Орусияга көз каранды түрк мамлекеттеринин өз ара биримдигин бекемдөөгө өзгөчө көңүл бурду. Түрк өкмөтү Түрк Кеңешинин Түрк мамлекеттер уюму катары түзүлүшүндө, бул уюмдун геосаясий күч катары калыптанышында чоң жоопкерчиликти алды. Түрксойдун ишмердүүлүгүн колдоп, Түрк академиясы сыяктуу уюмдарды түптөөдө алдыңкы сапта болду. “Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары” сыяктуу түрк өлкөлөрү тарабынан демилгелеген иш-чараларды колдоду.

Түркиянын өз алдынча геосаясий күч катары калыптануу аракети, бир кылымдан ашуун убакыттан бери өлкөнү ноктолоп, ички жана тышкы саясатына багыт берип келген Батыш мамлекеттерине жага бербеди. Тескерисинче Түркияны көзөмөлүнөн чыгарып алуудан кооптонду.

Батыштын Эрдоганды алмаштыруу аракети 2015-жылдан тарта күч алды. Алгач 2015-жылдын декабрь айында, андан соң 2016-жылдын июль айында түрк бийлигин оодаруу аракети жасалды. 1999-жылдан тарта АКШнын Пенсильвания штатында жашырынып жүргөн Фетхуллах Гүлен жана ал түптөгөн мафиялык түзүмдү колдонуу менен Эрдогандын бийлигин төңкөрүү аракети көрүлдү. Бирок түрк элинин колдоосу жана түрк бийлигинин эрки төңкөрүшчүлөрдү жеңүүгө жетти.

15-июль 2016-жылкы төңкөрүш аракетинен болжол менен 2 жыл өткөн соң, тагыраагы 24-июнь 2018-жылы Түркияда азыркыдай эле президенттик жана парламенттик шайлоолор чогуу өттү. Бийликтеги Адилеттүүлүк жана өнүгүү партиясы (АКР) менен Улутчул кыймыл партиясы (MHP) альянс түзүп шайлоого катышты. Оппозиция болсо, Республикалык элдик партия (CHP), Ийи партия (İyi Parti), Саадет партиясы жана Демократ партия (DP) болуп өздөрүнчө альянс катары шайлоого катышты. Күртөрдүн кызыкчылыгын колдогонун жар салган Элдердин демократиялык партиясы (HDP) болсо, эч бир альянска кирбестен шайлоого өз алдынча катышты.

Президенттик шайллого болсо, алты талапкер катышты. Адилеттүүлүк жана өнүгүү партиясы (АКР) менен Улутчул кыймыл партиясынын (MHP) альянсы Режеп Таййип Эрдоганды, солчул Республикалык элдик партия (CHP) Мухаррем Инжени, күрт улутчулдардын партиясы катары белгилүү Элдердин демократиялык партиясы (HDP) Селахаттин Демирташты, улутчул Ийи партия (İyi Parti) Мерал Акшенерди, динчил шайлоочулар колдогон Саадет партиясы (SP) Темел Карамоллаолуну, ал эми Мекен партиясы (Vatan Partisi) Догу Перинчекти талапкер катары сүрөдү.

Оппозициянын мындай чачыранды абалда шайлоого катышуусу жана өлкөдөгү ошол мезгилдеги социалдык-экономикалык абалдын туруктуулугу бийликтин шайлоодо жеңип чыгуусуна шарт түздү. Парламенттеги 600 орундун 344үн бийликтеги альянс алды. Ал эми президенттик шайлоодо болсо, Эрдоган 52,5 пайыз (Мухаррем Инже 30,6, Демирташ 8,4, Акшенер 7,3, Карамоллаолу 0,9, Догу Перинчек 0,2) добуш менен жеңип чыкты. Бирок алдыда Эрдоган өкмөтүн күтүп жаткан жергиликтүү шайлоолор бар болчу.

Түркияда 31-март 2019-жылы өткөн жергиликтүү шайлоолордо оппозициянын талапкерлери көптөгөн шаар, район жана айылдарда жеңишке жетишти. Эң маанилүүсү, Стамбул менен Анкарада оппозициянын талапкерлери Мансур Яваш менен Экрем Имамоглу алдыга чыгып, Түркиянын эң чоң эки шаарында “эки тизгин бир чылбырды” колдоруна алды. Түркиянын Жогорку шайлоо комиссиясы тарабынан Стамбулдагы шайлоонун жыйынтыгы “шайлоо комиссиясынын курамына тиешеси жок кишилердин кирип алганынан улам” жокко чыгарылса да, Экрем Имамоглу 4-июнда өткөн кайра шайлоодо бийликтин талапкери, президент Режеп Таййип Эрдогандын досу Бинали Йылдырымды дагы бир жолу озуп, 15 миллион эли, миллиарддаган каражаты бар Стамбулга жетекчи болуп калды. Бирок, көптөгөн мамлекеттин жана элдин түшүнө да кирбеген мындай эркин шайлоо жана саясий күрөшкө карабастан өлкөдөгү оппозиция жана аларды колдогон Батыш өлкөлөрү, Түркиянын жетекчилигин сындап, президент Режеп Таййип Эрдоган оппозицияны басымга алат деп каралоону улантты.

Оппозициянын 2019-жылдагы жергиликтүү шайлоодо белгилүү бир деңгээлде ийгиликке жетүүсү, бийликти чочулатты. Ал эми мындай жеңиш оппозицияны, 2023-жылга мерчемделген парламенттик жана президенттик шайлоолорго катуу даярданууга шыктандырды. Оппозиция менен катар Түркиядагы бийликти алмаштырууну максат кылган “үчүнчү күчтөр” да 2023-жылы өтө турган чечүүчү шайлоого даярдана баштады.

2019-жылдын аягында башталган коронавирус пандемиясы жана анын натыйжасында өкүм сүргөн глобалдык экономикалык кризис дүйнө жүзүндө көптөгөн өлкөдө бийликтин алмашуусуна себеп болду. Пандемия Түркиядагы социалдык жана экономикалык абалды да оорлоштурду. Коронавирус пандемиясына байланыштуу киргизилген чектөөлөр түрк экономикасынын өндүрүш, туризм, кызмат көрсөтүү сыяктуу секторлоруна сокку урду. Натыйжада Түркиянын өзүнүн аймагында эң чоң үлүшкө ээ болгон экспорттук көрсөткүчтөрү азайып, эң көп киреше тапкан туризм сектору тарыхта болуп көрбөгөндөй жоготууга учурады.

2002-жылдан 2019-жылга чейинки жасаган жумуштарынын мөмөлөрү пандемиянын терс таасирлери менен күрөшүүдө түрк бийлигине жеңилдик алып келди. Ондогон шаарда курулган шаардык ооруканалар жана реформаланган саламаттыкты сактоо системасы пандемияга туруштук бере алды. Түрк илимпоздорунун коронавируска каршы “Turkovak” вакцинасын ойлоп табуусу Түркиянын саламаттыкты сактоо системасындагы ийгиликтин көрсөткүчү болду. Өлкөдөгү финансылык-экономикалык жетишкендиктер, пандемия учурунда жана пандемиядан кийин бизнес чөйрөсүнө керектүү колдоо көрсөттүгө өбөлгө болду.

2021-жылдын аягынан баштап түрк өкмөтү экономикалык өсүүгө карай багыт алды. Өндүрүш көбөйүп, экспорттун деңгээли рекорддук чекке жетти. Кара деңизде жаратылыш газынын кору, өлкөнүн түштүк-чыгышында мунай кору табылып энергетикалык көз-карандысыздыкка карай багыт алынды. Өлкөнүн алгачкы улуттук унаасы TOGG жасалып чыкты.

2022-жылдын башында пандемиядан кийинки экономикалык өсүшкө тоскоол болчу дагы бир глобалдык жагдай пайда болду. 24-февралда башталган Орусия-Украина согушу, Түркиянын тышкы соодасына түздөн-түз терс таасирин тийгизди. Түрк өкмөтү согуштун кесепеттери менен да ийгиликтүү күрөшө алды. Түркиянын Украина-Орусия согушун токтотууга болгон ортомчулук аракети болсо, эл аралык деңгээлде өзгөчө бааланды. Эки тарапка тең бирдей мамиле кылуу менен Түркия дан экспорту келишимине жетишти. Эрдоган жана анын бийлиги, согуштун масштабдуу азык-түлүк кризисине себеп болбоосу үчүн маанилүү миссияны аткарды.

Пандемия жана Орусия-Украина согушу сыяктуу глобалдык көйгөйлөрдүн Түркияга тийгизген таасиринен кутулууга аракет кылып жаткан Режеп Таййип Эрдоган жетектеген түрк бийлиги чечүүчү шайлоого үч ай калганда эбегейсиз чоң сыноого дуушар болду.  Бийликтин шайлоого карата даярдыгына эң чоң зыянды 6-февраль 2023-жылы болгон жер титирөө алып келди. 50 миңден ашык жаран курман болуп, 100 миңден ашууну жаракат алды. Зилзала Кахраманмараш баш болуп 9 областын инфраструктурасын, социалдык-экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кыйратты. Мындай чоң апаат түрк оппозициясынын бийликке жетүү тилегин мурдагыдан да бекемдеди.

Бирок түрк өкмөтүнүн мүмкүнчүлүктөрү бул апаат менен да күрөшүүгө жетти. Эл аралык коомчулуктун колдоосу менен издөө-куткаруу жумуштарын жүргүзгөн соң, аймакты кайра куруу жана элге мурдагыдай кызмат кылууну баштады. Айыл тургай шаарларды көчүрүү жумуштары жасалды. Аз убакыттын ичинде жолдор, ооруканалар курулду. Зилзаладан жабыр тарткандарга финансылык көмөк көрсөтүлүп, салык жана башка төлөмдөр боюнча жеңилдиктер киргизилди. Бир айдын ичинде 100 миңге жакын турак жайдын курулуш иштери башталды. Ал эми апрель айынын аягындага маалыматка ылайык, курулуп жаткан үйлөрдүн саны 200 миңден ашты.

Пандемия, дүйнөлүк экономикалык кризис, согуш жана жер титирөө оппозицияны бийликти өз колууна алуу кыялына жакындатты. Оппозициялык топтор Эрдоган өкмөтүн сындап эле тим болбостон, чечүүчү шайлоого карата уюша баштады. Оңчулу, солчулу, ортодогулары болуп шайлоого чогуу даярданды.

¨AKP”, ¨MHP”, ¨BBP” сыяктуу партиялардан турган бийликчил “Cumhur” альянсына каршы “Millet” оппозициялык альянсынын мүчөлөрүнүн саны өстү. Эң негизгиси, бийликчил “Cumhur” альянсы оңчул партиялардан куралган болсо, оппозициялык “Millet” альянсы оңчул, солчул, улутчул, динчил сыяктуу карама-каршы идеологиялык негизге ээ болгон партиялардан куралды. Мындай көрүнүш оппозициялык партиялардын принципиалдуу идеологиялык позицияга ээ болбогондугун, негизги максат Эрдогандын бийлигин оодаруу экенин көрсөттү.

Оппозициячыл топторго эң чоң колдоону Батыш өлкөлөрү көрсөттү. Батыш мамлекеттери, жогоруда айтылгандай “моюн толгогон” Эрдоганды кетирүү үчүн оппозицияга ачык эле колдоо көрсөттү. АКШ президенти Джо Байден “Эрдоганга каршы оппозицияны колдойбуз” деп айтты. Батыш империализминин маалымат булагы болуп эсептелген Англиянын “The Economist” журналы “Эрдоган кетиши керек” деген макала жарыялады.

Эрдоганды бийликтен алып түшүү үчүн оппозиция маалыматтык талаада болгон күчүн жумшады. Бул максатта үгүт-насаат жүргүзүп, ыплас ыкмаларды колдонду. Чет өлкөдөгү ар түрдүү фонддор жана түркүн уюмдар колдоо көрсөткөн оппозициячыл массалык маалымат каражаттары, Эрдоган жана анын өкмөтүнө карата чабуул жасады. ¨Sözcü”, ¨Cumhuriyet”, ¨Milli Gazete”, ¨Yeni Asya” сыяктуу гезиттер дезинформация үгүтүн айоосуз жүргүздү. ¨Halk TV”, ¨Mesaj TV”, ¨KRT TV”, ¨TELE 1”, ¨TV5”, ¨FOX TV”, ¨FLASH TV” сыяктуу оппозициячыл телеканалдар активдүү иш алып барды.

Оппозицияга Батыштын мындай колдоосун Эрдогандын шайлоодого атаандашы Кемаль Кылычдароглу да мойнуна алды. Кылычдароглу бийликке келгенде Батыш менен мамилени жакшыртып, Англиядан 300 миллиард доллар акча алаарын жар салды. Эрдогандын Батыш менен Чыгышка карата жүргүзгөн тең салмактуу саясатын сындап, Түркиянын эң чоң соода-экономикалык өнөктөшү Орусияга каршы чыкты. Тагыраагы оппозиция, Эрдогандын Түркиянын кызыкчылыгына дал келген бардык тараптар менен иштешүү саясатын таштап, мурдагыдай Батыштын жетегине кирүүгө даяр болду.

Жогоруда айтылгандай 6-февралдагы жер титирөөдөн кийин түрк бийлигине карата сын-пикирлер көбөйдү. Жарандар апааттын мынчалык чоң болушуна биринчи кезекте бийликти күнөөлөдү. Жер титирөө Эрдоган өкмөтүнүн шайлоону кийинкиге калтыруусуна толук негиз болуп бермек. Бирок Эрдоган жетектеген түрк бийлиги шайлоодон качкан жок. Шайлоону 14-майда өткөрүү чечимин кабыл алды.

14-май 2023-жылы Түркияда парламенттик жана президенттик шайлоо өттү. Парламенттик шайлоонун жыйынтыгы төмөндөгүдөй болду:

Адилеттүүлүк жана өнүгүү партиясы (АКР) 35,61% (268 орун)

Республикачыл элдик партия (CHP) 25,33% (169 Орун)

Улутчул кыймыл партиясы (MHP) 10,07% (50 Орун)

Ийи партия (İYİ PARTİ) 9,68% (43 орун)

Жашыл солчул партия (YSP) 8,82% (61 орун)

Кайрадан рефах партиясы (YR) 2,81% (5 орун)

Түркия жумушчу партиясы (TİP) 1,73% (4 орун)

Мындай жыйынтык, 21 жылдан бери өлкөнү башкарып келген Адилеттүүлүк жана өнүгүү партиясына түрк элинин көпчүлүгү дагеле ишенээрин көрсөттү.

Ал эми президенттик шайлоого катышкан төрт талапкерден бирөө да добуштардын 50 пайызынан көбүн ала алган жок. Режеп Таййип Эрдоган 49,52, Кемаль Кылычдароглу 44,88, Синан Оган 5,17, Мухаррем Инже 0,43 пайыз добуш алды. Мунун натыйжасында Түркиянын тарыхында алгачкы жолу президенттик шайлоо экинчи турга калды.

Шайлоонун мындай жыйынтыгы талапкерлердин бирөөнө да жараган жок. “Биринчи турда 55 пайыздан көп добуш алып жеңип чыгабыз” деген оппозиция өз максатына жетпегендей эле, “биринчи турда ишти бүтүрбөсө, экинчи турда оппозиция биригип кетет” делген Эрдоган да жеңе албады. “Эрдоган күчкө салып болсо да, жогорку упай топтоп жеңип чыгат” деп божомолдогондордун да айткандары ишке ашпады. Бул жолу да мурдагыдай эле шайлоолор таза өтүп, бардык тараптар шайлоонун жыйынтыгын тааныды.

Президенттик шайлоонун экинчи турунда атаандаштык күчтүү болду. Шайлоодо экинчи орунду алган түрк улутчулдарынын талапкери Синан Огандын кимди колдоору кызык болуп турду. Шайоонун биринчи этабына чейин күрт шайлоочулардын добушунан үмүт кылып, күрт жикчилдердин анабашы Абдуллах Өжаланды эркиндикке чыгарабыз деген күчтөр менен эриш-аркак болгон оппозициянын талапкери Кемаль Кылычдароглу, тез эле түрк улутчулдарынын сөзүн сүйлөй баштады. Синан Огандын шайлоодогу өнөктөшү Үмит Өздаг менен келишим түзүүгө жетишти. Бирок Кемаль Кылычдароглунун буга жейин жикчил күрттөр менен болгон мамилесин эске алган Синан Оган шайлоонун экинчи турунда Эрдоганды колдой турганын айтты. Натыйжада, 28-майда өткөн президенттик шайлоонун экинчи турунда добуштардын 52,18 пайызын алган Эрдоган жеңүүчү деп табылды.

Макалабыздын аягында Түркияда өткөн бул шайлоолордон кандай сабак алышыбыз керек экенине токтолуп өтсөк:

  1. Саясий принципиалдуулук маанилүү

Саясий максаттарга принциптерден алыстоо же болбосо эч кандай принципти карманбай туруп жетүү мүмкүн эмес. Саясатчылар жана сасий уюмдар, өздөрү кармаган принциптерди жана баалуулуктарды таштап койуусу туура эмес. Эл, тагыраагы шайлоочулар туруктуу саясий принциптерге ээ саясатчыларды гана колдойт. Мисалы, оппозициянын талапкери Кемаль Кылычдароглу башынан эле кандай гана саясий күч болбосун колдоосун алуу үчүн алардын шарттарына көндү. Бийликке жетүү үчүн аны колдогон Республикалык элдик партиянын принциптеринен алыстады. Солчул партия катары Сириядан келген качкындарга карата түз көз карашта болуусу керек болгон Республикалык элдик партиясы жана анын талапкери, улутчулдардан да аша чаап Сириялык көчмөндөргө жана качкындарга каршы болгон позицияны карманды. Күч менен болсо да 5 миллиондон ашык качкынды бир жылдын ичинде өлкөдөн чыгаруу убадасын берди. Ошондуктан, саясатчылар өз максатына жетүү үчүн ким менен болсо да биригип кете бериши убактылуу пайда алып келсе да, эл көбүнесе туруксуз саясатчыларды жактырбайт.

  1. Бийликтин жетишкендиктерин баалай билүү керек

Бийликке талапкер болуу, бийлик буга чейин жасаган жакшы жана ийгиликтүү нерселерди чануу же бийлик жасаган нерселердин тескерисин жасоо дегенди түшүндүрбөйт. Эл бийликтин кемчиликтерин оңдой турган талапкерди көргүсү келгендей эле, бийликтин жетишкендиктерин уланта турган саясий күчтөргө да добуш берет. Мисалы, Кемаль Кылычдароглу Эрдоган өкмөтүнүн тышкы саясаттагы жетишкендиктерин түп тамырынан бери танып, Түркиянын Батыш менен Чыгышка карата тең салмактуу саясатын өзгөртүүгө белсенди. Батыш менен гана алаканы жакшыртып, Орусияга каршы болуу менен Кылычдароглу, Батыштын мусулман өлкөлөргө карата жасаган адилетсиз мамилесин унутпаган шайлоочулардын добушунан кол жууду. Андыктан, оппозициялык күч же оппозициялык талапкер болууда да оңой олтоң иш эмес. Эрдоган “Түркиянын кылымы” аталышында глобалдык масштабга ээ проектисин сунуштап жатса, Кемаль Кылычдароглу Эордгандын бийлигин сындоо менен гана чектелип калды.

  1. Үчүнчү күчтөр менен тыгыз мамиледе болуу кооптуу

Шайлоодо акыркы сөздү дайыма эл сүйлөт. Элдин пикири менен эсептешпестен, ички жана сырткы күчтөр менен тыгыз мамиле түзүү көбүнесе ийгиликке алып барбайт. Ички жана сырткы күчтөр канчалык күчтүү болсо да, алардын колдоосу менен дайыма эле жеңишке жетүү мүмкүн эмес. “Кандай жол менен болсо да Эрдоганды кетирүү керек” деген Батыш менен Кемаль Кылычдароглунун тыгыз мамилеси элге көп жаккан жок. Кемаль Кылычдароглу Батыштын колдоосун алып эле тим болбостон, Батыштын колдоосун алганына мактанып атты. Кайсыл шайлоочу болсо да, үчүнчү күчтөргө көз каранды болбогон талапкерге добуш берет эмеспи. Өзгөчө эгемендүүлүк рефлекси күчтүү түрк эли сырткы күчтөргө байланган талапкерди тандамак эмес.

Бектемир Орунбаев

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз