Суббота, 27 апреля

Эмне себептен «Сапат» лицейлеринин окуучулары бири-бирин бычактады?

0

Ушул жылдын 9-июнунда Бишкектин Ботаникалык багында “Сапат” эл аралык билим берүү мекемесине караштуу лицейлердин балдары мушташып, бычак жеген 16 жаштагы окуучу каза болгон. Ал эми 13-июнь күнү лицейдин 9-классынын бүтүрүүчүсү өз жанын кыйган. Мушташка “Сапат” билим берүү мекемесинин Кара-Балта жана Бишкек шаарындагы лицей окуучулары катышкан.

Милициянын маалыматына ылайык шектүү катары кармалган 16 жаштагы өспүрүм Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Октябрь райондук соту болсо, шектүүнү эки айга Чүй облусунун Вознесеновка айылындагы №14 түзөтүү мекемесине камоо түрүндөгү баш коргоо чарасын тандаган.

Өзүн Кыргызстандагы алдыңкы мектеп катары көрсөткөн “Сапат” мектептеринде эмне себептен мындай окуялар болуп жатканы көпчүлүктү таң калтырып жатса керек. Бирок бул мектептердин негизги максаты балдарды акылдуу жана тартиптүү кылып тарбиялоо эмес, балдардын эсебинен миллиондогон каражат топтоо экени жашыруун эмес. Бир ууч баланы гана окутуп, аларды өздөрү уюштурган олимпиадаларга катыштырып, элге жеңүүчү кылып таанытып, ал эми калган окуучуларды киреше булагы катары гана колдоноору белгилүү. “Сапат” мектептеринин алгачкысы Кыргызстанда 90-жылдары ачылган болсо да, бул мектептерди азыркыга чейин канча окуучу бүтүргөнү, булардын канчасы ийгиликке жетип, канчасы орто жолдо калганы белгисиз.

“Сапат” мектептери АКШда бозгунда жүргөн Фетхуллах Гүленге тиешелүү экени, мектептерден түшкөн киреше Гүлендин түзүмүнүн гүлдөп өсүүсү үчүн жумшалаары да маалым.

Кыргызстандагы “Сапат” мектептери жарым жартылай мамлекетке өттү деп айтылса да, бул мектептердин башкаруусуна мамлекет, ошол эле Билим берүү жана илим министрлиги канчалык катышып жатканы белгисиз. Эң негизгиси, мамлекет бул мектептерге орток болгон болсо, анда түшкөн кирешеге да орток болушу керек эле. Байлардын жана саясатчылардын балдары окуган, жылына миллиондогон доллар пайда тапкан  “Сапат” мектептерине түшкөн кирешеден мамлекеттин казынасына канчасы түшүп жатканы белгисиз.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз