Суббота, 27 апреля

Мурдагы саламаттык сактоо министри Т. Батыралиев бөйрөккө бөлүнгөн 107 млн. сомду жеп койгонбу?

0

КРнын УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы мурдагы саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиевге кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга шектелип жаткандыгы боюнча билдирүүнү тапшырды.

УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын материалдары боюнча гемодиализ ыкмасы менен V стадиядагы өнөкөт бөйрөк оорууларга медициналык жардам берүү үчүн жабдыктарды сатып алуу каралган КРнын “Мамлекеттик сатып алуулар тууралуу” Мыйзамынын талаптарынын бузулган фактылары боюнча кылмыш иши козголгон. Бул тууралуу УКМКнын коомчулук жана ММК менен байланыш кызматы билдирди.

Аталган факты боюнча аудит жүргүзүү белгиленген. КРнын Эсеп палатасынын текшерүүсүнүн натыйжасында мамлекеттин кызыкчылыгына 107 млн. сом суммасында зыян келтирилгендиги аныкталган.

Бул жагдайга байланыштуу 7-февралда КРнын мурдагы саламаттык сактоо министри Т. Батыралиевге КРнын Кылмыш кодексинин 320-беренесинин 4-бөлүгүн (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 322-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктуна (Ыңгайсыз келишимди билип туруп түзүү)  ылайык кылмыш жасоого шектелгендиги маалымдалды.

Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз